Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Дубанаев: Чек ара аскерлиги түрткүнчүк абалда


Кыргыз-өзбек чек арасы
Кыргыз-өзбек чек арасы

Чек ара аскерлигинин азыркы абалы жана аны жакшыртуу жолдору тууралуу Генералдар клубунун төрагасы, чек ара кызматында жетекчилик кызматтарда иштеп кеткен генерал-майор Садырбек Дубанаев ой бөлүштү.

- 3-сентябрда Жогорку Кеңеш депутаттары Чек ара аскерлигинде тартип жана аскердик даярдык начарлап кетти деген тыянакка келди. Кыргызстандын чек ара аскерлери азыркы шартта чек араны коргоп, чекти сактоого кудурети жетет деп айта алабызбы?

- Бүгүнкү абал менен кудурети жетери кыйыныраак болуп жатат. Негизи бул кызматты түбү менен жакшы караш керек. 31-август, 2002-жылы Орусиянын чек ара кызматы биздин өзүбүзгө таштап, ошондо Кыргызстандын өз алдынча чек ара кызматы түзүлгөн. Ал тууралуу Жогорку Кеңештен атайын мыйзам да чыккан. Ошондон бери он жыл болгонуна карабастан, ээрчитип келген өгөй баладай болуп эле Чек ара кызматы Улуттук коопсуздук комитетине үч-төрт жолу кирип, кайра чыкты. Коргоо министрлигинин курамына да кирип чыкты.

- Мындай мамиленин, Чек ара аскерлигинин он жылдан ашык мезгилден бери жакшырбай жатышынын негизги себеби эмнеде?

- Биринчи себеби - бул кызматты өгөй баладай эле ары жакка бир ыргытып, бери жакка бир ыргытып жатышат. Экинчи себеби - бул кадр маселеси. Кыргызстанда чек арачынын атайын окуусун бүтүп келген чыныгы адистер бар. Аларды кызматка алып келсе, абал жакшырмак.

- Сиз кезегинде Чек ара кызматын түптөөгө көмөктөшүп, жетекчи кызматтарда иштеп кеткенсиз. Балким бул тармактын пайдубалы башында эле начар түптөлүп калган эмес беле?

- Башында жакшы эле түзүлгөн. Ушул күнгө чейин бул кызматты жакшы караганда мындай абалга келмек эмес. Чек ара кызматын кол жоолукча эле эки жакка ыргытып, бийликке келгендердин талашынын кесепети. Биз учурунда Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен чектешкен бардык аймактарында атайын заставаларды ачканбыз. Өздүк курамдын саны 7 миңге чейин жеткен болчу.

Советтер союзу учурунда Чек ара аскерлиги элиталык аскердик тармак деп айтылчу. Азыр болсо аскерлерди башка армияга, Улуттук гвардияга чакырып кеткенден кийин алып келип жатат. Эне сүтү оозунан кете элек балдарды алып келип жатышат.

- Эми Чек ара кызматынын абалы начарлай берсе, Кыргызстан башка өлкөлөрдөн жардам сурап калат деген кооптонуу жокпу?

- Мындай болууга мүмкүн эмес. Кыргыз эли мыкты эл, жоокерлери деле мыкты. Жакшы кадрлар деле бар. Болгону ошолор менен иштесе, андай болбойт. Өзүбүздүн чек араны өзүбүз кайтара алабыз.

Эгемендүү мамлекет болгондон кийин чек арасы, президенти, валютасы, символикалары болушу керек. Чек ара тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдап, айлык акыларын көтөрсө, баары калыбына келет. Мына кыш келе жатат. Сентябрь айында кышка карата бардык даярдыкты кылып койчу элек. Азыр болсо эмдигиче көмүрлөрү түшүрүлүп, иче турган тамактары, кийимдери даярдала элек экен. Алыскы тоолуу заставаларга бат эле кар жаайт. Анда кантишет?
XS
SM
MD
LG