Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:31

Том Кент Еревандагы журналисттерге кол салууну айыптады


Еревандагы полиция менен нааразылыкка чыккандардын кагылышуусунда “Азаттыктын” үч кызматкери жабыркаган. Буга байланыштуу “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын президенти Том Кент өз ишин аткарып жаткан журналисттерге кол салууну айыптап, күнөөлүүлөр жазасын алат, ал эми армян бийлиги журналисттердин коопсуздугуна кам көрөт деген үмүтүн билдирди.

“Азаттыктын” армян кызматынын кабарчылары Карлен Асланян, Ованнес Мовсисян жана Гарик Арутунянга союл жана темир чынжыр менен куралданган кишилер кол салган. Алардын бири Ованнес Мовсисян полициянын көздөн жаш агызуучу газына ууланып, ооруканага түшкөн.

Полициянын басма сөз катчысы Агаронян Фейсбуктагы баракчасына “Азаттыктын” журналисттерине кол салуу боюнча иликтөө жүргүзүүнү убада кылды. Ал эми акыйкатчы кабарчыларга кол салгандар полиция кызматкерлери болгон деген маалымат такталарын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG