Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Бюджет долбооруна каршылар көбөйүүдө


Быйылкы жылдын бюджет долбоору биринчи окууда кабыл алуу үчүн парламент жыйынына жакын арада сунушталат.
Быйылкы жылдын бюджет долбоору биринчи окууда кабыл алуу үчүн парламент жыйынына жакын арада сунушталат.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 2011-жылдын бюджетинин долбоорун сынга алып, ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо.

Жарандык коомчулуктун өкүлдөрү болсо аны азыркы абалында кабыл албоого чакырууда.

Талаш-тартыштуу долбоор

2011-жылдын бюджетинин долбоору көптөгөн талаш-тартышты жаратып, аны кабыл алууга болжогондон көбүрөөк убакыт кетет окшоп калды. Бюджет жана финансы комитети парламентте бюджет долбоору боюнча ачык угуу уюштуруп, экономисттер, ишкерлер, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте маселени талкуулашты.
Мамлекеттик түзүмдөрдүн, чиновниктердин саны азайбай эле кайра көбөйгөнү ишкерлер жана салык төлөөчүлөргө эле жүк болчудай.

Бул жылы ички дүң өнүмдүн көлөмү 245 миллион сом деп бааланса, анын 90 миллион сомго жакынын же 37 пайызын мамлекеттик коромдор түзөрү көрсөтүлгөн. Мамлекеттик түзүмдөрдүн, чиновниктердин саны азайбай эле кайра көбөйгөнү ишкерлер жана салык төлөөчүлөргө эле жүк болчудай. Маселен, бюджет долбоорунда мамлекет былтыркыга караганда 36 пайызга, 2009-жылкы бакиевдик бийлик короткон акчага караганда 41 пайызга көп каражат коротору көрсөтүлгөн.

Ишкерлер болсо ички дүң өнүмдүн өсүшү 5-6 пайыз деп болжонуп, ошол эле маалда бюджеттин киреше бөлүгү 30 пайызга көбөйтүлгөнүнө тынчызданышууда. Анткени, мамлекет - жалпы кирешенин 25 пайызын салыктардын эсебинен көбөйтүүнү пландаган. Бул өз кезегинде ишкерлер үчүн салыктын оорлошуна, анын аркасында көмүскө экономиканын деңгээли дагы да өсүшүнө алып келмекчи. Андай шартта тескерисинче чогулган салыктардын саны азайып калуу ыктымалдуулугу бар.

Тактык менен ачыктык жокпу?

Белгилүү экономист Айылчы Сарыбаевдин айтымында, көмүскө экономиканын өлчөмү 70 пайызга чаап барат. Ал эми былыйкы жылдын бюджети ушундай абалда кабыл алынса, абал дагы оорлойт. Анын пикиринде, азыркы бюджет долбоору – каржы тармагын башкаргандардын билими, деңгээли төмөндүгүнөн кабар берип турат.

Бюджеттик саясат боюнча эксперт Зоотбек Кыдыралиевдин пикиринде, бул жылкы бюджеттин долбоорунда тактык, ачыктык жок. Чиновниктер үчүн ашыкча эле көп каражат каралып калган. Бирок ошентсе да аны кабыл алууну кечеңдетпөө керек:

- Практикада жүргөн адам катары айтайын. Бул долбоор. Долбоорду кабыл ала беришсин. Жок эгер аткарылбаса, анда сураш керек. Чынында бул кабыл алына турган мыйзам догма эмес, өзгөртпөй коё турган константа эмес. Эртең элеби, бир ай же эки айдан кийин деле өзгөртүп койсо болот. Жаңы өкмөт болуп атса булар, анан булардын бюджет долбооруна өтө ишенбөөчүлүк менен мамиле кылыштын деле кереги жок деп ойлойм.

Парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, бюджет долбоорунда көптөгөн кемчиликтер ошол бойдон калып калганын айтып, муну мурдагы Каржы министри Чоробек Имашев кызматынан кетип калуусуна байланыштырды. Эми аталган комитет бир катар оңдоо-түзөтүүлөрдү киргизүү сунушу менен бюджет долбоорун парламенттик жыйынга алып чыгат:

- Төртүнчү күнү бул долбоорду биз парламентке биринчи окууда кабыл алууга сунуштайбыз, киреше, чыгашасын да бекитип берүү боюнча. Ошону менен бирге 3 миллиард 300 миллион сомдон ашык, мыйзамда жок, “буюрса болот” деген жел акчаларды биз бюджетке киргизбөөнү сунуштап атабыз. Анткени бул бир катар мыйзамдарга каршы келет.

Кыргызстанга канча чиновник керек?
Кыргызстандай калкы бар өлкөгө 50 жогорку даражадагы, 350 орто даражадагы менеджер жетиштүү.

Жаңы дайындалган Каржы министри Мелис Мамбетжанов болсо бир катар сын-пикирлер жүйөлүү экенин айтканы менен көптөгөн суроолорго азырынча жооп бере албай турат. Анын айтымында, айтылган сунуштар эске алынат.

Ал арада “Жарандар коррупцияга каршы” уюму өлкөдө экономиканын 60 пайыздан кем эмес бөлүгү көмүскөдө турганын, азыркы бюджет долбоору ачык эместигин жана ири коррупциялык иштерге жол берерин айтып чыкты.

Бир катар ишкерлер болсо Колумбия университетинде иштелип чыккан “Мамлекетти эффективдүү башкаруу” ыкмасы боюнча Кыргызстанга канча чиновник керектигин эсептеп чыкканын билдиришүүдө. Ага ылайык, Кыргызстандыкындай калкы бар өлкөгө 50 жогорку даражадагы, 350 орто даражадагы менеджер жетиштүү. Ал эми чиновниктердин азыркыдай саны бюджет үчүн өтө эле оор болуп, коррупциянын тамырлап өсүшүн шарттоодо.

XS
SM
MD
LG