Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:03

Кыргызстанда “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасы ишке кирди. Аталган программанын негизинде Кыргызстандагы үйү жок тургундар жеңилдетилген ипотекалык кредит алып, турак жай менен камсыз болушмакчы.

Өкмөттүн бул аракетинен майнап чыгабы же башында катуу башталган иш аягында адаттагыдай эле жең ичинен өң-тааныштардын капчыгын кампайтчу утурумдук иш болуп калабы деген бүшүркөө деле арбын.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” таңкы талкуусу мына ушул маселеге арналды. Суроолорго Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Бактыгүл Жээнбаева жана Экономика министрлигинин стратегиялык пландоо башкармалыгынын башчысы Нурадил Байдөлөтов жооп беришти.

“Азаттык”: Бактыгүл айым, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ипотекалык турак жай куруу идеясы ишке ашкан турат. Мамлекеттик компаниянын жетекчиси катары натыйжасы жакшы болоруна ишенип турасызбы?

Бактыгүл Жээнбаева: Албетте, мен ишенип турам. Эгер ишенбесем компания башына келбейт элем.

“Азаттык”: Нурадил мырза, Кыргызстан боюнча турак жайга канча адам муктаж экендиги аныкталдыбы? Алардын муктаждыгын канааттандыруу үчүн мамлекетке канча каражат зарылдыгы саналдыбы? Канча каражат зарыл?

Нурадил Байдөлөтов: Бул программаны түзүүдө 2010-2012-жылдарда түзүлгөн программанын кемчилиги эске алынды. Себеби, ал программада 5-10 жыл ичинде мынча миң квадрат метр турак жай курабыз, элге таратабыз деп жазылганы менен каржы булактары аныкталган эмес. Бул программаны жазганда туруктуу каржылык системаны куруу максатын койдук. Ипотекалык кредиттерди алууну жеңилдетүүгө аракет кылып жатабыз. Демек, 2015-2020-жылдары кайра каржылоо системасын түзүү мезгили болот.

“Азаттык”: Бактыгүл айым, ипотекалык мамлекеттик компания түзүлгөндөн бери турак жай алабыз деп үмүт кылгандардын саны абдан көбөйдү. Бирок ошону менен бирге баары бир бийликте тургандардын өң-тааныштары, туугандары алып кетет деп күмөн санагандар жок эмес. Компания үйлөрдү качан кура баштайт, биринчи үйлөр качан берилет? Талапкерлердин тизмеси кантип түзүлөт?

Бактыгүл Жээнбаева: Биз азыр кайсы компания, качан курат деп күтпөйбүз. Курулушу бүткөн компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Азыр тизмелер бардык жерде түзүлө баштады, алар жер-жерлерде топтолуп, ал жердеги турак-жай комиссияларында ачык-айкын каралат. Анткени, ал жердегилер бири-бирин жакшы билишет. Жер-жерлердеги комиссиялар түзгөн тизмелер кийин мекемелер аралык комиссияга түшөт. Тизмелердин баарын сайтка ачык илебиз. Ошол жерден ар ким тууганы бар же жок экендигин ачык текшерип көрсө болот. Биз ошол тизмелер менен гана иштеп, коммерциялык банктардын кароосуна беребиз. Анан кардарлар курулуш компанияларга барып каалаган батирлерин өздөрү тандашат.

“Азаттык”: Жеке менчик курулуш компанияларынын батирлеринин баасы кымбат. Кардарлардын аларды алууга алы жетеби?

Бактыгүл Жээнбаева: Биз курулуш компанияларына батирлер стандарттарга ылайык болсун жана баасы кымбат болбошу керек, деген атайын талаптарды коюп жатабыз. Анткени, биз 3 миллион сомго чейинки кредит гана бере алабыз. Эгер биздин талапка жооп бербесе, андай компаниялар менен иштешпейбиз.

“Азаттык”: Нурадил мырза, эл арасында бул компаниянын иштеши үчүн каражат Кыргыз-орусиялык фонддон алынат. Бирок каражат жетпейт, демек башталган иш аягына жетпей ташталышы мүмкүн деген кооптонуулар бар. Каражат жетеби?

Нурадил Байдөлөтов: Мамлекеттик ипотекалык компаниянын иши туруктуу болушу керек. Ошон үчун Мамлекеттик ипотекалык компания өзүнүн баалуу кагаздарын чыгарууга укук берүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна берилди. Андан тышкары компания өзү тышкы булактардан каражат тартууга укуктуу болот. Баалуу кагаздарды эл аралык финансылык фонддорго, анын ичинде Кыргыз-орусиялык өнүктүрүү фондуна, Соцфондго сатып каражат тарта алат.

Угармандын суроосу: Мен Жалал-Абаддан чалып жатам. Атым Турганбаев Ибрагим. Эмне үчүн турак үйлөр жалаң Бишкек менен Ошто эле берилгени жатат?

Бактыгүл Жээнбаева: Чынында компания ишин бардык жерде жүргүзөт. Бардык жерде турак жайга муктаждардын тизмеси түзүлүп жатат.

Угармандын суроосу: Мен Чүйдөн чалып жатам. Үйлөрдү жалаң эле чоңдордун туугандары алып кетет, коррупция болсо керек деп турам. Мен үйүм бар, ошентсе да үй ала аламбы?

Бактыгүл Жээнбаева: Биринчи кезекте үйү жокторду камсыз кылуу милдети алдыда турат. Демек, сиз үйүңүз болсо ала албайсыз. Анан үйү бар, бирок аны чоңойтууга муктаж болгондор ала алышат. Ал эми муктаждардын тизмеси ачык-айкын түзүлөт. Эч кандай тааныштык болбойт.

“Азаттык”: Нурадил мырза, бюджеттик мекемелерде иштеген көп адамдар менен сүйлөшүп көрдүм. Алар азыркы маяна менен батир алуу мүмкүн эмес, анын үстүнө 30% биринчи үлүшүн төлөй албайбыз деп жатышат. Биринчи үлүшүн төгө албагандарга кандайдыр бир жардам болобу?

Нурадил Байдөлөтов: Баштапкы салымын кошо албагандарга ылайык келгидей төрт-беш вариант каралып жатат. Анда 30% эмес, 10% кылуу маселеси каралып жатат.

“Азаттык”: Ал эми айыл жеринде жашагандар турак жай алуу үчүн каражаты жетпейт да, аларга кандай жардам болот?

Нурадил Байдөлөтов: Аларга да баштапкы салымды 10% ашырбоо сунушу каралып жатат. Менимче, 10% болсо алардын алы жетсе керек.

“Азаттык”: Бактыгүл айым, азыр бюджеттик мекемелерде квартирадан тышкары жер участогу берилет, деп тизмелер түзүлүп жатат. Жер участогу да берилеби? Аны берүү тартиби кандай болот?

Бактыгүл Жээнбаева: Жер берилет деген менде маалымат жок. Эгер жер участогу болсо ал жерге үй курууга кредит бере алабыз.

“Азаттык”: Бактыгүл айым, талапкерди тандоо критерийинде талапкер банктын талаптарына жооп бериши керек деген талап бар экен. Эгер бюджеттик мекемеде иштеген үйсүз адам мурда кредит алып кандайдыр бир себептер менен КИБдеги "кара тизмеге" кирип калса, анын тагдыры кандай болот?

Бактыгүл Жээнбаева: Анын себебин өзүнчө иликтеш керек. Эгер кредит алгандан кийин объективдүү жүйө менен убагында төлөй албай калган болсо, ал эске алынат. Эгер акча алгандан кийин жеке жоопкерчилиги жоктугунан "кара тизмеге" түшкөндөргө берилбейт. Себеби, талапкер сөзсүз түрдө каражатты өз убагында төлөп турууга кудуреттүү болушу керек.

“Азаттык”: Талапкерлерди тандоо жобо боюнча ипотекага алынып жаткан квартира сөзсүз түрдө камсыздандырылышы керек экен. Талапкердин камсыздандырууга жана башка чыгымдарды төлөгөнгө алы жетпесе жардам берилеби?

Бактыгүл Жээнбаева: Жок, материалдык жардам болбойт. Эгер каражаты жетпесе, төлөө системасы өзгөртүлөт. Балким, аянты кичине батир алат же мөөнөтү узартылат.

“Азаттык”: Компаниянын өнөктөш банктары кайсы банктар болот?

Бактыгүл Жээнбаева: Азырынча үч банк менен иштегени жатабыз. Алар - KICB, РСК жана “Айылбанкы”. Ипотекалык кредит берүү боюнча ушул банктардын тажрыйбасы бар экен. Алар менен иштешкенден кийин башка банктарды иштешүүгө чакырабыз. Алар кардарлар менен иштөө жагынан жардам берет.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG