Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

Күйүктүн күйүтү


Дарыгерлер мешти колдонууда да этияттык зарылдыгын эскертишет.

Дарыгерлер мешти колдонууда да этияттык зарылдыгын эскертишет.

Адистердин айтымында, кыш келип, от жагуу маалы башталганда күйүккө кабылгандардын саны да көбөйөт. Алардын басымдуу бөлүгү жаш балдар.

Буга ата-энелердин балдарынын жана өздөрүнүн коопсуздугуна жетиштүү кам көрбөстүгү, күйүккө кабылганда дароо медициналык мекемелерге кайрылууга маани бербестиги себеп.

Жаш келин Мунара Эсентурованын бирге чыга элек уулу тизесинен ылдый күйүп, ооруканага түшкөн. Жакындары кыргызча эле үйдө дарылайбыз дегенге болбой, Мунара уулун дарыгерлерге табыштаганына сүйүнөт:

- Кечкисин тамактанып отурганбыз. Бул кичине да азыр, аябай кыймылдуу. Бир нерселерге эле чыгып түшө берет. Анан ысык шорпого тизеси менен түшүп калды. Денесинин 12 проценти күйүп калды. Ата-энебиз ооруканага жаткырбай эле үйгө чыгарып, май сүйкөп, кыргызчылык менен эле айыктырабыз дешкен. Каздын майы сыяктуу бир нерселерди сүйкөйбүз дешкенинен бул жактагы врачтар аларга азыр медицина күйүктү толук айыктыра алат деп болбой жатып, алып калышты. Азыр шүгүр, күйүк 3 процентке түшүп, жакшы болуп калды.

Ал эми Таластын Бакайыр айылынан келген Анара Абдраимованын жарынын абалы оор. Ал бир нече операциядан өтүп, күйүп калган бутунун манжаларын, андан соң томуктан ылдый кестирүүгө аргасыз болгон. Ал күйөөсүнүн операциясы жана дарылары үчүн баш-аягы 100 миң сомдон ашык акча короткон. Болгон малын сатып, үйү кароосуз калды:

- Күйөөмдүн бутун кесишти. Буту “3-в” категориясында күйүп калган. Биринчи эле бутунун манжаларын кесишти, экинчи бутуна үч жолу операция жасашты. Орто эсеп менен эле эсептегенде, буга чейин 50 миң сом кетти. Азыр да дарыканаларга болгон карызым 20 миң сомдун тегерегинде. Плазмага да 30 миң сомдой кетип калды. Мындан тышкары майда-чүйдө дарыларын кошкон жокмун.

Өлкөдөгү жалгыз күйүк борборунун иши кыш мезгилинде күчөйт. Мунун себебин Республикалык күйүк борборунун башкы дарыгери Кандалаткан Сарбанова мындайча санады:

- От жаккан мезгил бизде октябрдан башталат эмеспи. Ошондон тарта эле күйүктөр көбөйө баштайт. Себеби буу менен ысытуучу атайын стандарт менен жасалган мештер азыр биздин өлкөдө аз эле да. Анан көбүнчө жаңы конуштарда жашагандар колдо жасалган спиралдуу плиткалар менен үйүн жылытышат. Кээде кокустук болот, бирок айрыкча чоң кишилер мас болуп алып, төшөктө жатканда чылым тартышат. Чылымдын күлү төшөккө түшөт, же ошол эле төшөгүнүн бир бурчу барып спиралга тийип өрттөнүп кетишет. Ал эми балдар көбүнчө ата-энеси базарга же башка жакка кеткенде кароосуз калат. Анан алар ширеңке менен ойнойт, же спиралга барып бир нерсени күйгүзүп жаракат алышат.

Бул бөлүмдө дарыланып жаткандардын көбү балдар. Кырсык болуп, бала күйүп калса, кыргызда каздын майы, картошка, тиш жуучу паста, ал тургай уйдун кыгынан бери сүйкөп, жараатты күчөтүп ийгендер көп. Бала күйүп калганда көрсөтүлчү алгачкы жардам тууралуу адис мындай кеңештерди берди:

- Биринчи кезекте бала күйүп калганда, эгерде отко күйсө анда ошол отту өчүрүш керек. Анан азыр балдардын кийимдеринин дээрлик баары синтетика болуп жатпайбы. Ошол синтетика кийимди шыпырып, сыйрып албаш керек. Аны акырын кайчы менен кесип, күйгөн жерди ачыкка чыгарып, эгерде үйдө кран болсо күйүп калган дененин бөлүгүнө муздак сууну 2-3 мүнөт агызып, кичинекей бала болсо 5 мүнөткө чейин аккан сууда кармаш керек. Дененин бир бөлүгү күйгүндө анын жанындагы тери аркылуу күйүк башка клеткаларга да өтүп, күчөп кетет. Ушуну алдын алыш үчүн сууну агызган методду колдонуу зарыл. Анан азыр ар бир үйдө эле аптечка бар деп ишене албайм. Жок болсо деле таза чүпүрөк менен сууланган жерди кургатып, эч нерсе сүйкөбөй, ооруканага кайрылыш керек. Азыр ата-энелер же күйгөн адамдын колу-коңшу жакындары ага биринчи жардам катары картошка, тиш жуучу паста, топурак, ал тургай уйдун заңын сүйкөп жиберет экен. Мындай ыкма күйгөн жерге дагы башка термикалык жаракатты алып келет.

Күйүктүн адамдын жалпы саламаттыгына зыян келтирчү кесепеттери да көп. Маселен катуу күйгөн кишинин өпкөсү кабылдап, бөйрөгү, ашказан менен ичеги-карындын канашына чейин жабыркайт.

Аларды дарылоо оор жана кымбат экенин дарыгер Кандалаткан Сарбанова ырастады:

- Киши бир эле заматта күйүп калат. Бирок аны дарылоо үчүн аябагандай көп күч жана каражат жумшалат. Абалы оорлорго кан препараттарын, плазма куюш керек. Башында шок абалынан чыгаруу үчүн да бир топ иш жүрөт. Бир эле күндө кан куюуга 10-15 же 20 миң сомго чейин кетет.

Расмий маалымат боюнча, 2013-жылы Бишкекте 27 адам күйүктөн мерт болуп калган, анын төртөө бир жашка чыкпаган наристелер. Ошондуктан дарыгерлер күйгөн адам ооруканага канчалык тез кайрылса, өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук кеңейээрин тынымсыз кайталап келатышат.

Ошентсе да эң эле жакшысы бул азаптуу кырсыкка кабылгыча, жеке коопсуздукка көңүл буруп, этият жашасак жакшы болчудай.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG