Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Курулушту агайындардан арылтуу аракети


Бишкек шаарындагы жаңы курулуштар.
Бишкек шаарындагы жаңы курулуштар.

Курулуш агенттиги мамлекеттик, саясий ишмерлердин жакындарына таандык курулуш компанияларына лицензия берүүнү тартипке салууну сунуштады.

Өкмөт алдындагы Курулуш, архитектура жана турак-жай агенттиги көтөргөн демилге бул тармактагы коррупцияга бөгөт коюу максатын көздөйт. Ага ылайык, аткаминерлердин жакындарына таандык компанияларга лицензия берүүдө кошумча талаптар коюлуп, мамлекеттик тендерлерге катышуу укугунан ажырайт.

Курулуш агенттигинин төрага орун басары Данияр Шейшекановдун айтымында, буга чейин жогорку кызматтагылардын компаниялары мыйзам бузган учурлар арбын болуп келген:

- Бул сунушка ылайык, мамлекеттик жогорку кызматтагы, укук коргоо органдарында иштеген адамдардын жакындарына таандык компаниялар лицензия алууда маалыматтын баарын ачык көрсөтүшү керек. Ошондой эле мындай компаниялар республикалык жана муниципалдык бюджеттен каржыланчу тендерлерге катыша албайт. Мунун баары тармактагы коррупцияны азайтуу максатында жасалып жатат. Анткени, айрым жетекчилер курулуш компаниясын ачып, өз таасирин салуу менен тендерлерди уткан учурлар болгон.

Шейшеканов кошумчалагандай, мындай компаниялардын атайын тизмеси түзүлүп, коомчулук алдына жарыяланат. Ал тизме аркылуу кызыккандар аткаминерлердин жакындарына таандык компаниялардын эмне иш кылып жатканын, кандай мыйзам бузууларга жол бергенин көзөмөлдөп турса болот.

Учурда бул сунуш өкмөткө жөнөтүлдү. Өкмөт аны жакынкы күндөрдө карап, атайын токтом кабыл алынышы күтүлүүдө.

Быйыл май айында жооптуу кызматкерлер жана алардын жакындарына таандык тиешелүү компаниялардын мамлекеттик тендерге катышуусуна тыюу салган мыйзам кабыл алынган эле. Аталган мыйзамдын демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Курулуш агенттигинин демилгесин оңунан баалап, кирешелүү делген курулуш тармагына кызыгып, фирма ачкан чиновниктер арбын экенин айтууда:

- Учурда көптөгөн министрлер, депутаттардын компаниялары иштеп жатат. Жогорку Кеңешти айтсам, депутаттардын 50 пайызга жакынынын компаниялары бар. Алар тендердик комиссияларга аралашып, ар кандай мыйзамсыз курулуштарды курган учурлары көп кездешет. Ошондуктан, мындай сунушту туура деп эсептейм.

Бул демилгени буга чейин жарандык коом өкүлдөрү да көтөрүп келген. Бишкектеги мыйзамсыз курулуштарга каршы иш алып барган жарандык активист Калича Умуралиеванын айтымында, өкмөттө же шаар бийлигинде жогорку кызматтагылар жакындарына каттатып, компания ачууну адатка айландырган. Умуралиева мындай демилгенин туура көтөрүлгөнүн белгилеп, бирок аны ишке ашыруу кыйын болоорун эскертүүдө:

- Бул абдан жакшы демилге. Анын үстүнө мамлекеттик орган көтөрүп жатканы кубандырат. Бирок анын ишке ашуусу кыйын болот. Себеби, бул система чырмалышып, абдан коррупциялашып кеткен. Тазалоо оңойго турбаса да, ишке ашырса болот.

Анткен менен мындай жобо курулуш тармагында иш алып барган ишкерлердин укугун чектебейби деген суроо жаралууда.

Бейшенбек Иманалиев - “Имарат Строй” курулуш компаниясынын башкы директору. Анын иниси Калыкбек Султанов Транспорт жана коммуникация министри болуп эмгектенет. Иманалиев бул жобо өз компаниясынын мүмкүнчүлүктөрүн чектесе да, эл арасында ар кандай сөз кетпеши үчүн мындай демилгеге каршы эместигин билдирүүдө:

- Албетте, бүгүнкү күндө мамлекет жарыялаган тендерлердин баары эле мыйзамдуу өтүп жатат деп айта албайбыз. Ар кандай таасир көрсөтүүлөр, тааныштарды ортого салуу аркылуу уткандар бар. Эгер кайсы бир объектке тендер өтүп жатса, ал тармакта жетекчилик кылган адамдардын жакындарына таандык компаниялардын ага катышууга моралдык укугу жок. Бул жагынан кандайдыр бир чектөө болсо да, мындай жоболорго баш ийүү керек.

Адистер мамлекеттик мекемелерде коррупциянын негизги булагы мамлекеттик сатып алууда, тендер өткөрүүдө болорун айтып келишет. Мунун айынан өлкө казынасы миллиондогон сом чыгым тартат.

Буга чейин вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге таандык делген “Градиент” фирмасынын тендерлерди байма-бай утушу коомчулукта талкуу жаратып, аны иликтөө үчүн өткөн жылдын этегинде Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн. Анда “Градиент” ишканасы соңку үч жылда мурунку жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп тендер уткан деген корутунду чыккан. Сарпашев мындай дооматты четке кагып, “Градиенттин” жоюлганын билдирген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG