Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Соода чек араны билбейт


Борбор Азияда чек аралар бүтөлүп, терең аң казылса да, мыйзамдуу да, жашыруун да жолдор менен чек ара соодасы уланууда.

Мындай майда сооданын айынан өткөн жылдан бери Баткен облусу менен Өзбекстан чектешкен жерлерден кошуна чек арачылардын колунан 2 киши каза болду. Бирок соода-сатык токтогон жок.

Ош-Баткен чоң жолунун боюнан орун алган "Халмион" базарында аптанын 7 күнү ушундай кыжы-кыйма соода жүрүп, бут койоорго жай жок. Кардарлардын 90 пайызга жакыны кошуна өлкөдөн келгендер. Алардан дээрлиги чек арадан качып өткөн же чек арачы менен сүйлөшүп, чай-чакасын берип келгендер.

Кошуна соодагерлер "Халмиондон" алган жүктөрүн түйүнчөктөргө түйүп, чаканыраак кылып алып, чек арачылар көзөмөлдөбөгөн жерлерден, бирөөлөрдүн коргондорунан качып өтүшөт. Чек арачылар көрүп калса, айрыкча өзбекстандык чек арачыларга кармалып калса, жүгүнөн кол жууйт, айып да төлөйт, айтканга баш ийбесе ок тиет.

Өзбекстандан келип жүк алып жаткан Жамийла эже чек арадан кантип өтүп келгенинин четин чыгарып, "мени таанып калышса, кийинки аптада базарга келбей калышым мүмкүн, анткени Фергана облус аймагында "Азаттык" үналгысын тынбай угабыз" дейт.

- "Азаттык" биздин аймакта туптунук тартат. Угуп калышса мага зыян болуп калышы мүмкүн. Чек арадан качып өтөбүз. Көп жерлерде чек арачылар жок. Коргондордон өтөбүз. Чек арачылар менен анча-мынча сүйлөшөбүз.

"Халмион" базарында соода кылган Сайткул Шайбеков темир-тезек сатат. 90 пайыз жүгүн өзбекстандык кардарлар алат экен. "Чек ара ачык болсо жакшы, анткени карапайым элге пайда болот" дейт:

- Мен 3 жылдан бери ушул базарда соода кылам. 100 пайыз десем аша чапкандык болом, 90 пайыздан ашык кардарым Өзбекстандан. Соода-сатык токтоп калган жок. Бирок ээн-эркин карым-катнаш кылсак жакшы да.

Чек ара Өзбекстан тараптан 2010-жылдан кийин катуу кайтарууга алынган, бир тараптуу жабылган учурлары да бар. Бирок мындай чаралар чек аралаш аймактагы соода карым-катнашты токтото алган жок.

Өзбекстандык дагы бир кардар Зулфия эже айрыкча чүпүрөк, Кытайдын буюм-тайымдарынын баары Кыргызстан аркылуу кирип турат дейт.

- Биз тарапка айрыкча кездемелер өтөт. Эки кошуна калк өмүр бою бири-бирине таянып калган. Соода болбосо, эки элге бирдей кыйын болот. Азыр эми айла жок, мыйзамсыз аракет кылып жатабыз. Чек арада шарт жакшы болсо, жүктү чоң жол менен ташысак кандай жакшы.

Чек ара расмий түрдө жабык делингени менен ушинтип карым-катнаш токтобой, соода жүрүп турат. Чек арада абал канчалык оорлогон сайын соода тынымсыз. Бирок күнүнө же айына канча товар айланып, канча жүк өтүп жатканын так эч ким айта албайт. Анткени мында товар айлантуу каттоого алынбай, мыйзамсыз жүрүп турат.

Чек араны катуулатып, тосмологон менен мындай мамилени бир заматта токтотууга болбойт, ара-чолодо ушундай жол менен соода кыла койом деп чек арачылардын огуна кабылгандар да болуп жатат. "Андан көрө чек арада карапайым калк үчүн шарт жаратып бергени жакшы" дейт Матубраим Исаков:

- Чынында соода-сатыкта татаал болуп калды. Ошондуктан элдин экономикасын ойлогондор шарт түзүп беришсе жакшы болмок. Мындай байланыш эки элде токтобойт да. Анткени биз бири-бирибиз менен алака кылбасак болбойт. Мына ушунтип соода кылабыз деп чек арачылардын огуна да тийип жатат. Ага карабай мамиле токтогон жок.

Өткөн жылдан бери чек ара аймагынан бир аз жүктү ары-бери алып өтөм деп өзбек чек арачыларынын колунан бир кыргызстандык, бир өзбекстандык жаран набыт болгон. Бирок соода токтогон жок.

"Халмиондо" соода токтобойт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:29 0:00

XS
SM
MD
LG