Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:57

Өкмөт: Бүргөндүдөн элге жер берилет


Баткен. Бүргөндү. 27-сентябрь. 2014-жыл.
Баткен. Бүргөндү. 27-сентябрь. 2014-жыл.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кызматка киришкенден бери экинчи жолу Баткен облусунда иш-сапары менен болуп, чек аралаш аймактардагы иштердин жүрүшү менен таанышты.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев эки күндүк иш-сапары менен Баткен облусунда болуп, кышка даярдык маселесинен кабар алды.

Иш-сапардын биринчи күнү өкмөт башчысы Лейлек районунун аймагындагы Тажикстанды айланып өтүүчү Максат-Кулунду көпүрөсүнүн курулушу менен андан ары Сүлүктүдөгү көмүр өндүрүүчүлөр, чек арадагы Максат айылынын турмушу менен таанышты.

Экинчи күнү Кадамжай районундагы Бүргөндү массивинде болуп, Өзбекстан менен чек араны бекемдөө үчүн өздөштүрүлүп баштаган 3600 гектар талаадагы дюкердин, каналдардын курулушун да барып көрдү.

Жаңы жерлерди өздөштүрүү чек араны эле бекемдебестен элди турмушун оңдоого, миграцияны кыскартууга чоң өбөлгө болорун айткан премьер-министр акча маселеси чечилип, келээрки жылдан тарта кезек күткөн алты миңдей үй-бүлөгө жер берип баштайбыз деп айтты:

- Чоң максаттар бар. Бул жерге бир айыл курабыз. 2,5 миң гектар айдоо аянты өздөштүрүлөт. Түркиянын кредитинен 350 млн. сом бөлүнгөн. Мындан тышкары өзүбүз да каражат кошуп, келээрки жылы алты миң кожолукка үй-жайга жер берип баштайбыз.

Бүргөндү аймагы жалпысынан Өзбекстан менен 25 чакырымдай чектешип, анын 18 чакырымы эки тараптуу макулдашуудан өтүп такталган аймак. Бирок Бүргөндүдө Өзбекстандын газ сактоочу, нефти өндүрүүчү куурлары бар. Аны Кыргызстанга өткөрүү боюнча чечимдер чыкканы менен аягы билинбей келет. Өткөн жылы Чарбактагы окуядан кийин чек аранын такталган бөлүгүн тикен зымдар менен тосмолоо айтылып, бирок бул да ишке ашпай кала берген. Өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров бул маселе кошуналардын өтүнүчү менен артка жылдырылган деди:

- Кайтпас деген участок бар. Биз ошол жерден баштайлы дегенде кошуналар силердин жарандар да Өзбекстанга өтүп турат, ошондуктан бул жерди азырынча токтотуп тургула деп сунуштаган. Биз макул көрүп башка аймактарда ишти жүргүзүп жатабыз.

Өкмөт башчысы эки күндүк иш-сапарын жыйынтыктап жатып облус борборундагы чоң базарды аралады. Мында дароо эле өрүк базардан токтоп, сатуучулар менен баарлашып, үй-бүлөсү үчүн өрүк сатып алды. Сатуучулар да мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өрүктү кайра иштетип, аймак калкынын кирешесин арттырууга аракет жасагыла деген өтүнүчүн айтып калууга үлгүрүштү.

- Албетте быйылкы жылы өрүктүн баасында бир аз жылыш бар. Анткени аймакка инвесторлор келе баштады. Бирок биз дагы бул тармакка инвесторлорду тартып, өрүктү базарга ылайыкташтырып, таңгактоо жана башка иштерди жүргүзүшүбүз керек.

Жоомарт Оторбаевдин апрель айындагы иш-сапарында Баткен облусу өкмөт башчысы үчүн приоритет катары бир топ маселелер, анын ичинде инфраструктура, суу чарабасы жаатында жакшы жылыштар болорун убадалап кеткен болчу.

XS
SM
MD
LG