Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Жогорку Кеңештин депутаты, Коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин төрага орун басары Кенжебек Бокоев чек ара, коопсуздук маселелери боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Соңку кездерде чек ара маселеси көбүрөөк көтөрүлүп атат. Жабык эшик артында бир топ жыйындар өттү. Бул маселе азыр чын эле кооптуу болуп турабы?

- Акыркы убакта чек ара коопсуздугу, анын ичинде чек арачылардын да мамилесин караган бир нече отурум жабык эшик артында өттү. Баткен облусуна парламенттик комиссия да барып келген. Бул маселе азыр өтө курч каралууда жана муну менен токтобойт. Биз, депутаттар, тез арада каражат бөлүп берүү маселесин өкмөткө койдук.

- Бүгүн президент Роза Отунбаева Баткенде чек ара маселелерин талкуулаганы жатат. Бул маселе жабык өткөнгө караганда, чек араларда элге айтпай тургандай жашыруун маалыматтар барбы?

- Негизи бул маселенин жабык эшик артында өткөнү туура болду. Ал жерде чек ара маселелери боюнча, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында делимитация, демаркация иштери кандай жүрүүдө, эмне тоскоол болуп атат, биздин тараптан кандай чаралар көрүлүп, айрым учурда чаралар эмнеге көрүлбөй атат деген маселе талкуланды.

Казакстан менен бүткөн. Мисалы кээ бир иш кагаздарга кайрылуу болду. Ошондой эле кошуна мамлекеттер кайсы документтерди көтөрүүдө, биз эмнеге таянышыбыз керек. Андан сырткары чек арачылардын ичиндеги, башкача айтканда офицердик түзүмдөрдүн мыйзам бузган фактылары каралды. Ушул маселелер боюнча ачык талкуу өткөрүү туура эмес болуп калат эле.

- 29-апрелдеги парламент жыйынында бир кат жөнүндө сөз болуп, бирок ал эмне кат экени ачык айтылган жок. Ошондон кийин Чек ара кызматынын жетекчилерин кызматтан алуу маселеси көтөрүлүп, ЖК токтом кабыл албадыбы?

- Биз бул маселени жабык эшик артында караганда ал катты карап, окуп чыкканбыз. Ал жерде конкреттүү фамилиялар, бир нече полковниктердин колу менен кат бар, анонимдүү кат эмес. Ал жерде фактылар келтирилген, чек ара кызматынын жогорку кызматтагы офицерлери жөнүндө. Ошондуктан аларды кызматтан алуу жөнүндө сунуш президентке жөнөтүлдү. Чече турган президент.

Андан сырткары бул маселе март айында чек арачы аскердин каза болгонунан кийин эле көтөрүлгөн. Депутаттык комиссия Баткенге барганда эки автомат жетпей калган.

- Жетекчилерди кызматтан алуу менен эле бул маселе чечилбей турганын адистер айтып келишет. Чек араларды арык-торук аскерлер кайтарып турат деген сыяктуу сындар айтылып жүрөт. Негизи эле өкмөт бул маселелерди чечиш үчүн конкреттүү кандай имиштерди жасашы керек?


- Биз кечээ күнкү токтомдо бир гана жетекчилерди жумуштан алуу маселеси менен чектелген жокпуз. Ушул маселени кароо боюнча президентке кайрылуу болду. Экинчиден, өкмөткө Чек ара кызматын өз алдынча кылууну сунуштап, УКМКнын курамына киргизүү туура эмес деген пикирибизди билдирдик.

- Чек арачылардын санын көбөйтүү маселесин карадыңыздарбы? Анткени өлкө түштүгүндө такталбаган чек ара тилкелери көп эмеспи.

- Бул маселе токтомго киргизилген жок. Бул жерде чек арачыларды жана чек араны бекемдөө, инженердик, техникалык жабдыктарды сатып алуу, жабыктарды бөлүү, көбөйтүү маселеси бир нече пункт менен сунушталды.

- УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин Ооганстан, Пакистанда террорчулар машыккан лагерлерде Кыргызстандын 200-400 жарандары бар деген маалымат берди. Бул маалымат канчалык негиздүү?

- Бул жашыруун маалымат деп ойлобойм. Баарыбызга белгилүү. Бизге эң негизги сырткы коркунуч туудура турган багыттардын бири – Ооганстан. Анткени ал жакта талибандар, ал жердеги азыр жүрүп жаткан согуш кырдаалы курчуп кеткен учурда биз тарапка да өтүп кетүү коркунучу бар. Ошондуктан ал тарап көзөмөлдө. Ал тургай ал жактагы кыргыз жарандарынын жалданып жүргөнү тууралуу маалымат да такталууда. Алардын арасында кыргыздар бар экени, азырынча алардын саны такталып атканы тууралуу маалымат айтылууда.

Азыр Кыргызстан ар кандай коркунучка даяр деп айтууга эрте. Анткени ошол эле кошуна өлкөлөр Өзбекстан, Тажикстандагы чек арачылардын санын, бир чакырым жерди канча адам кайтарып турарын салыштырып карап чыктык. Биздики бир нече эсе аз.

- Айрым адистер "коопсуздук маселелерин, тиги жакта ушунча адам машыгып атат деп элге жарыялоонун кажети жок" деп айтып атышат. Же тиешелүү органдар маалыматты жарыялабай эле өз ишин жасай бериш керек беле?

- Коргоо жана Коопсуздук комитети бул маселени чечкенбиз. Негизи коопсуздук маселелери жабык эшик артында өтүш керек. Кээ бир депутаттар жашыра турган эмнебиз бар эле деген пикирлерин айтышууда. Бирок андай жыйындарда биздин коңшулаш мамлекеттерге болгон ар кандай сын пикирлер, чек арадагы кагылышуулар боюнча сөздөр айтылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан мен мындай маселелер ушундай маселелер жабык өтүш керек.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG