Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Баткен: Ак-Сайда жол ачылды


Кыргыз-тажик чек арасы. 14-март, 2014-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы. 14-март, 2014-жыл.

Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин Ак-Сайды Баткен облусу менен байланыштарган жол жана Ворух-Исфара жолу ачылды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков билдирди.

Ак-Сайга жакын жерде Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Сеит Абдрахманов, Баткен районунун акими Сеитмурат Калыков баштаган топ Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Даврон Захидзода менен жолугушуу өткөрүп, жергиликтүү тургундардын арыз-муңун уккан соң тараптар жолду ачууну макулдашкан.

Жолугушууда жолдун жабылышына себепкер болгон Ак-Сай айылынын тургуну менен Тажикстандын Кожалы айылынын тургундарын жараштыруу аракети да болду.

Тажик тараптын билдирүүсүндө чатак Ак-Сай айылынын тургуну тажикстандык айдоочуну жаман сөздөр менен тилдегенден кийин башталган. Ушундан кийин тажик тараптан бир нече адам кыргыз жаранына кол көтөрүп, ур-токмокко алган.

Баткен районунун акими Сеитмурат Калыковдун пикиринде, окуя боюнча эки тараптуу териштирүү иштери башталды.

Бүгүн түштөн кийин Ак-Сай айылы менен Кожалы айыл тургундары ортосунда мушташ чыгып, натыйжада Ак-Сай айылынын тургундары Ворух - Исфара жолун бууган.

Көк-Ташта сабалган кыздар

Кечээ кечинде тажик-кыргыз чек ара тилкесинде орун алган Баткен районунун Көк-Таш айылындагы 7-класста окуган 5 кызды тажикстандык жогорку класстын окуучу балдары урган.

Окуядан кийин эки тараптан эл чогулуп, абалды жөнгөрүү үчүн барган Көк-Таш айыл башчысы Разия Өсөровага тажик чек арачылары курал такаган.

- Мен мектепте курулуп жаткан спорттук имараттын иши менен таанышканы барсам, 5 кыз ыйлап келип калышты. Эмне болгонун сурасам, "тажиктердин 9-класста окуган балдары урду" деп айтышты. Көчөгө чыксам, 10го жакын тажик жарандары топтолуп калыптыр. 25ке жакын чек арачы турат. Мен аларга "чек арадан өзүнөр тарапка өткүлө, бир жаңжал чыгып кетпесин" десем чек арачысы автоматын октоп, менин көкүрөгүмө такады. Ошол маалда биздин 5 чек арачы чуркап келе калышты. Ошондо гана тажик чек арачылары автоматын түшүрдү. Анан эл бири-бирине таш ыргыта баштады. Облустук бийликтен, күч кызматтарын келишип сүйлөшкөндө гана эл араң таркап кетишти, - деп билдирди Разия Өсөрова.

Милициянын маалыматына ылайык, окуядан денесинен жабыр тарткандар арыз менен кайрылбагандыктан кылмыш иши козголгон эмес.



Үч-Дөбөдөгү чыр

Баткендин Тажикстан менен чектеш айылдарында 2 айдан бери абал турукташкандай болуп калган.

13 - март күнү Тажикстандын Кожалы айылынын тургундары Баткендин Үч-Дөбө айылы менен чектеш аймактагы бейтарап жолго топурак төгүп, тосмолой баштаганда кыргыз жарандары нааразылык билдирип чыгышкан. Эки тарап тирешип, абалды милиция жөнгө салган. Ошол эле күнү Тажикстан чек арачылары Ак-Сай айылына ички жолду оңдоо үчүн өтүп бараткан атайын техниканы өткөрбөй койгону үчүн аксайлыктар Тажикстандын Ворух анклавына кетчү жолду бууп салышкан. Эки тараптын сүйлөшүүлөрүнөн кийин техника өткөрүлүп жол да ачылган. Бул тууралуу Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев мындай деди:

- Жол тегиздей турган техникабызды алып келе жатсак, өткөрбөй коюшту. Анан ички жолду оңдоп-түзөгөнгө иштетебиз деп айттым. Чорку жамаатынын раисин алып келип, айылды аралатып көрсөттүм кайсыл жерде иштей турганын. Ошондо да өткөрбөй коюшту. Анан эл жолду тоскондо гана өткөрүштү. Бизде кызыктай абал болуп калды да. Өзүбүздүн айылга жол оңдоо үчүн да алардан уруксат сурап, анан техника алып келишибиз керекпи?

Баткен: жолду эмнеге буушкан?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00


Ташбараңга алынган унаа

Ак-Сайда абал турукташып, айылдын ички жолдорун оңдоо иштери башталып, каттам калыбына келди деп жаткан учурда 14-март күнү Тажикстандын Кожалы айылынын тургундары кыргыз жаранына тиешелүү автоунааны ташбараңга алышты. Тиреш күчөп, мушташка аз калганда күч кызматтары эптеп токтотуп калды. Айылдык Муратали ава окуя эки өлкө жарандары бирдей пайдаланган бейтарап жолдо болгонун айтты:

- Бул жол негизи Кыргызстанга тиешелүү. Таш-Тумшук айылы менен Үч-Дөбө айылын бириктирген жол. Анан чыгып алып булар майып баланын машинасына таш ыргытканы акылга сыйбайт да. Милициялары болсо элди тыйгандын ордуна карап турду. Биздин милиция элди тынчтандырууга аракет кылып жатышат.

Чек арада жыл башындагы жаңжалдан бери эки тараптан тең катнаш жок турат. Чек арада жашаган Тажигүл Турдалиева бул абалды бийлик эртелеп чечүүсү керек деген ойдо:

- Ушул айылды аралап өткөн сайын машиналарыбыз талкаланып, балдарыбыз таяк жей берип тажап бүттүк. Биз да элбиз да. Чыдай берип чыдамыбыз да калбады. Жолду тосушса, техниканы өткөрүшпөсө. Улам чек арадан бери карай жылып, отурукташа беришсе. Биздин таламыбызды да талаша турган киши болушу керек го. Ушул маселени бийлик билип туруп чечпей жатат.

Тажик жарандары кыргызстандык унааны ташбараңга алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00

Баткендин Ак-Сай, Тажикстандын Кожалы айылдарын аралап өтүүдө автоунааларга таш ыргытуу тез-тез эле кайталанып турат. Бул жолу да талкаланган автоунаанын чыгымдарын тажик тарап төлөп бермей болгондо гана чогулган Үч-Дөбө айылынын тургундары таркап кетишкен. Бүгүн 15-мартта тажик жараны терезеси талкаланган унаа ээсине 4 миң сом төлөп бергени маалым болду.

XS
SM
MD
LG