Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Өзбекстан кармап турган телемунара кызматкерлеринин жакындары бийликке кайрылды


Аксы районундагы Үңкүр-Тоо.
Аксы районундагы Үңкүр-Тоо.

Коңшу өлкөнүн райондук ички иштер бөлүмүндө кармалып турган “Кербен -24” радиорелейлик станциянын төрт кызматкерин тез арада бошотуп берүү талабы менен анын жакындары облустук бийликке кайрылды.

Өзбекстанда кармалган Жеңиш Ташматовдун агасы Акимжан Ташматов бүгүн саат экилер чамасында кимдир бирөөлөр эл аралык чалуу аркылуу анын тууганы Өзбекстанда кармалып турганын маалымдашканын айтты. Ага чейин кол телефону өчүрүлүп, үй-бүлөсү кабатыр болуп жаткан.

Кармалгандарды бошотууга жардам сурап Аксы районунун жана Жалал-Абад шаарынын тургундары өкмөттүн облустагы өкүлү Жумагүл Эгембердиевага кайрылышты. Облус башчысы өз кезегинде бул багытта мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеп, жашоочуларды сабырдуулукка чакырды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Үңкүр-Тоодогу телемунаранын төрт кызматкери Өзбекстандын РИИБинде кармалып турганын 13-августтагы сүйлөшүүлөр учурунда маалым болгонун билдирген. Өзбек тарап радиорелейлик станциянын кызматкерлери процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн кармалганын, алар боюнча чочулоого негиз жоктугун билдиришкен.

Үңкүр-Тоо аймагында азыр абал тынч, тараптар сүйлөшүүлөрдү улантууда. Буга чейин 13-августта кыргыз чек арачылары тарабынан кармалган Өзбекстандын милиция кызматкери 22-августта Ала-Бука райондук соту тарабынан айыппул салуу менен бошотулуп, өзбек тарапка өткөрүлүп берилген.(RsK)

XS
SM
MD
LG