Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:09

Чек ара жаңжалдары тууралуу “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук бирикмесинин юристи Каныбек Токтосун уулу ой бөлүштү.

- Жыл сайын Кыргызстандын Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш айылдарында жаңжалдар чыгып келет. Сиздер чек арадагы чатактарды иликтеп келесиздер. Жаңжалдардын келип чыгуу себеби эмнеде?

- Жаңжалдар жаз мезгили башталгандан тарта күч алат. Себеби айыл чарба багытындагы иштерди жүргүзүү, Өзбекстан тараптан Кыргызстанга жашылча, мөмө-жемиштерди өткөрүү учурунда чатактар көп чыгат. Ошондой эле жайыттар боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бир топ жаңжалдар жанданат.

- Быйыл бул өңдүү жаңжалдарды алдын алуу үчүн кошумча чаралар көрүлгөнүн байкай алдыңызбы? Же жылдагыдай эле жаз келгенде чыр-чатактар кайталанабы?

- Өзбекстан тарап “Достук” эл аралык постунан башка чек арадагы өткөрмө бекеттерин жаап салган. Бул жаңжалдардын себептеринин бири. Чек арадагы көптөгөн аймактар делимитация, демаркация толук жүргүзүлбөгөнүнө байланыштуу же Кыргызстанга же Өзбекстанга тиешелүү экени жергиликтүү калкка белгисиз бойдон калууда. Ошол себептен Өзбекстан тараптын чек ара кызматкерлери биздин жарандарды кыйноого салган учурлар көп эле байкалат.

Бирок мамлекеттик деңгээлде кандайдыр бир программалар, же болбосо Чек ара кызматы тарабынан конфликттин алдын алуучу иш чаралар байкалбайт. Анан баса белгилей кетүүчү жагдай, Өзбекстан тараптан чек ара сызыктарын коргоого жетиштүү деңгээлде чек ара кызматкерлер тартылган. Ал эми бизде чек араны көзөмөлдөө үчүн кызматкерлер жетишпейт. Мамлекеттин каражатынын тартыштыгынанбы, же болбосо башка себептерден уламбы биздин чек ара кызматкерлерибиз толук түрдө чек ара сызыгын көзөмөлдөөгө жетишпей жатат десек болот.

- Жергиликтүү бийлик тарабынан жетиштүү көңүл бурулуп жатабы?

- Жергиликтүү бийлик кандай гана чараларды колдонбосун, алардын күчү жетпейт. Чама-чаркы жетишсиз. Бул маселе мамлекеттик деңгээлде, республиканын жогорку кызмат адамдарынын деңгээлинде чечилиши керек.

- Кыргызстандын талаштуу чек ара тилкелеринде үйлөрүн сатып, көчүп кеткен кыргыздар бар экени айтылып жүрөт. Азыр чек арага жакын айылдарда абал кандай? Мындай көрүнүштөр дале уланып жатабы?

- Бир эле үйүн сатып, көчүп кеткен учурлар эмес, Өзбекстан тараптан андай жерлерди басып алган учурларды көрүп, күбө болуп жатабыз. Мисалы, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Торук айылында кыргыздар жашаганына карабастан, анын жарымын Өзбекстан өз алдынча делимитация, демаркация кылып, айылдын жартысын бөлүп алган. Ал эми Тажикстан тараптагы айыл тургундары Чүй облусуна, же болбосо Орусияга иштеп кетип, үйлөр сатылып кеткен учурлар көп эле кездешет.

- Бул жагдайларды жөнгө салуу үчүн кандай сунуштарыңыз бар?

- Бул эми Кыргызстан тараптын саясий эркине байланыштуу. Өзбекстан бир сантиметр жер үчүн принципиалдуу турушат. Бул маселе жакынкы аралыкта чечилбейт го деп ойлойм. Себеби, чек араны тактап, жерди бөлүштүрүү чоң кызматтагы саясий кызматчыларга минус алып келет.

Себеби жерди сатты деген жалаа саясий бийликте тургандарга коюлуп келген. Буга Үзөңгү-Кууш, Каркыра маселеси мисал боло алат. Ошол себептен Москвадан же Астанадан эл аралык деңгээлдеги комиссияны кошуп, Москвадагы архивдерден карап, так жүргүзүп алышыбыз керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG