Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Талас: шаардык кеңештин алгачкы жыйынына бийлик партиялары келген жок


Талас.
Талас.

Талас шаардык кеңешинин алгачкы жыйынына бийликчил КСДП жана “Кыргызстан” фракцияларынын эки жетекчиси гана келишти. Мындан улам жыйын 23-январга жылды.

Бүгүн депутаттар коалиция түзүп, төрага шайлашы керек эле. Ага эки талапкер – “Кыргызстан” фракциясынан Адыл Жусупбеков, “Республика-Ата Журт” фракциясынан Аскар Шабданов көрсөтүлүүдө.

Жыйын күндүз саат экиде башталмак. Ага “Республика-Ата Журт”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Айкөл” фракциялары толук келип, КСДП менен “Кыргызстан” фракциясынын лидерлери гана катышты.

2016-жылдын 11-декабрындагы шайлоодо шаардык кеңешке беш партия өткөн. 31 депутатка 11-январда мандат берилген.

Жакында Жалал-Абад шаардык кеңешинин алгачкы жыйынына да бийликчи эки партия келбей коюп, коалиция оппозициядагы фракциялардан куралган. Анын чыры токтоло элек. (AlS\SE)

XS
SM
MD
LG