Линктер

Кыргызстандын өкмөтү 2017-жылга өлкө бюджетинин долбоорун иштеп чыгып, кийинки эки жылга божомол жасады. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу республикалык бюджеттин киреше-чыгашасы кандай, миллиарддаган дефицит эмне менен жабылат?

Өлкөнүн каржы документи эмнелерге артыкчылык берет, тышкы карызды төлөөнүн көбөйүшү кандай оорчулуктарды алып келиши мүмкүн ж.б. ушул өңдүү маселелерди бүгүнкү “Арай көз чарай” берүүбүздө кеп кылабыз.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров жана Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков катышты.

“Азаттык”: Мирлан мырза, жума башында кыргыз өкмөтүндө өлкөнүн 2017-жылга бюджетинин долбоору каралды. Келерки жылдын каржы документи мурдагы жылдарга салыштырганда эмнеси менен өзгөчө?

Экономика жаатында эле эки минден ашык мыйзам кабыл алынган, бирок алардан натыйжа болбой жатпайбы.

Мирлан Байгончоков: 2017-жылга республикалык бюджеттин киреше булагы, 140,9 миллиард сомду түзсө, чыгашасы 175, 3 миллиард сомдон ашууда. Ошолордун ортосунда бюджеттик тартыштык 23 миллиард сомдон ашык сумманы түзүүдө, б.а. ал ички дүң продукциянын 4,7 пайызын түзүүдө.

Мурдагы жылдарга салыштырганда айырмачылыктарын айтсак, өлкө бюджети 2016-жылы Жогорку Кеңештин кабыл алган токтомунун негизинде жана быйыл кабыл алынган “Бюджет жөнүндөгү кодекстин” негизинде даярдалды.

“Азаттык”: Мирлан мырза, өзүңүз айткан 2017-жылы республикалык бюджеттин кирешеси жана чыгашасынын ортосундагы 23 миллиард сомдон ашык жетишсиз акча кайсы булактардын эсебинен жабылат?

Мирлан Байгончоков: Бюджеттик тартыштыктын булактары каралган. Мисалы, мамлекеттик ички инвестициялык булактардын, баалуу кагаздарды чыгаруу ж.б. жолдор менен каржылоону толук жабабыз.

“Азаттык”: Акылбек мырза, бюджеттин долбоорунда мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатындагы чыгым 4 миллиард сомго (анын ичинде мамлекеттик аппаратка 400 миллион сомдон ашык), күч түзүмдөрүнө 600 миллион жана социалдык тармакка болжол менен 3,5 миллиард сомго көбөйөт деп жүрөт. Ошол эле учурда реалдуу секторго чыгым дээрлик 4,2 миллиард сомго кыскарып жатат. Бул эмне, мамлекет эсебинен ички инвестиция, капиталдык салымдар азаят же мектептер курулбайт деген сөзбү?

Айлыкты көбөйтүү бюджеттеги мүмкүнчүлүккө жараша болот. Келерки жылы мамлекеттик мекемелердеги тейлөө жаатында иштеп жаткандарга айлыгын көтөрөлү деп жатабыз.

Акылбек Жапаров: Биз эгемендүүлүк алган 25 жыл ичинде талкуулоонун үстүндө эле болуп, өнүгүүнүн үстүнөн иштебей келатабыз. 2017-жылдагы бюджет жөнүндө айтсак, президент чын эле өзүнүн артында киши калтырбай тургандыгы көрүнүп жатат. Анткени кирешебиз көбөйүп, чыгашабыз азайды. Эгер 2011-жылдагы бюджетти карасак, чыгаша кескин түрдө көтөрүлүп кеткен. 25 жылдан бери биз социализм же капитализм куруп атабызбы түшүнбөй койдук.

Коммунизм куруп жаткан кошуна Кытайга барсаң, жолдору бир сонун, ага акча төлөш керек, жерге аларда пособие төлөнбөйт экен. Айтор, көп өлкөлөрдө көп реформалар жүрүүдө. Бизде төртүнчү президент, 29-премьер-министр иштеп жатат, баары жыргатам деп сонун убадаларды беришет.

Экономика жаатында эле эки минден ашык мыйзам кабыл алынган, бирок алардан натыйжа болбой жатпайбы. Ошентсе да 2007-жылы биз иштеп турганда өлкө бюджети тартыштыгы жок чыкканбыз. Эл аралык финансы уюмдарынан да туура кадам болгонун айтышкан. Биз, кирешени, чыгашаны да ирээттөөгө күчүбүз жетерин көргөзгөнбүз жана далилдегенбиз. Өткөндө президент интервью берип жатып “бюджетте жок акчаны сарптаган диверсия” деди. Ошондон улам айтсак, ушул убакка чейинки өкмөт башчылары реалдуу секторго акча жумшабай, популисттик жолго түшүп алышкан.

“Азаттык”: Мирлан мырза, социалдык тармакка каржылоо 3,5 миллиард сомго көбөйөт, деп жүрөт бюджет долбоорунда. Мында мугалимдер, дарыгерлер, маданият кызматкерлеринин ж.б. айлык-маянасы көбөйөт, десек болобу? Болсо кимге канча пайыз кошулат?

Милран Байгончоков: Айлыкты көбөйтүү бюджеттеги мүмкүнчүлүккө жараша болот. Келерки жылы мамлекеттик мекемелердеги тейлөө жаатында иштеп жаткандарга айлыгын көтөрөлү деп жатабыз. Аларга 1, 2 миллиард сом бюджеттен каралып жатат. Ал эми башка социалдык тармактар боюнча айлык акыны көбөйтөбүз деп азырынча айта албайбыз.

Акылбек Жапаров: Биз ар бир нерсени өз ордуна койгонду үйрөнүшүбүз керек. Башаламандык токтобой койду. Мисалы, Мединституттагы кафедра башчысына караганда ооруканадагы пол жууган кызматкер көп айлык алат. Азыр Кыргызстанда мамлекеттик мекемелерде, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын, милиция, коопсуздук кызматтарын, президент, депутаттар ж.б. кошкондо алар жалпы калктын алты пайызын түзөт. Ошолор бизди жыргатабыз деп эле келатат. Аларга 46 миллиард сом бюджеттен акча кетет.

Кумтөр

Кумтөр

Тилекке каршы, өнүгүүгө, реалдуу секторго акча бербейбиз. Мындан кийин саясат өзгөрүп, ар бир акчага жооп беришибиз керек. Берген акчанын натыйжасын сурашыбыз керек.

Милицияга акчаны бергенден кийин кылмыштуулук азайышы кажет, ооруканада элди тейлөө жакшырышы керек, талап болушу зарыл. “Акча берип жатабыз, эмне үчүн шаар таза эмес” деп сурашыбыз керек. Билим берүүгө 25 миллиард сомдон ашык акча беребиз, тилекке каршы, Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ОРТ) окуучулардын 60 пайыздан ашыгы өтө албай калган. Бул бюджетти актабагандык десек болот.

“Азаттык”: Мирлан мырза, келерки жылы эл аралык уюмдардын жардамы, грант жана насыя түрүндө дээрлик 8 миллиард сом алуу пландалууда, бул быйылкыдан 2,3 миллиардга көп. Ал каражат кайсы уюмдан, кайсы тармакка келет? Ал каражаттардын келерине канчалык кепилдик бар?

Мирлан Байгончоков: Ошол 8 миллиард сомдун 3,4 миллиардды грант түрүндө, 4,6 миллиард сом насыя түрүндө келет. Бул каражаттардын келиши эл аралык уюмдар менен макулдашылган.

“Азаттык”: Акылбек мырза, мамлекеттин бюджети өндүрүштүн өнүгүшү менен тыгыз байланыштуу эмеспи, кыргыз экономикасынын локомотиви болгон Кумтөрдөн ойдогудай акча түшкөн жок, Кара-Балтадагы мунай заводуна да көп үмүт арттык эле ал дагы болгон жок, демек, ушундай шартта бюджетти кантип көбөйтө алабыз?

Акылбек Жапаров: Кумтөр менен чатактар бүтпөгөнү аз келгенсип, эми “Газпром” дагы 50 май куюучу пункттарын ижарага берем деп чыкты. Бул өтө коркунучтуу жагдай, бул тармакта аткезчилик өсүп жатат, деген сөз. “Газпром” Кыргызстандагы экинчи орундагы ири салык төлөөчү.

“Азаттык”: Ижарага берем дегени эмнеси?

Акылбек Жапаров: Бюджетке салык төлөбөйм, 200 кишини жумуштан бошотом деген сөз.

XS
SM
MD
LG