Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Украина орус актёруна каршы кылмыш иш ачты


Орус актёру Иван Охлобыстин "Моторола" атка конгон жикчилдердин лидери менен, 2014-жыл.
Орус актёру Иван Охлобыстин "Моторола" атка конгон жикчилдердин лидери менен, 2014-жыл.

Украинада орусиялык актёр, режиссер Иван Охлобыстин террорчулукка шектелип, бул боюнча атайын иликтөө иштери башталды.

Иликтөө орус актёру Донецк аймагындагы Орусия колдогон жикчилдерден паспорт алгандан кийин башталганын Украинанын коопсуздук кызматы жарыялады.

Орус маалымат каражаттары Охлобыстин жикчилдердин лидери Александр Захарченконун колунан паспорт алганын жазып чыгышкан. Орус актёру Украинанын чыгышындагы жикчилдерди ачык эле колдоп келген.

XS
SM
MD
LG