Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

Кыргызстандын бийлиги артыкчылык берген туризмди өнүктүрүү багыттары так аныкталбагандыктан ар кыл тармактардын карама-каршылыгын жаратууда.

Буга Ысык-Ата районундагы “ЗиЛ” эс алуу базасынын кожоюндары менен жергиликтүү элдин ортосунда бир нече жылдан берки талаш жакшы күбө.

Буга эмне себеп? Бул жергиликтүү элдин көрө албастыгыбы же айыл өкмөтүнүн ачкөздүгү негиз бердиби? Эмне үчүн эл туризмди өнүктүрүүнүн эл аралык талаптарын тааныбай жатат? Же жергиликтүү тургундардын укугу бузулуп жатабы?

“Азаттыктын” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусу ушул суроолорго жооп издеди.

Талкууга Маданият жана маалымат министрлигинин Туризм департаментинин директору Азамат Жамангулов, ЖИАнын аткаруучу директору Руслан Акматбек катышты.

“Азаттык”: Руслан мырза, кыргыз бийлиги ар дайым экономиканы өнүктүрүү үчүн тышкы жана ички инвесторго муктажбыз деп келет. Бирок акыркы жылдары кен иштетүү болобу, эс алуу жайын куруу болобу, кыскасы жергиликтүү тургундардын инвесторлорго карата талабы да, кысымы да көбөйүп бара жатат. Ишкер чөйрөсүнүн өкүлү катары мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз? Бул жергиликтүү элдин бизнеске көрө албастык кылганыбы же айыл өкмөтү баштаган бийлик бутактарынын мыйзамга каршы иштеген ачкөздүгү негиз берип жатабы?

Биз мыйзамдар кааласа иштеген, каалабаса иштебеген, эч ким эч нерсеге жооп бербеген өлкөгө айланып бара жатабыз. Муну моюнга алышыбыз керек. Экинчиден, жергиликтүү бийликтин бизнести колдоого, өнүктүрүүгө каалоосу, жоопкерчилиги, ролу, демилгеси жок.

Руслан Акматбек: Биз кечээ “Калининград-Кыргызстан” деген бизнес форумга катышып, анда Кыргызстан ушунчалык кооз жер, туристтик мүмкүнчүлүгү абдан жогору, бизге келип инвестиция жасап, бизнес үчүн сонун шарттардан пайдалангыла деп аябай мактадык. Анан ошол форумга катышып олтурган “ЗиЛдин” кожоюндары дагы маалымат берип, болгон окуяларды төкпөй-чачпай айтты. Ошондо биздин жанатан берки Кыргызстанды мактап, инвестиция тартууга жанталашып жаткан аракетибиз дароо жуулуп, аракетибиз текке кетти!

Мындай окуя биринчи эле жолу болгон жок, ар дайым кайталанып турат. Дээрлик бардык тармакта тоо кенде, өндүрүштө, соодада жана башка тармактарда ар дайым жергиликтүү эл менен бизнестин ортосунда талаш жүрүп турат. Ага жергиликтүү эл гана эмес кээде бийлик да аралашат. Расмий каттоодон өткөн, салыгын төлөгөн, жумуш орундарын түзүп жаткан бизнесмендерге да атайылап бут тосушат.

Менин оюмча бул жерде маанилүү эки жагдай бар: биринчиси -мыйзамдар иштебейт. Биз мыйзамдар кааласа иштеген, каалабаса иштебеген, эч ким эч нерсеге жооп бербеген өлкөгө айланып бара жатабыз. Муну моюнга алышыбыз керек. Экинчиден, жергиликтүү бийликтин бизнести колдоого, өнүктүрүүгө каалоосу, жоопкерчилиги, ролу, демилгеси жок. Бул жергиликтүү бийликтин алсыздыгынан болуп жатат. Проблемалардын баарынын аягы келип борборго такалат. Албетте, жергиликтүү коомчулук менен бизнестин ортосунда ар кандай карама-каршылыктар болот. Бирок мыйзам чегинде катталып, салыгын төлөп иштеп жаткандан кийин жергиликтүү бийлик мыйзамды гана аткарып, бизнести коргошу керек эле.

Бизде бардык тармактагы бизнесте жергиликтүү бийлик акырын сыртка чыга калып, байкоочу катары карап, бийликке да, бизнесмендерге да жагынып, жакшы көрүнгүсү келип, жоопкерчиликти өзүнө албай жатат. Мындай көрүнүш дайыма эле улана бербейт, ал акыры социалдык чыңалууга алып келет. Ошондуктан биз өзүбүз кандай мамлекетте жашагыбыз келерин тактап алышыбыз керек. Эгерде укук сакталган, мыйзам үстөмдүк кылган мамлекетте жашагыбыз келсе, анда мыйзамдын аткарылышын сакташыбыз керек. Антпесек, бүгүн бирөө келип тартып алса, эртең экинчиси келет. Андай кыянатчылыктан бара-бара бизнес өкүлдөрү деле баш тартпай калышы ажеп эмес.

“Азаттык”: Азамат мырза, Кыргызстан эгемендик алгандан бери туризмге экономиканы өнүктүрө турган тармак деп артыкчылык берип келе жатат. Бирок аны өстүрүү багытын так аныктай албай жаткансыйт. Буга ушул эле “ЗиЛ” эс алуу жайындагы талаш жакшы далил. Эмне үчүн бийлик инвесторлорго шарт түзүп бере албайт? Эмне үчүн инвесторго шарт түзүп берүүгө бардык бийлик бутактарын милдеттендирген мыйзам иштебейт?

Азамат Жамангулов: Туризм тармагында багыт аныкталган эмес дегенден алыспыз. Аны өнүктүрүү багыты мурда эле аныкталган. Бирок ошол эле мезгилде ушундай туура эмес көрүнүштөр болуп жатат. Бул “ЗиЛге” эле тиешелүү көрүнүш эмес, бардык тармакта бар. Себеби, бизнес болгон жерге, айрыкча тоо лыжасы боюнча эс алуу жайларында жергиликтүү калк башаламан соода жүргүзүүгө ашыгып, кай бир учурда тыюу салынган нерселерди дагы сатууга аракет кылышат. Мындай көрүнүш өз кезегинде Европада да, АКШда да болгон. Демек, аны тезинен жөнгө салуу да мүмкүн эмес. Ага карабастан биз мындай көрүнүштөрдү өтө тездик менен чечип, жөнгө салуу аракетин көрүүгө мажбур болуп турабыз. Ушундан улам бул маселе бүгүн өкмөт башчынын деңгээлинде талкууланып, чара көрүлөт. Бирок акыркы мезгилде бизнести жергиликтүү элдин мыйзамсыз кысымынан коргоого мүмкүнчүлүк түзө албай жатканыбыз чын.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG