Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

Сүйлөшкөн кызың барбы?


"Кыз ала качуу" Кыз Коргон институтунун иллюстративдик сүрөтү

"Кыз ала качуу" Кыз Коргон институтунун иллюстративдик сүрөтү

Эх, кыздар, кыздар, кыздар. Кызгалдактай болуп ата-энеңердин төрүндө эркелеп чоңоюп, анан эле бир күнү тагдырыңар ташталканы чыгып, өмүр менен биротоло коштошуудан башка жол таппай калганыңар баарыбызды өкүндүрдү. Башкаларды билбейм, менин эсимен чыкпай койдуңар.

18-май күнү Караколдо 200дөй киши чогулуп жөө жүрүш өткөрүп эскерген, кайгы-муңга толгон каты окулган маркум Венера менен Нурзатты айтам. “Ушундай жашоодон көрө тозокко барууга даярмын”, - деп жазыптыр аты уйкаш сиңдим.

Венеранын калтырып кеткен каты


Экөө тең 20га жаңыдан толуп, алдыда кандай жашоо күтүп турат деп көздөрү жайнап турганда “ушул кыз мага ылайыктуу экен” деп суроо-сопкут салып убара тартпай эле айылдаш эргулдар ала качып кеткен экен. Отурбай кетип калайын десе тууган-туушкан, кемпир-кесек ар тараптан “уят, шерменде болосуң” деп жулмалап жоолук салып коюшкан.

Биздин кабарчыбыздын суроосуна жооп берип жатып, маркум Нурзаттын ала качып алган күйөөсү Улан: “сүйлөшүп эле жүргөнбүз. Мен Нурзатка үйлөнөйүн деп чечкем. Ал негедир көңүлдөнбөй жүрдү, даяр эмес болсо керек”, - деп кайдыгер кеп салат. Нурзаттын апасынын айтымында, ал Улан аттуу айылдаш жигит кызына сөз айтып, аракет кылып жүргөнүн кулагы чалган, бирок кызы ал жигитке көңүлү жок экенин айтып сырдашкан деп канкакшайт.

Уландын “сүйлөшүп эле жүргөнбүз” деп актанганы ушунчалык тааныш угулду кулагыма. Эмнеси бар экен, сүйлөшүп эле жүргөн! Нурзатты үйүнөн көчөгө чакырып алып бир нече ирет сүйлөшкөн, атүгүл экөөнүн көчөдө кобурашып турганын көргөндөр бар. Ошон үчүн “сүйлөшкөн кызым” бар деп эсептеген. Анан эле көтөрүп барып көшөгөгө отургузса так секиргени эмнеси?!

Жүздөгөн, атүгүл миңдеген жаш жигиттердин бетке карманаар логикасы ушул. Баткен, Талас, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүйдөгү кабарчыларыбыз мектептерде окуу жылы аяктагандан тарта айылдарда кыздарды ала качмай күчөдү деп улам бир кабар жөнөтүшөт. Быйыл дагы жүздөгөн, а балким миңдеген жаш кыз “көрөөр күнүм, бараар жерим ушул турбайбы” деп тагдырга моюн сунду. “Ала качып албаса, жашоом башкача болот беле” деген бала кыялы, аруу сезими өмүр бою алардын ичинде жашай берет.

Ызасына чыдабай, кордуктан тажагандар маркум Нурзат менен Венеранын жолуна түшөт.

Коомчулук кайдыгер карап турганда, кайгы-муңдуу кыз-келиндер армиясы арбыгандын үстүндө. Чечкиндүү чара көрүш үчүн дагы канчасы өз жанын өзү кыйышы керек?


Венера Сагындык кызы,
Прага шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG