Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Баткен: операция жолу менен төрөгөндөр көбөйүүдө


Баткен облустук төрөтканасынан билдиришкендей, өткөн жылдын алты айында 165 аял операция жолу менен көз жарса, быйылкы жылдын ушул мезгилинде мындай жол менен төрөгөндөр 180ге жеткен. Буга төрөт жашындагы энелер өз ден соолугуна кам көрбөй, кайдыгер мамиле жасашы, толук витаминдүү тамактанбашы жана чет өлкөдө жумуштап жүргөн учурда дарыгердин көзөмөлүндө болбой, ай-күнү жакындаганда гана мекенине келип жатышы себеп дешет дарыгерлер.

Ошол эле учурда облустук ооруканада реанимобиль жана гемодиализдин жоктугу да көйгөйлүү маселе бойдон кала берүүдө. (JsA)

XS
SM
MD
LG