Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:09

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков чек ара боюнча президентке кайрылып, кошуна өлкөлөр менен чек араны аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдө кыргыз делегациясы тарабынан кетирилип жаткан кемчиликтерди көрсөткөн.

Исмаил Исаков “Азаттыкка” курган маегинде Кыргызстан сүйлөшүүлөрдө кайсы документтерге, келишимдерге таянуусу керектигине токтолду.

“Азаттык”: Президентке жолдогон ачык катыңызда чек араны аныктоо боюнча кошуна өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдө кыргыз делегациясы кемчиликтерди кетирип атат деп белгилеген экенсиз. Кандай кемчиликтерди кетирип атышат?

Исаков: Мындай кемчиликтерди бүгүнкү комиссиянын мүчөлөрү же өкмөт кетирген жок. Акаев, Бакиев учурунда урматтуу Аламанов мырза (Саламат Аламанов, кыргыз өкмөтүнүн алдындагы чек араны тактоо комиссиясынын мурдагы жетекчиси – ред. ) кетирип, ошондой жолго бүгүн да түшүп жатабыз.

Эң негизги кемчилиги - биздин өкмөттүн чек ара маселесин делимитация жана демаркациялоо боюнча бир позициясынын жоктугу. Кандай документтин негизинде, кантип сүйлөшөбүз, ар бир аймак боюнча өзүбүздүн далилдерди кантип айтып, мамлекеттин кызыкчылыгын коргойбуз деген программалык документи жок. Өтө коркунучтуусу - өкмөт башчы өзү, бул маселелерге жооп бере турган вице-премьер, эл аралык келишимдерди билген тышкы иштер министри баш болуп мыйзамдаштырылган, баары тааныган эл аралык келишимдерди окубагандыгы, окугусу да келбегендиги, билбегендиги, билсе да аны четке кагып, булар эч кандай документ эмес деп айтып Кыргызстандын кызыкчылыгына өтө чоң коркунуч алып келгендери болуп жатат.

“Азаттык”: Бул багытта өкмөттүн бирдиктүү позициясы жок деп айтып атасыз. Негизи эле чек ара маселелерин чечүүдө мамлекеттин саясаты барбы?

Исаков: Мамлекеттик саясат бар, жок деп айтпайбыз. Биз көп мыйзамдарды, токтомдорду чыгардык. Мунун баары саясат. Бирок булардын бардыгы бир команданын, мыйзамдын жана бир келишимдин негизинде чыккан эмес. Ар кимиси ар тараптуу болуп кеткендиктен ишке ашпай жатат. Ошонун негизинде бул жерден чыккан токтомдор өкмөт тарабынан арткарылбай калууда. Мен чек ара маселеси боюнча мамлекеттик программалык документин сунуш кылдым. Президент, өкмөт башчы, Жогорку Кеңеш жана элибиз таанышып чыгып, ушундай далилдерге таяна турган документтер бар экенин билишсин. Себеби, биз өз таламыбызды талашканыбыз менен экинчи тарапты да ойлонушубуз керек. Аларга аргументтерди көргөзүшүбүз керек.

Мисалы, вице-премьер Токон Мамытов “алар 1927-жылдагы документке таянганда бизге бул ыңгайлуу эмес, бизге 1958-жылдагы документ пайдалуу деп колдобой баса бердим”, - деп айтып жүрөт. Бул эч нерсени билбегендик, түшүнбөгөндүк, мамлекеттик саясатты алып барбагандык болуп эсептелет. Азыр биз негизинен бүт бардыгын алып таштап эл аралык келишимдердин негизинде бир нукка түшкөнүбүз оң. Муну каалайбызбы, каалабайбызбы ошол гана туура жол. Бардык жумушту ошого таянып жасашыбыз керек. Бирөөбүзгө пайдалуубу, ыңгайлуубу же жокпу талашып, ишти алып баруубуз зарыл. Анткени бул келишим Бириккен улуттар уюмунда катталып, милдеттенмелер алынган, бардыгы мыйзамдаштырылган. Андан эч ким кача албайт.

“Азаттык”: 1924-1958-жылдардагы документтерди алып салсак, чек ара тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан кайсы келишимге таянып иш алып барышы керек? Сиз айтып жаткан кайсы жылдагы документ?

Исаков: Эң биринчи келишим - Союз тарагандагы КМШ өлкөлөрүнүн түзүлүшү. Ошонун 5-беренесинде “Жогорудагы деңгээлдеги тараптар бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана шериктештигинин алкагында ушуга чейинки болгон чек аранын кол тийбестигин тааныйт жана урматтайт”, - деп так жазылып турат. Бул биринчи, эң негизги документ. Ушул келишимге биз 1992-жылы Тажикстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөр менен бирге кол койгонбуз, Алматы протоколуна киргенбиз жана милдеттенме алганбыз. Анын алкагында үч декларация чыккан. Биринчиси - 1992-жылдын 14-февралындагы Минск декларациясы. Анда дагы ушул эле сөздөр бекитилген. Экинчиси - Алматы декларациясы. Үчүнчүсү - Москва декларациясы. Бул өтө негиздүү. Анткени атайын эгемендикке жана чек ара кол тийбестигине арналган декларация. Ошондо дагы жогоруда айтылган милдеттенмелер так жана ачык жазылган.

Андан сырткары 1996-жылы Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы катнашты алып баруу боюнча келишимге кол койгонбуз. Анда дагы ушул кездеги чек араны тааныйт, урматтайт, сактайт деп белгилеп кеткенбиз. Демек, ошондогу чек араны баары тааныган. Ал эми Өзбекстан боюнча мындан да күчтүү документтер бар. 1990-1996-жылдары түбөлүк достук деп ошондогу чек араны тааныйбыз деп эки тарап тең милдеттенме алган. Сүйлөшүү болгондо ошол документтер менен салыштырып, ошол жылдагы жана азыркы аянтты салыштыруу керек. Бул жерде дагы бир маанилүү маселе бар. Союздук экономикалык иштерди алып барганда биздин жерлерди колдонушуп, жерди убактылуу колдонууга берип турушкан. Бирге союздук мамлекет болгондуктан адамдар эки тарапка өтүп үй салып иштеп калган учурлар болгон. Ошол жерлерди гана такташ керек болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG