Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Клейнбах: кыз ала качуу азайганы кубандырат


Рассел Клейнбах
Рассел Клейнбах

Кыргызстанда кыз ала качуу көрүнүшү азайды, бул салт эмес, кылмыш экенин билип калышты. Бул тууралуу "Кыз коргон институту" коомдук уюмунун өкүлү, Филадельфия университетинин мурдагы кызматкери, кыз ала качууну иликтеп жүргөн эксперт Рассел Клейнбах "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

Рассел Клейнбах: Биз 2008-жылы жаңы долбоор баштап, ар бир облустун бирден-экиден айылына барып чыккан элек. Анын алкагында турмушка чыкканына бир жыл болгон келиндерден бирден интервью алып, сурамжылоо уюштурганбыз. Ошондо кыздын эркине каршы ала качуу 51% түзгөн болчу.

2009-жылы биз бир жыл мурда таанышуу материалдарды таштап кеткен айылдарга кайрадан барып сураганыбызда, ала качуу 22 пайызга азайган экен. Ошондо биз окутуу жолу менен, жаш кыздарга маалымат берүү менен иштесек, натыйжалуу болоруна ынандык.

Эми ушундай эле долбоорлорду улантып жатабыз. Кочкордогу беш айлык жаңы долбоор да абдан ийгиликтүү болду. Ушул убакыт аралыгында эле ала качуунун саны азайганын көрдүк. Мындай окуядан кийин ата-энеси менен барып сотко бергендер да, отурбай кетип калгандар да бар экен.

Эми ушундай эле жаңы долбоор менен Ысык-Көлдүн Тоң районуна баратабыз. Ал жерде 31 мектеп бар. Ар бир мектепке семинар өткөрүп, кээ бир айылдарды тандап алып изилдөө жүргүзөбүз. Азыр бир айылдан интервью алып кетсек, бир жыл ичинде кайра ошол жерден жаңы турмушка чыккандардан сурамжылоону улантабыз. Ошондо биздин долбоор натыйжа берип-бербегенин билебиз. Учурда биздин долбоорду АКШ элчилигинин алдындагы демократиялык комиссия программасы, ЮНИСЕФ жана Британия элчилиги колдоп, каржылык көмөк көрсөтүүдө.

“Азаттык”: Бул айылдарды эмненин негизинде тандап алдыңыздар же бул жакта ала качуу деңгээли жогору бекен?

Клейнбах: студенттер, окуучулар кыз ала качуу кылмыш экенин билип калышты
Клейнбах: студенттер, окуучулар кыз ала качуу кылмыш экенин билип калышты

Рассел Клейнбах: Биринчи жолу изилдөөнү баштаганда мисал катары чакан айылдарды алалы дегенбиз. Ушул эле долбоор Караколдо да иштеген. Анткени бул аймакта ала качуунун айынан өз жанын кыйган окуя катталган.

Экинчиден, бул маселени биринчилерден болуп Кара-Колдогу жарандык коом көтөрүп чыккан. Үчүнчүдөн, биздин гранттын суммасына да жараша болот. Тоң менен Кочкорду алганыбыздын себеби деле ушундай. Биздин маалыматыбыз боюнча, ала качуу бардык эле жерде катталат. Буга Бишкек шаары да кирет. Күзүндө Кыргызстанга келгениме бир жума болгондо эле Бишкекке тойго чакырышты. Ал жерде да өз эркине каршы ала качуу болгон экен.

“Азаттык”: Ала качуу салыштырмалуу кыскарды, азайды деп айтып атасыз. Канча пайызга азайды десек болот?

Рассел Клейнбах: Жалпысынан алганда бизде дурусураак далилдер жок. Бирок акыркы жумуш учурунда байкашыбызга караганда көп адамдар, студенттер, окуучулар кыз ала качуу кылмыш экенин, ислам дининде да колдоого алынбай турганын билип калышыптыр. Кыздар өздөрү да ала качып кетсе, отурбайбыз деп айтып калышты. Бул биз үчүн чоң жетишкендик.

Биз бир жыл аралыгында ала качуу аркылуу турмушка чыккандарды сурайбыз. Окуучулардан жакындары же алар тааныган адамдарды ала качкан жок беле деп сурайбыз. Бир студент үч күн ичинде эки жолу кыз ала качууга күбө болгонун, бирок экөө тең отурбай кетип калганын айтып берди.

“Азаттык”: Ала качуу боюнча кыздардын пикири өзгөрүп, бул кылмыш экенин билип калыптыр. Бирок жигиттердин пикири өзгөрдүбү? Анткени бул көрүнүш дале болсо уланып келатпайбы?

Рассел Клейнбах: Эркектерден бул багытта акыркы жолу 2001-жылы интервью алганбыз. Азыркы долбоордо кыз-келиндердин гана оюн сурайбыз. Ал эми окуучу балдарга кайрылганыбызда алар кайра бизден “Эгер эркек тартынчаак болсо ала качса болобу?” деп сурашат. Ал эми айылдарда көп адамдар ала качууну салт деп ойлогондуктан дале токтобой жатат. Кээ бир жигиттер бул аракет мыйзамга каршы келерин деле билбейт.

XS
SM
MD
LG