Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Ишкерлер: текшерүүдөн тажап бүттүк


Бишкек
Бишкек

​Ишкерлер чөйрөсү укук коргоо органдарынын мыйзамсыз текшерүүлөрүнө нааразылык билдиришүүдө.

Нааразы пикирлерин 3-апрелде Жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү баш прокурор Индира Жолдубаева, Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов менен жолуккан учурда айтышты. Көп мыйзамдар эскирип, учур талабына жооп бербегендиктен жер-жерлерге инвестиция тартуу демилгелери токтоп турганы белгиленди. Жергиликтүү ишкерлер өзгөчө курулуш тармагындагы көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Жеке ишкер Эсенкул Момункулов курулуш тармагындагы эрежелер бузулуп, тартип коргоо органдары тарабынан негиздүү да, негизсиз да текшерүүлөр ишкерлерди жүдөтүп жатканына токтолду. Анын белгилешинче, тиешелүү мекемелерден уруксаты бар туруп мындай текшерүүлөргө кабылган кээ бир ишкерлер пара берүүгө аргасыз болушу ыктымал.

Жаш ишкерлердин баш прокурор Индира Жолдубаева, Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов менен жолугушуусу
Жаш ишкерлердин баш прокурор Индира Жолдубаева, Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов менен жолугушуусу

- Мисалы, Архитектура агенттиги уруксат бергенден кийин дагы ал чечимди чакыртып алып же токтото берүү мыйзамсыз. Ал уруксатты алуу үчүн биз бир жыл күткөнбүз. Канча убактыбыз, акчабыз кетти, инвестициябыз токтоп, канчалаган киши жумушсуз калууда. Токтоткула деп жазып коюш оңой эле, биздин, канчалаган адамдардын тагдыры менен ойноп атышат.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Руслан Акматбек да жер-жерлерде ишкерлерлер тартип коргоо органдарынын мыйзамсыз текшерүүлөрүнө дуушар болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Башкы прокуратуранын айрым чечимдери жеке сектордогу, ошол эле курулуштагы бардык ишкерлердин ишине таасир тийгизүүдө.

- Кыргызстандын борборунда, аймактарда ар бир тармакта ишкерлер кээде укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз текшерүүлөргө дуушар болуп жатышат. Мисалы, Башкы прокуратуранын мамлекеттик органдарды текшергенинен айыл өкмөттөрү өз алдынча экономиканы өнүктүрүү, инвестиция тартуу демилгелерин көтөрбөй жатат. Алар эмне болсо да тынч отура берели дегенге өтүп алды.

Баш прокурор Индира Жолдубаева
Баш прокурор Индира Жолдубаева

Бишкектеги курулуштар боюнча былтыр Башкы прокуратурага миңге жакын арыз, доо кат келип түшкөн. Алардын 300дөн ашууну жер, архитектура жана курулуш мыйзамдарына байланыштуу.

Бир жыл ичинде расмий түрдө 118 текшерүү жүрүп, 20 кылмыш иши козголгон. Жалпысынан мыйзамсыз салынууда деген негиз менен 90 курулуштун иши токтотулган. Баш прокурор Индира Жолдубаева текшерүүлөр негизсиз дегенге толук кошулбай тургандыгын айтты:

- 20 киши дициплинардык жоопкерчиликке тартылды. Башкача айтканда, бул текшерүүлөр жөн жерден жүрүп жаткан жок. Эгер чын эле мыйзамсыз текшерүүлөр болуп атса, сотко кайрылгыла. Эгер силерден кимдир бирөө пара сурап атса, эмнеге арыз жазбайсыңар?

Ал ортодо Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов Бишкектеги 88 курулуштун ишин токтотууга даяр экенин, кээ бир ишкерлер ишин ачык жүргүзбөй турганын сынга алды.

- Учурда мэрия долбоору туура келбегени үчүн 88 объекттин ишин токтотууга даяр. Мен бул долбоорго уруксат берсем, силер башкасын салып атасыңар.

Мэрдин мындай сынына ишкерлер макул болгон жок. Алар уруксат алынган долбоорду алмаштырып куруу мүмкүн эмес экенин айтышты.

Мирсулжан Намазалиев
Мирсулжан Намазалиев

2011-жылы Жогорку Кеңеш ишкерлердин субъектилерин текшерүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизген. Анда ыңгайлуу инвестициялык чөйрөнү түзүү, мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн четтетүү чаралары бекитилген. Бирок буга карабай текшерүүлөр дале мурдагыдай байма-бай жүрүп жатканын ишкерлер өздөрү да белгилешүүдө. Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев айрым учурда ишкерлер өздөрү да укук коргоо кызматкерлерин акча берип жаман көндүрүүдө деген оюн билдирди:

- Мындай учурлар болуп эле атат. Менин айрым тааныштарым да иш баштаганда аймактык милиция улам-улам келип, текшерип, бир нерсе үмүт кылган учурлары болот. Кээде ишкерлер текшерүүгө жеткирбей эле акча бере койгон учурлар да бар. Анткени айрым ишкерлер өз укуктарын билишпейт же чочулашабы, айтор, аймактык инспектор менен сүйлөшүп коюп ишти улантып жатканы өкүндүрөт. Салык инспекциясы жана башка мамлекеттик структураларда мыйзамдар өзгөргөнү менен алардын түшүнүгү өзгөргөн жок.

Жыйында ишкерлер негизсиз текшерүүлөрдү көзөмөлдөп берүүсүн Башкы прокурор Жолдубаевадан өтүнүштү. Эсенкул Момункулов мыйзам чегинде иштегенге жаш ишкерлер өздөрү да кызыкдар экенине токтолду.

- Мыйзамдуу иштегенге бул жерде отурган жаштар өзүбүз да даярбыз. Биз аракет кылып иштеп жатканыбызда прокуратуранын кээ бир кызматкерлери түшүнүү менен кабыл алышат. Кээ бирлерине сөз жок, биздин чоң суранычыбыз - ошондойлорду эле көзөмөлдөп берсеңиз.

Жакында эле Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев жеке ишкерден 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөнүн УКМК кабарлаган эле. Мындан кийин “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова бүгүнкү күндө прокуратура органдары бизнести жүдөтүп бүткөнүн жазып чыккан болчу.

XS
SM
MD
LG