Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Томат пасталарын каякка жоготобуз?


Томат пасталары ушул контейнерлерде сакталган.
Томат пасталары ушул контейнерлерде сакталган.

Эки жыл мурда Кытайдан мыйзамсыз алынып келип, "Кыргыз темир жол” ишканасында сакталып турган томат пасталарын жок кылуу зарылчылыгы чыгууда.

Томат пастасынын ээлери анын мыйзамдуу келгенин далилдөөгө аракет кылса, мамлекеттик мекемелер жана сот пасталарды колдонууга болбостугун айтып, аны жок кылуу керектигин билдиришүүдө.

Транспорт прокуратурасынын жетекчиси Кубанычбек Мамакеевдин айтымында, мөөнөтү өтүп кетип, пайдаланууга жараксыз томат пасталары 2010-жылдын 20-октябрынан бери Бишкекте “Кыргыз темир жолу” ишканасынын вагондорунда сакталып турат. Пасталардын ээси болгон “Непман” компаниясы вагондордо сакталып турганы үчүн “Темир жол” ишканасына 28 млн. сом карыздар болгон.

16 вагон менен келген жалпы салмагы 845 тонна томат пастасын Бишкектин “Түндүк” темир жол бажы бекети кармап, аны товарлардын мөөнөтү өтүп кеткендиги менен түшүндүргөн жана ар бир вагондогу томат пастасынын баасы 300 миң доллар деп бааланган. Анын курамын аныктаган тиешелүү мамлекеттик органдар да колдонууга жараксыз деген чечимин чыгарышкан эле. Аны тез аранын ичинде жок кылбаса, шаардын экологиясына зыяны тиет дейт Мамакеев:

- Анткени бул жүк кайра артка кете албайт. “Түндүк” темир жол бажы бекетинин жетекчилигине прокурордук эскертүү бердим. Бажы кызматы болсо, акимиатка, мэрияга, өкмөткө чыгып, бул томат пасталарын жок кылганга орун таап бергиле деп сурап жатышат. Эгер пасталар дагы бир жыл турса, Бишкекте экологиялык кырсык болот. Анткени анын курамында болгону 27 пайыз эле томат. Калганы химиялык кошулмалар, химикаттар.

Сот артынан сот уланып...

Бирок мамлекеттик органдардын чечими менен макул болбой, “Непман” ишканасы сотко бир канча ирет кайрылып, айрымдарында утуп чыккан. Мамлекеттик Бажы кызматынын басма сөз катчысы Абдылда Малдыбаевдин айтымында, томат пастасынын ээлери аны колдонууга уруксат алуу максаты бар.

- Алар сотко беришти. Сотто бир күнү булар утса, бир күнү биз утуп жаттык. Анткени алар келечекте бийлик алмашып калса, Бажы кызматына башка адамдар келип калса деген үмүттөрү чоң. Баары бир аны алып кирип, Кыргызстандын элине жегизип, аларды сынаганга, адамдардын ашказанын лаборатория кылганга маш болгон өзүбүздүн эле ишкерлерибиз бар.

Буга чейин сот “Непман” ишканасын томат пасталарды Кыргызстандан кайра Кытайга алып кетүүгө милдеттендирген. Бирок Казакстан бул шектүү жүктү өз аймагынан алып өтүүгө уруксат берүүдөн баш тарткан. Андыктан адистер пасталардан кутулуунун бир гана жолу - аны жок кылуу экенин айтышууда.

“Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Аргынбек Малабаев пасталарды жок кылуу ишин тиешелүү органдар жүргүзүшү керектигин, ага чейин ал вагондордо сакталып тура берерин билдирди.

Ал эми пасталардын ээси делген “Непман” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Жаныбек Казначиев бул боюнча маалыматты юристи гана бере турганын айтып, комментарий алалы деген өтүнүчүбүзгө макул болгон жок.

- Мен билбейм, бул маселени юристим билет. Аны мен такыр билбейм. Ошону менен сүйлөшкүлө, бирок ал азыр Москвада. Томат пасталары боюнча мен эч нерсе айта албайм.

Салмагы дээрлик миң тонна болгон томат пастасынын мындан аркы тагдырын дагы кошумча маалымдамакчыбыз. Ал эми Кыргызстанга Кытайдан келген азык-түлүктөрдүн сапаты жана мөөнөтү боюнча буга чейин да бир катар чатактар катталган. Маселен, кезегинде сүт азыктарында, жумурткада, ошондой эле унду текшере келгенде курамынан уулуу меламин жана кабык курттар чыкканы айтылган.

XS
SM
MD
LG