Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Өкмөт башчы Баткенге барды


Өкмөт башчы чек арадагы эл менен жолугушууда. Баткен, 28-январь, 2014.
Өкмөт башчы чек арадагы эл менен жолугушууда. Баткен, 28-январь, 2014.

Премьер Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз-тажик чегине жакын курулуп жаткан Көк-Таш - Ак-Сай жолундагы иштин жүрүшүн көрүп, жол аягына чейин бүткөрүлөөрүн билдирди.

Өкмөт башчы Баткен облусуна бүгүн бир күндүк иш сапар менен барды. Ал Баткен районунун Ак-Сай айылындагы суу бөлүштүрүүчү станциянын ишин көрүп, Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушун текшерди.

Айланма жолду куруу токтобойт

Иш сапарынын учурунда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл аймактарынын калкы менен жолугушту. Жолугушууга даярдалган имаратка келген эл батпай, жыйын ачык асман астында өткөрүлдү. Жолугушуу чү дегенде эле кыргыз-тажик чек арачыларынын ок атышуусуна себепчи болгон Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулушунун тагдырынан башталды. Жыйынга катышкандар баары жол куруу иштеринин андан аркы тагдырын билгилери келип, иш бүтөбү же ушул боюнча токтоп калабы деген түкшүмөлдө экени айтып жатышты.

Ак-Сай айылынын тургуну Эркин Жолчуев "Бул суроого тиешелүү башка жетекчилерден жооп алдык, эми өкмөт башчысынын өз оозунан угалы", - деп маселени кабыргасынан койду.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бул жолдун курулушу үчүн өткөн жылы эле атайын акча бөлүнгөнүн айтып, жолдун курулушу аягына чыгарылаарын убада кылды.

Жолугушууда чек ара маселелерин чечүүдө борбордо иштеген кадрлар тажрыйбасыздык кылып жатканы, мындай шартта аймакты жакшы билген адистерди тартуу керектиги да козголду. Өкмөт башчы жыйын соңунда чек ара маселелерин чечүүгө Баткен облусунун биринчи губернатору Мамат Айбалевди да жардам берүүгө чакыраарын билдирди.

Иш сапарынын соңунда өкмөт башчысы күч кызматтарынын аймактагы өкүлдөрү менен жолугушуп, Баткен облусунун 2013-жылды жыйынтыктаган коллегиясына да катышты.

Буга чейин Ак-Сай айылынын айрым тургундары аталган айланма жолдун курулушу токтоп, жол салып жаткан техниканы 26-январда башка жакка алып кетишкенин айтып чыгышкан. Мындан улам чек аралаш айылдарда ар кандай кептер тарап, эл арасында тынчсыздануу пайда болгон эле.

Баткендин Ак-Сай айылынын тургуну Зайнидин Дубанаев буга элге эч кандай маалымат берилбегени себеп болгонун бир күн мурда "Азаттыкка" атйкан эле:

- Келген чоңдордун баары эле ушул жолду бүтүрүп беребиз дешет. Бирок мына 26-январда иштеп жаткан техникаларды башка тарапка алып кетип калышты. Элге түшүндүрүшкөн жок. Ошондон улам эл арасында ар кандай уу-ду кептер чыгып кетти. Бизге азыр Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулушу абадай зарыл.

Мындай сөздөрдөн соң чек арадагы жаңжалдын чыгышына себепчи болгон бул жолдун курулушу токтобогонун жергиликтүү бийликтегилер дароо айтып чыгышты. Облус жетекчиси Жеңиш Разаковдун айтымында, жолду куруу жардыруу иштерин жүргүзчү аймакка жеткендиктен, техникалар бош жатпай иштеп турсун үчүн башка бөлүккө жылдырылган:

- Жолдун курулушу токтогон жок. Болгону жолдо жардыруу иштерин жүргүзүү зарылчылыгы бар. Ошону күтүп техникалар бош жатпасын деп чечтик. Техникалар ошол эле жолдун башка бөлүгүнө жылдырылып, иштеп баштады.
Тасмада: Ак-Сайга жол салып бергиле

Бир күн мурда Баткенден Бишкекке келген чек арадагы айылдардын тургундары "Азаттыкка" да кайрылып, чек арадагы абалды айтып беришкен.

Баткендиктер: Ак-Сайга жол ачып бергиле
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00


Элден кооптонуу кете элек

Чек ара айылдарында мындан тышкары соңку күндөрдө тажик тарап чек арага жакын жерге куралдуу күчтөрүн өтө эле көбөйтүп алды деген кеп тарап кеткен. Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова мындан улам эл арасында кайрадан кооптонуу пайда болгонун айтат:

- Азыр эл арасында кооптонуу бар. Анткени элдин тажик тарапка ишеничи калган эмес. Алар "достоштук" деп туруп эле кайра ар кандай иштерди жасай беришет. Азыр бизде Тажикстан Исфара шаарындагы Рахат деген жерге аскер күчтөрүн толтуруп койгон деген маалымат айтылып жатат. Мындан башка да ар кандай кептер бар. Ошондуктан эл бир аз кооптонуп турат.

Мындай сөздөрдү четке каккан Баткен районунун акиминин орун басары Акмурза Тагаев кооптонууга эч кандай негиз жоктугун билдирди:

- Акыркы учурда эл арасында ар кандай кооптонтчу кептер таркап кетиптир. Биз райондогу жетекчилер ушул аймакты кыдырып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Кооптонууга эч кандай негиз жок. Айтылган кептер баары ушак.

11-январда кыргыз-тажик чек арасына жакын Көк-Таш - Ак-Сай айланма жолунун курулушуна тажик тарап каршы чыгып, эки өлкө чек арачылары атышкандан бери чек аралар жабык турат. Буга чейин үч жолу эки тараптуу расмий жолугушуулар өткөнү менен азырынча чек арадагы абалды өзгөртчү чечимдер кабыл алынганы айтыла элек.

Чек арадагы Ак-Сай айылынан сүрөт баян

XS
SM
MD
LG