Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл 10 айдын ичинде чек арага байланыштуу 24 жаңжал катталды.

Алардын көбү Баткенде орун алды жана адам өмүрү кыйылган окуя менен коштолду. Жаңжалдар негизинен тактала элек чек ара тилкелеринде чыгат. Жыл башындагы Чарбак чырынан кийин өкмөт аймактагы негизги чек ара көйгөйлөрүн чечүүгө 370 миллион сом бөлгөн.

Баткендеги Кадамжай тозотуна 2006-жылы Тажикстандан келген куралдуу топ менен кагылышта курман болгон капитан Курманбек Ыкышевдин ысымы берилген. Тозот Өзбекстан менен тактала элек тилкеден анча алыс эмес жерде турат. Контракттык негизде кызмат өтөп жаткандардын арасында Арслан Абдулазизов да бар:

- Кызмат өтөп жатканыма эки жыл болду. Жамаатта ынтымакташып иштеп жатабыз. Чек арага келгенге чейин Орусияга барып, эл катары иштеп келгем. Азыркы айлыгым үй-бүлөмө жетет. Эң башкысы бизде ынтымак бар.

Тозоттун снайпери Мелис Ташмырзаев армияда кызмат өтөп бүткөндөн кийин чек арачы болуп калган экен:

- Чек арага чыкканда патриоттук сезим пайда болот. Форманын өзүн кийгенде эле башкача болосуң. Мамлекеттин, элдин бизге ишенгенине өзүнчө кубанасың.

Кадамжай шаарчасынын тургуну Бурабия Айбашева жергиликтүү эл чек арачыларды караан тутаарын айтып берди:

- Бизге Өзбекстан жакын. Чек арачылар тосуп, коруп турганы үчүн ар дайым ишеничте жашайбыз. Бизде чек ара тозоту тургандыктан кошуна жашаган элдер арасында жаңжал деле жок. Эгер болуп кала турган болсо чек арачылар бизге жардам берет. Ушулар бар үчүн биз тынч жашайбыз.

Кадамжайда коңшу Өзбекстандын жарандары чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткен учурлар катталат. “Айдаркен жети баатыр” чек ара кошуундун зардалысы Өткүрбек Бапиев кармалгандардын басымдуу бөлүгү турмуш-тиричиликке байланышкан шылтоолорду айтаарынан кеп салды:

- Быйыл тозоттун аймагында чек араны бузган 17 адам кармалган. Баары эле “кошунама өтүп бардым эле, күйөөгө тийген кызым өтүп келди эле” деген себептерди айтышат. Алардын баары ички иштер органдарына өткөрүлүп берилет. Негизи айылдын бардык жерлеринен эле өтсө болот. Бирок соңку убакта эки тарап сүйлөшүп, Өзбекстан өзү тараптан, биз өзүбүз тараптан аң каздык. Кээ бир жерлерде үйлөр тыгыз жайгашкандыктан аң казганга мүмкүн болбогон да жерлер бар.

Баткендеги Чекелик тозоту мындан үч жыл мурун курулган. Жакында эле эл аралык донорлордун жардамы менен тозотко суу киргизилди. Алты айдан бери кызмат өтөп жаткан Мыктыбек аттуу улан улуулардын кичүүлөргө үстөмдүгү, зордук-зомбулук өңдүү терс көрүнүштөр жок деп билдирди:

- Азыр эми дедовщина деле жоголгон. Келип көңүлдөгүдөй кызмат кылса болот. Бардык шарт бар. Эч кандай кыйынчылык деле жок. Үч маал тамагы бар.

Тозоттун камкору Акжол Киманов жоокерлерге эн ириде көзөмөл керектигин айтууда:

- Жоокерлерге убагында сабак өтүп, бош калтырбаш керек. Жумуш кыла турган маалда жумуш кылдырып, сабак өтө турган маалда сабак өтүп, убагында жаткызып, ар дайым көзөмөлдөп туруш керек. Курсагы ток, кийими бүтүн болсо андай нерселерге барбайт. Бардыгы жетишпестиктен келип чыгат.

Карабак чек ара тозоту Өзбекстан менен 17, ал эми Тажикстан менен чектешкен 30 чакырым тилкени кайтарат. Карабак айыл аймагынын башчысы Сүйүнбай Убаев бул бул жердин баары тактала электигин маалымдады:

- Бизде жети айыл болгон болсо, ошонун бешөө Тажикстан менен чектешкен Дөбө деген айылыбыз бар. Ошол жерде 58-жылы курулган кампа бар. Ошондон 150 метр деп биз айтабыз. Тажиктер болсо кийин, 80-жылы курулган кампа бар, ошондон 150 метр деп алар айтат. Ошондо берки кампадан өлчөй турган болсо биздин Дөбө айылынын коргондору, жолу 10 метрдей тажиктердин аймагына кирип кетет. Бир метр да жер бүгүнкү күндө делмитация, демаркация болгон жок. Ушул чек арабыз тезирээк такталса бизге жакшы болот эле.

Убаев коңшу тажиктер менен суу боюнча тыгыз иштешерин кеп салды:

- Тажиктердин 7,5 калкы бар айылына үч чакырым суу биз аркылуу өтөт. Бизден ашкан сууну алар пайдаланышат. Аларга суу келгенде биз дагы пайдаланабыз. Көптөн бери ушинтип биргелешип иштешип турабыз. Карабак айыл өкмөтүндө 15 миңдей эл жашайт. Баткен районунда тогуз айыл өкмөт болсо, ошонун ичинен эң көп эл жашаганы биздин Карабак.

Карабак айылынын тургуну Асылкан Козубаева кыргыз-тажик коңшулардын алака-катышы тууралуу айтып берди:

- Биздин алма-өрүк кагыбыздын баарын тажиктер алып кетет. Тажиктерден биз пахта май, азык-түлүк сатып алабыз. Бири-бирибизден чочулабайбыз, беймарал каттап турабыз. Тажиктерден кыз алгандар бар, бирок аларга кыз бере элекпиз. Коңшулар менен мамилебиз жакшы эле. Паспортсуз эле өтүп келе беребиз.

Антсе да Баткен чек ара жаңжалдар арбын катталган облус болуп саналат. Жыл башында Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Хушаярлыктар кыргыз айылына кирип келип 30 адамды барымтага алып, бир канча унааларды талкалаган. Бул окуядан соң кыргыз өкмөтү негизги чек ара көйгөйлөрүн чечүү үчүн 370 миллион сом бөлгөн.

Баткен чөлкөм чек ара башкармалыгынын жетекчиси Кубат Жээнбаевдин билдиришинче, келерки жазда мамлекеттик эсебинен курулган төрт тозот колдонууга берилет:

- Мындай тозоттордо офицерлер жашаган үйлөр, жоокерлер жашаган жайлар кошулат. Ушундай долбоор менен төрт тозот курулуп жатат. Андан сырткары эл аралык донорлордун каржылоосу менен Лейлек чек ара тозотунда Кулунду жана Айкөл чек ара туругу, ошондой эле 135 адамга ылайыкташтырылган казарма салынып жатат. Баткен чек ара аскерлигинде эки казарма толук оңдолду. Аскерлердин жашоо-шартын оңдоо максатында, мамлекеттин каражатына Лейлек чек ара отрядында 16 батирлүү үй курулуп жатат.

Бирок чек арачылардын айлык-маянасы дагы дале аз, жашоо-шартын да толук канааттандыраарлык деп деле айтууга болбойт. Ушундан улам азыр Баткенде бир топ чек арачынын орду бош турат дейт полковник Жээнбаев:

- Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бирок баары эле чек арачы болом деп күйүп-жанган жок. Анткени жеригиликтүү элдин көпчүлүгү, Орусия, Казакстанда мигрант болуп жүрөт. Ал жакта тапканы көп, ошондуктан баары айлык-маянанын айынан болуп атат. Азыр 300дөй чек арачынын орду бош турат. Азыр Чүй, Нарын, Ош жактардан да аскер кызматын өтөп бүткөн жоокерлердин арасынан дагы кызмат өтөйм дегендер келип жатат. Ал жактагы жергиликтүү аскер комитеттери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп бул жакка келгендер бар.

Баткен облусу Өзбекстан жана Тажикстан менен миң чакырымдай чектешет. Анын 70 пайызы тактала элек. Чек араны делмитация-демаркациялоо боюнча коңшулар менен сүйлөшүүлөр 2000-жылдарда башталганы менен, бир токтоп, кайра уланып аягына чыкпай келүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG