Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков кыргыз-өзбек чек арасы эгемендүүлүк доорунда кол коюлган келишимдердин негизинде аныкталыш керек деп эсептейт. Ал кайсы документтер? Алар эмне үчүн ушул кезге чейин пайдаланылган эмес?

“Азаттык”: Исмаил мырза, кыргыз-өзбек чек арасын аныктоодо бир тарап 1920-жылдардагы документтердин негизинде иш жүргүзөлү десе, экинчи тарап 1955-жылдагы документтерге таянабыз, анан келише албай жатабыз деп, бир топ талаш-тартыштар болуп келет. Кыргыз-өзбек чек арасын аныктоого мүмкүнчүлүк бере турган кандай келишимдер бар?

Исаков: Бизде бир топ документтер бар. Өзбекстан боюнча айтып кетсем,
биринчи документибиз 1991-жылы 14-мартта Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда түзүлгөн “Достук жана кызматташтык” жөнүндөгү келишим. Ошол келишимдин үчүнчү беренесинде так жана ачык жазылган. Анда тараптар Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүн, СССРдин алкагында калыптанган эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын тааныйт жана сактайт деп так жазылган. Ошону менен бирге кол тийбестигин так сактаганга да милдеттенет деп айтылган. Демек эки өлкө СССРдин убагындагы чек араны тааныйбыз, сактайбыз деп милдеттенме алган. Бул биринчи документ.

Экинчи документ, 1991-жылы декабрь айында Алматыда декларация кабыл алынган. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан баарынын колу коюлган. Баары ратификациялап, мыйзамдаштырылган. Анын экинчи абзацында “Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги бири-биринин аймактык бүтүндүгүн тааныйт жана азыркы чек арасын сыйлоо менен келишимдердеги милдеттенмелерди так аткарууга кепилдик беришет” деп жазылган. Декларациядагы принциптерди так аткарууга да милдеттенме алышкан.

Үчүнчү документ, 1992-жылы 14-декабрда Минскиде декларация кабыл алынган. Анда да ушундай эле сөздөр жазылып, милдеттенмелер алынган.

Төртүнчү документ, чек аралар жөнүндө, территориялар жөнүндө гана болгон. Бул абдан маанилүү документ. Ал Москвада 15-апрелде 1994-жылы кабыл алынган декларация. Анын аталышы өзү эгемендүүлүктү, чек аранын кол тийбестигин сактоого багытталган. Ушул декларацияда жалпы европалык жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуунун негизинде "эгемендүүлүк сыйланат, аймактык бүтүндүк, чек аранын бузулбастыгы сакталат" деп өтө так жазылган.

Бешинчи документ, 1996-жылы 24-декабрда Ташкентте кабыл алынган Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда кабыл алынган "Түбөлүк достук" жөнүндө келишим. Бул дагы ратификация болгон. Анын биринчи эле беренсинде жазылган, эки өлкө өз ара аймактык бүтүндүгүн, чек аранын бузулбастыгын тааныйт, ырастайт деп.

​Мына булар эл аралык келишимдер. Эгерде аны кайсы бир тарап бузса, аны эл аралык сотто да чечип алсак болот. Бирок тилекке каршы Аскар Акаев да, анын командасы дагы, ошол урматтуу Саламат Аламанов да (кыргыз өкмөтүнүн чек араларды аныктоо боюнча комиссиясынын ошол кездеги башчысы - ред.) бул документтерди четке түртүп коюп, 1927, 1955-жылдардагы Советтер Союзу учурундагы паритеттик комиссиялардын документтерине таянып иштеп, азыркы башаламандыкка алып келди.

“Азаттык”: Мына ушул сиз айткан келишимдердин негизинде эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндөгү келишимдерге жетишсе болот беле?

Исаков: Албетте. Мына ушулардын негизинде иштегенде эчак эле маселени чечип алат элек.

“Азаттык”: Бирок Исмаил мырза, ушундай документтерге кол коюлган менен, аны тааныйбыз деген менен кээ бир колхоздордо, айылдарда бири-бирине кирип кеткен жерлер бар да. Аларды такташ керек да...

Исаков: Туура. Мына биз мыйзам чегинде чек аралар тааанылганын далилдедик.
Экинчиден, СССРдин мезгилинде бир мамлекет болгондуктан кыргыз жарандары Өзбекстандын аймагында отурукташып, иштеп калган. Өзбек жарандары биздин аймакта отурукташып калган. Мына ошолордун маселесин чечүү үчүн айтылыш керек эле, мына Ош облусунда биздин чек ара бул жерден өткөнүн билесиңер, бирок бул кишилер силердин жарандар. Буларды силер алып кеткиле, же алар биздин жаран болсун деп айтылыш керек эле. Андай болбосо, анда бизге ушул жерге тете келген, анклав болбой турган жерден кесип бергиле деп мына ушуларды тактоонун үстүндө иштөө керек эле.

“Азаттык”: Эми экинчи тарап ушул документтерди таанып жатабы? Биздин делегация аны коюп жатат деп айттыңыз. Кандай реакция болуп жатат. Сизде маалымат барбы?

Исаков: Албетте, маалымат бар. Кыргызстандын чек ара маселелери боюнча азыркы комиссия, анын төрагасы Кыргызстандын кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, ушул документтерди жетекчиликке алып, иштеп жатканы маалым. Экинчи тарапты ал документтер менен жарга такаган фактылар да мага белгилүү. Бирок ал комиссия деңгээлинде гана болуп жатат. Эгерде бул маселе өкмөт башчысы, президенттер деңгээлинде көтөрүлүп, жолугушууларда мына ушундай документтерге кол койгонбуз, жагабы-жакпайбы ал эл аралык юридикалык документ, ошондуктан аны аткарышыбыз керек деп айтылыш керек.

“Азаттык”: Чек ара өтө маанилүү маселе. Аны чечүүнү Кыргызстан кичинекей комиссияга жүктөп коюп, жогорку жетекчилер ага катышпай койгону туура эмес деген сөздөр айтылууда. Өкмөт, президент өз деңгээлинде маселени чечүүнү колго алыш керек делип жатат. Буга кандай карайсыз?..

Исаков: Бул абдан туура айтылып келаткан сөз. Чындыгында бизде ошол комиссияга баарын жүктөп коюшкан. Кошуналарда мындай комиссияга өкмөттүн башчысынын орун басары төрагалык кылса, бизде бөлүмдүн башчысы жетекчилик кылат. Мына биздин ошол маселеге карата мамилебиз. Алар өкмөт башчынын орун басарын жөнөтүп жатса, биз бөлүм башчыны жөнөтүп жатабыз. Демек алар маселени мамлекеттик деңгээлге көтөрүп жатса, биздики мына ушундай деңгээлде болуп жатат. Ошондуктан биздин бийлик башчылар ошондой деңгээлге алып чыгыш керек. Муну биз комитеттерде да айтып, сунуштарды берип келатабыз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG