Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

Туура бир ай мурдагы Чарбак чатагынан кийин аткарылып жаткан иштер тууралуу Чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов ой бөлүштү.

- Баткендеги Чарбак айылы менен Өзбекстандын Сох анклавынын чегине тосмолорду орнотуу, зымдарды тартуу иши башталганы кабарланган эле. Бүгүнкү күнгө карата канча жер тосулду? Дагы канчасы тосулат?

- Эми бул иш жаңы эле башталып жатат. Азыр өкмөт такталган Сохтун тегерегиндеги чек араны тосолу деп чечим кабыл алды. Бардыгы кеминде 140 чакырым экен. Ошонун 86-87 чакырымы гана такталыптыр.

Чарбак эли кайрылгандыктан Чек ара кызматы өзү чек араны тосуу боюнча иш алып барууда. Коңшу мамлекеттин бийлиги, Чек ара кызматы менен сүйлөштүк. Чарбак айылынан бир-эки чакырымдай аралык бар экен. Бул жерди тосуу жумуштары башталды.

Чарбак айылы, 16-январь.

Чарбак айылы, 16-январь.

Өкмөт ошол жерге, анклавдын тегерегине 90 миллион сом бөлдү. Бул Курулуш агенттигине тапшырылды. Алар тиешелүү жумуштарды баштап, менимче, жакынкы арада башка региондордогу такталган жерлерди да тосуу, инженердик-техникалык курулуш иштерин жүргүзөт.

- Чек ара зымдарын тартууга Өзбекстан кандай шартта макул болду? Бир гана Кыргызстан тарабы тосулуп жатабы?

- Кыргызстан тарабы эле тосулуп жатат. Мурда Өзбекстан айрым тилкелерде тосмолорду орнотподу беле. Биздин акыркы сүйлөшүүлөрдө өзбек тарап «бул тосмолорду ал десеңер алып салалы, бирок делимитация жана демаркация боюнча сүйлөшүүлөр бүтсүн, эгер анын жыйынтыгында торлор Кыргызстандын аймагында болуп калса, биз силерге бекер эле өткөрүп беребиз»,-деп билдирди.

"Жаңы тосмолорду орнотпой, ошол торлорду пайдалана берсеңер, же болбосо сындырып деле салсаңар болот" деген сунушту айтышты. Эми ал жерге жете элек болгондон кийин ал торлорго тийишкен жокпуз. Бирок биздин негизги максат эл кайрылып сурагандан кийин Сохтун айланасындагы такталган жерлерди тосуу болуп саналат. Тактоо боюнча Курбанбай Искандаровдун комиссиясы иштеп жатат.

- Буга чейин Сох аркылуу өткөн жол күндүзү гана ачык экени айтылган. Жолду толугу менен ачууга мүмкүн болдубу?

- Сүйлөшүүлөр боюнча Бөжөй айылына каттам белгиленген убакта болчу. Бирок кечээтен бери жол ачык, эл өтүп жатат. Биз да телефон менен байланышып сурасак, каалаган учурда өткөрүп жатат дешти. Ошондуктан транзит жолу боюнча, Бөжөй айылына, же болбосо Боз-Адыр айылынын жанындагы Сай, Кыштуут, Таян айылдарына кенен-кесири эле өткөрүп жатат. Бул жерде тоскоолдук жок. Бирок бул эң биринчи Баткен облусунун жашоочулары үчүн.

- Албетте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо ишин өкмөттүн атайын бөлүмү жүргүзөт. Ошентсе да түшүндүрө кетсеңиз, чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөргө өзбек тарап келип жатабы?

- Чек ара маселеси боюнча бир топ алдыга жылыштар бар. Бирок Курбанбай Искандаров жетектеген комиссиянын маалыматы боюнча, иш ойлогондой жылбай жатат. Эки өлкөнүн ортосунда өкмөттөр аралык комиссия бар да. Аны өкмөттөрдүн вице-премьерлери же премьерлери жетектейт. Менимче, ошол жерде алгач айрым маселелерди чечип алса, демаркация жана делимитация боюнча комиссияга оңой болот эле.

- Кайсы «айрым маселелер» болушу мүмкүн?

- Биринчиден, делимитация жана демаркация болуп жаткан кеминде 300 чакырымдай тилке боюнча сүйлөшүүлөр болушу керек. Андан тышкары айрым өткөрмө бекеттери бар. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда өкмөттөр аралык келишимде макулдашылган 15 көзөмөлдөөчү өткөрмө бекеттери бар. Андан тышкары биз дагы 15-16 бекетти ачып койгонбуз. Алардын баарын мыйзамдаштыруу үчүн өкмөттөр аралык комиссия сүйлөшүүгө отурушу керек.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG