Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

Чек ара кызматынын кол башчысы Токон Мамытов кыргыз-кытай чек арасында тозоттордун жана чек арачылардын санынын кыскарган себептерин айтып берди.

“Азаттык”: Кандай себептерден улам Нарын менен Ысык-Көлдө чек ара отряддарынын саны кыскарды?

Мамытов: Кытай эл республикасы менен чек арабыз, Кудайга шүгүр, тынч. Мындан сырткары бул мамлекет менен ШКУга мүчөбүз. Үчүнчүдөн, Кытай менен Кыргызстандын ортосунда, ШКУ мамлекеттери ортосунда чек араны кайтаруу боюнча келишимдер бар. Ошондой эле биз Кытай менен делимитация, демаркация процессин бүткөнбүз.

Азыр айрымдар түшүнбөй, отряддар кыскарса, “эртең кытайлар басып кетет, чек араны бузуп кирип алат экен, базар куруп, жайыттарыбызды пайдаланып, малын жаят экен” деген сөз тараптыр. Ушундай сөздөр Жети-Өгүз, Ат-Башы элинин арасында жүрүп жатат.

Өзбекстан менен Тажикстан менен чектеш жерлерибиздин көбү такталган эмес. Делимитация, демаркация процесси аягына чыга элек. Ратификациядан өтө элек. Келишимдерге кол коюла элек. Түштүк жагыбыз кичине оор болуп жатат. Лейлек, Баткен, Сузак, Ала-Бука жана Аксыга аскер жетишпегендиктен биз Ысык-Көл жана Нарын чек ара отряддын азайтып койдук. Алардын баарын түштүккө жибердик.

Эми Ысык-Көл, Нарында чек ара бөлүмдөрү деп ачылды. Нарында Муз-Төр, Торугарт, Кароол-Дөбө, Кынды деген чек ара бөлүмдөр калды.

“Азаттык”: Бул ошондой чек ара кайтарууну оптималдаштыруу максатында жасалып жаткан иштерби?

Мамытов: Ооба. Советтер союзунун тушунда Нарында 12 чек ара тозоту бар болчу. Азыр ошонун төртөө эле калды. Мындан сырткары союздун тушунда иштеген Үсөлек, Көк-Айгыр, Корумду, Сары-Иймек, Орто-Кашка-Суу тозоттору кар түшүп, ашуу жабылган маалда - декабрдан мартка чейин жабык болот. Бирок жаздын келиши менен биз бул заставаларды кайра ачып, отряддан атайын топ жиберилет.

Ысык-Көлдө Советтер союзунун тушунда тогуз тозот бар эле. Азыр болгону Кара-Сай, Ак-Шыйрак жана Эңилчек деген үч чек ара бөлүм, Эчкили-Таш, Үзөңгү-Кууш деген эки бөлүмчө калтырдык.

Жабылган заставалардын имараттары бош калбайт. Апрелде ашуу ачылганда жогоруда айткандай атайын группа барат. Кыш түшкөндө кайра кайтып келет.

Биз Чек ара кызматында “ыйгарым укуктуу чек арачы” деген штаттарды ачканбыз. Ар бир тозотто ушундай экиден өкүл болот. Бул ошол жерди кыштаган аңчы-мергенчилер, малчылар, токойчулар болушу мүмкүн. Биз аларга айлык төлөп беребиз. Алардын мыйзамда көрсөтүлгөн укуктары жана милдеттери бар. Биз жокто алар чек ара кайтарганга жардам берет. Ошол биздин тозоттун имаратында үй-бүлөсү менен жашап турат. Кыш келип, кар түшкөндө чек ара бош калбайт. Мындан сырткары бул жерге жумасына бир жолу чек арачылар ат менен барып кабар алып турат. Эгер шектүү бирөөлөр жүргөнү билинсе, анда аны таап кармамайынча кетишпейт.

Малчы да кайтарат

“Азаттык”: Эми ушул чек ара тозоттордун шарты тууралуу айтып бересизби. Былтыр, мисалы, Эчкили-Ташка барганда абалы анча эмес экенин көрүп келгенбиз.

Мамытов: Дал ушул себептерден улам биз оптималдаштырууга барып жатабыз. Эчкили-Таштагы былтыркы окуядан улам бул чек ара отряддарына көңүл бурганга мажбур болдук.

Жашырганда эмне, Эчкили-Таштын ырайын көрүп жүрөгүң түшөт. Айнеги жок, анын ордуна жылтырак тартылган. Төшөнчүлөрү БОМЖдун төшөктөрүндөй. Алар чек ара кайтармак тургай, өздөрүн кайтарбаптыр. Ушундан улам бир жоокер бешөөнү атып салып жатпайбы. Ал жерде тартип болгон эмес. Күнүгө чыгып чек ара кайтаруу деген түшүнүк да болгон эмес. Жиберген, колуна автомат карматкан, бир-эки мүшөк ун берген, бир-эки айда бир барып кабар алган, болбосо дээрлик көңүл бурулган эмес. Эми өкмөт акча берсе, Эчкили-Ташты оңдоп, штатын кичине көбөйтөлү деп жатабыз. Мындан сырткары ошол жердеги коендун жатыгынан өйдө билген малчыларды ыйгарым укуктуу чек арачы кылып алып, аларды да тартып атабыз.

“Азаттык”: Ысык-Көл менен Нарында кээ бир чек ара тозоттордо чек арачылар арка-кулжага аңчылыкка чыгат, түйшүгү аз, чардап эле жашайт деген сөз айтылат. Ошондуктан ал жактарга атайын суранып да барышат экен. Ушул тууралуу түшүндүрмө бере кетесизби?

Мамытов: Муну эл менен жолукканда да айтып жатышат. Жакында эле Ат-Башыдан келген бир нече адам менен жолуктум. Алар ошол чек арачылар биз менен эле аралашып жүрөт, кийик атып, аркар-кулжаны кубалап атып, этин чоңдорго ташыйт экен дешти. Эл ушундай маселе көтөргөндөн кийин биз ротация кылдык. Нарындагыларды Баткенге жөнөттүк. Баткендегилерди Нарынга алып келип атабыз. Жанагындай көрүнүштөр бул маданиятка да, адамгерчиликке да, аскердик кызматка да туура келбеген нерсе.

Чогулуш өткөрүп, жетекчилерден тартып баарын эскерттип, эгер ушундай жорук кайталанса, бирөөлөр келип арызданса, сөз болсо арыз жазып өзүңөр кетесиңер, же мени бул жактан котор дейсиңер, болбосо өзүм кетирем дедим. Азыр эми кээде Ат-Башыдан тыйылып калды деп чалып калышат. Эми канчага чейин токтоп турат, байкап туралы.

Чек арачы мал карайт...

“Азаттык”:
Чек арачылар өздөрү бул кызматка уландар эң акыркы болуп тандалат, мажүрөө балдар келет деп айтышат. Айрымдары атүгүл өздөрүнүн атын жаза албайт, элиталык аскер бөлүк болуудан эбак калган дешет. Ушуну жолго койсо болобу? Анан Ысык-Көлдө чек араны көлдүк уландар, Таласта таластыктар кайтарат. Бул ыкма сизди канааттандырабы?

Мамытов: Январь айынын башында Коргоо кеңеши жыл жыйынтыгы боюнча жыйынга чогулган. Мен ал кезекте депутат, парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы болчумун. Ошол кезде мен да, Коргоо кеңешинин катчысы Бузурманкул Табалдиев болуп ушул маселени көтөргөнбүз.

Илгери, союздун тушунда эң биринчи кезекте Чек ара кызматына, Аба-десант жана КГБ аскерлигине чакырылчу. Ушул үчөөнө биринчи тандалчу.

Ошол Коргоо кеңешинин жыйында Чек ара кызматынын ошол кездеги кол башчысы Закир Тиленов бир фактыны айтты. Чек ара кызматы 142 баланы ден соолугу жакшы экен, спорт менен машыгыптыр, сабаты бар деп документин топтоп, даярдап өздөрү жана ата-энелери менен сүйлөшүп, макулдугун алган экен. Кийин ошолордун тизмесин берсе, болгону он чактысын берип, калганын Коргоо министрлиги катып, өздөрүнө алып алыптыр. Ошондо мен да, Коргоо кеңешинин катчысы да муну абийирсиздик, акмакчылык деп айттык. Мамлекеттик кызыкчылыкты ойлобой, жеке керт башын ойлогон аскер чиновниктерин айыптадык. Эгерде ушундай көрүнүш дагы кайталанса, катуу чара көрүлөрүн эскерткенбиз.

Эми мына жазгы чакыруу ушул айда болот, ошондо да көрөбүз. Эгерде дагы кайталанса, Коргоо министрлигинин жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону мен биринчи талап кылам. Себеби мен ал уландарды өзүмө чакырган жокмун да, жумушумду жасатайын деп.

Экинчи суроо боюнча, көлдүн балдары көлдөгү чек араны, Баткенде баткендиктер кайтарганы бир чети туура эмес. Аскерге аймагына карап чакыруу туура эмес.

Мен бир фактыны айтып коеюн, бул Таласта болгон, бирок башка аймактарга деле тиешелүү. Таласта, мисалы, ошол айылда, райондо эле чек арада кызмат өтөп аткан уулуна атасы же чоң атасы келип, “чөп чабык башталып калды, кыркын эле, уй-койдун кезүүсү, баламды бир үч-төрт күнгө берип тур” деп сурап кетет. Анан аксакал сакалын сүйрөп келип атса, начальниги сакалын сыйлап жөнөтүп койот. Ушундай терс көрүнүштөр көп болгон. Аскерге чакырылган улан уй кайтарбай, чек ара кайтарышы керек да. Муну бөлөк эл укса, шылдың болобуз.

“Азаттык”: Каражат маселеңиздер чечилдиби? Анткени буга чейин сураган акчанын теңине жетпегени берилет деп маалымдалчу.

Мамытов: Каржы министрлигине кайрылып, жоокерлерге тамак-аш, кийим-кечек алганга акча бергиле десек, “биз силердин маянаңарды көтөрбөдүкпү, акча жок”, дейт. Чынында каражат жагынан аябай оор болуп жатат. Жашырганда эмне, “ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт” деген сөз бар го. Бир эле мисал айтайын: мурда Чек ара кызматына унаа жетишпейт деп көп айтчубуз. Азыр гуманитардык жардам аркылуу келип унаабыз Кудайга шүгүр. Бирок ошол унааларга куя турган май жок. БТРден баштап, "Нива", "Жигулиге" чейин машиналарыбыз жүрбөй турат. Мурдагы жылы бензинге 100 миллион сом берилген, былтыр 77 миллион сом бөлүнүптүр. Быйыл болсо 7 гана миллион сом алдык. Эгер мен азыр нанды, этти, консерваны айтсам эл көтөрүлүп, Каржы министрлигин талкалап да салышы ыктымал, эмне чек араны ойлобойсуңар деп.

Бизге пияз, картошка, сабиз, эт өткөргөн фермерлер бар. Биз ошолорго 40-50 миллион сом бересебиз. Акча сурап өкмөткө жазсам, ал Каржы министрлигине жумшайт, ал акча жок дейт. Абал оор. Ошон үчүн мен жакында эле президентке киргенге аргасыз болдум. Айла кеткенден президентке бардым. Ал киши премьер-министрге, өкмөткө көрсөтмө берди. Эми жакын арада буйруса чечилип калар деп ишенип турабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG