Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:09

Кыргызстандын борбору Бишкекте акыркы жылдары курулуш күч алып, көк тиреген кабат-кабат үйлөр салынууда.

Бирок курулуштарды бир багытка бурган архитектуралык-композициялык талап жок болгондуктан көз тайгылткан үйлөр менен өткөн кылымдын эстелиги катары калган жепирейген тамдар катар орун алып, борбор шаардын көркү бузулууда. Бул кемтикти жөнгө салуу үчүн Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы “Бишкек шаарынын тарыхый борборун реконструкциялоо жана өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдады.

Ал долбоорду парламент кабыл алабы? Эгер жактырса, борбор калаа кандай өзгөрүүлөргө дуушар болот? Эски тамдардын ээлерине кандай кам көрүлүп, укугу кандай корголот?

“Азаттык” бүгүнкү “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселени ортого салат.

Катышуучулар: Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Бишкек шаарынын архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Канат Анарбеков.

Бишкектин борборун карасаңыз, 1930-жылдары салынган жепирейген үйлөргө айнек, бетон менен курулган, ичке үйлөр кошуна болуп жатат.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, “Бишкек шаарынын тарыхый борборун реконструкциялоо жана өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдадыңыз. Анын башкы максаты эмне? Бишкекти эски имараттардан арылтып, жаңы көрк берүүбү же курулуш компанияларына жер бошотуп жардамдашуубу?

Өмүрбек Текебаев: Бишкек - Кыргыз Республикасынын саясий, административдик жана маданий борбору. Бишкекте өлкөнүн башкаруу органдары, маданий, илимий мекемелери жайгашкан. Бишкек экономикалык гана борбор болбостон, анын өнүгүшү жана тышкы келбети чоң саясий мааниге ээ.

Коңшу мамлекеттердин борборлорун карай турган болсок, акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Жарандык согуштун кесепетинен өнүгүшү токтоп калган Тажикстандын борбор шаары деле кийинки кезде абдан катуу өзгөрүп баратат.

Бишкекти өнүктүрүү боюнча пландуу бир багыт жок болгондуктан башаламан өнүгүп жатат. Борбордо жер ресурсу аз, жердин баасы кымбат. Бирок жер эффективдүү пайдаланылбай башкы план боюнча ири комплекстер курула турган жерлерде майда-майда үйлөр курулуп, шаар курулушу боюнча талаптар аткарылган жок. Шаарда машина токтото турган, балдар ойноочу жайлар жок, коопсуздук жана башка социалдык эрежелер аткарылган эмес.

Бишкектин борборун карасаңыз, 1930-жылдары салынган жепирейген үйлөргө айнек, бетон менен курулган, ичке үйлөр кошуна болуп жатат. Андай чоң үйлөр кенен болуп курулушу керек эле, бирок анын жанындагы кожоюн үйүн сатпайт же асмандаган акча сурайт. Куруучунун акчасы жок болгондуктан чакан жерге көп талаптарды бузуу менен кууш, ичке үйлөрдү куруп жатат. Бул борбордун архитектуралык кейпин бузууда. Ошондуктан Бишкек шаарын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору даярдалды.

Бишкек шаарындагы республикалык маанидеги тарыхый жана башка мааниге ээ имараттарга карата төрт түргө бөлүнөт. Анын ичинде тарыхый борбор деп аталган жердин аянты 1.5 гектар экен. Биздин мыйзам долбоор ошол тарыхый борборду реконструкциялоого багытталган.

Конституцияга ылайык, жеке менчик абсолюттук менчик эмес жана алар мамлекеттик, коопсуздук жана адам укугун сактоо максаты менен мамлекет эсебине алынса болот. Андан тышкары коомдук жана мамлекеттик керектөөлөр үчүн жеке менчик соттун чечими менен мамлекеттик же муниципалдык менчикке өтүшү мүмкүн. Тарыхый борборду реконструкциялоодо Конституциядагы мына ушул жолду тактап жазып жатабыз. Андан тышкары үй ээлеринин укугун коргоо жолдору да көрсөтүлгөн.

Биринчи Май району жайгашкан тарыхый борбордогу курулуштарга катуу талаптарды коюп же мораторий жарыялап туруп өзгөртүү керек.

“Азаттык”: Канат мырза, эгер Жогорку Кеңеш бул мыйзамды кабыл ала турган болсо эң алгач Бишкектин кайсы райондорунда реконструкция иштери жүргүзүлөт? Дегеле мындай иштер мурда борборду өнүктүрүү планында каралган беле?

Канат Анарбеков: Башкы план деген концептуалдуу документ. 2006-жылы Бишкектин башкы планы даярдалып жатканда эки-үч жыл бою талкуулаганбыз. Ошондо Мамлекеттик курулуш агенттиги бардык архитекторлорду чогултуп, өзгөртүүлөр киргизилген болчу. Кийин өкмөт токтому бекитилген ал планга ылайык өзгөртүүлөр эмнегедир мурдагы планга киргизилип, оңдолбой калыптыр. Бул көп суроону жараткан өзгөчө маселе. Бирок мыйзам боюнча башкы план ар бир 10 жылда адамдардын жашоо-турмушунун өзгөрүшүнө жана талаптарына жараша өзгөртүлүп турат.

Азыр Жогорку Кеңеш даярдап жаткан долбоор мына ошондой максатты көздөгөн эң туура аракет. Ал мыйзам долбоору боюнча биринчи кезекте Биринчи Май району жайгашкан тарыхый борбордогу курулуштарга катуу талаптарды коюп же мораторий жарыялап туруп өзгөртүү керек. Эгер андай аракет болбосо, биз башкы шаарыбыздын тарыхый борборунун мазмунун жоготуп алабыз.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG