Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

Кыргызстанда эмгек квотанын эсебинен бизнес кылуу уруксатын алган чет элдик жарандар салык төлөбөй жатканын Салык кызматы айтып чыкты.

Буга байланыштуу Салык кызматы аларды Кыргызстандан чыгарып жиберүүнү сунуштады. Кыргызстан быйыл чет элдик жумушчулар үчүн эмгек квотанын санын 12 990 деп бекитип, 889 орунду соода жана ишкерлик тармагында алектенгендер үчүн таркаткан. Бирок алардын ичинен 271 чет элдик жаран салык төлөгөн эмес. Алардын 95 пайызы кытайлар.

Квоталардан салык түшкөн эмес

Кыргызстандын Салык кызматы Ички иштер, ошондой эле Эмгек, миграция жана жаштар министрликтерине 271 чет элдик ишкерди өлкөдөн чыгаруу, аларга берилген квоталарды жараксыз деп табуу сунушун берди.

Салык кызматынын инспектору Мурат Жамакеев билдиргендей, соода тармагы үчүн алынган квоталардан салык төлөнгөн эмес.

- Алар квотанын эсебинен жумушка уруксат алгандан кийин жок болуп кетип жатышат. Мыйзам боюнча, булар жумушка уруксат алып, анын негизинде патент менен иштеши керек. Мисалы, “Жунхай” базарында соода кылуу үчүн мынча сандагы адам уруксат алды” деп, бизге Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тизмесин жөнөтөт. Ошол тизме менен биз барып, салыштырып, текшеребиз. Ошондо ал жакта иштебегендер, салык төкпөгөндөр чыгып жатат. Алардын 95 пайызы кытайлар болууда.

Кытайлыктар "Дордой", "Кара-Суу" сыяктуу ири базарларда соода кылгандан тышкары, Кытай өкмөтүнүн насыясы менен Кыргызстанда ишке ашып жаткан жол, электр-энергиясы, мунай заводдору боюнча да долбоорлордо жумуш кылышат.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалымдашынча, маселен, быйыл 12 990 чет элдик жаранга өлкө аймагында иштөөгө уруксат берилген. Анын 70 пайыздайы кытай жарандарына туура келүүдө. Аталган министрликтин статс-катчысы Доскул Бекмурзаев:

- Жыл сайын өкмөт бизге сырттан келе турган жумушчу күчтөрдүн санын бекиткен токтом чыгарат. Ал токтомго ылайык, биздин министрлик жумушчу орундарды бөлүштүрөбүз. Мисалы, 2013-жылы 12 990 квоталык орун бөлүштүрүлгөн. Анын 67,8 пайызы Кытайдын жарандары. Андан соң Түркия, Орусия жана Түштүк Кореядан келген жарандар турат.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Руслан Акматбектин пикиринде, чакан жана орто бизнестеги кытай жарандары адатта ачык-айкын иш алып баруудан качышат. Ал кытай жарандары Кыргызстандагы паракорчулукту, мыйзамдардын сакталбаганын да жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланып жатат деген ойдо.

- Кытай бизнесинин бир өзгөчөлүгү - булар ачык-айкын уюмдашып, иш алып баргандан алыс. Бул чакан жана орто бизнесте алектенген кытай жарандарына тиешелүү.

Өзгөрүүгө муктаж кырдаал

Экономист, талдоочу Эркин Абдразаковдун пикиринде, Кыргызстан кытай ишкерлерине жана жумушчуларына карата миграциялык саясатын кайра карап чыгышы керек. Антпесе, Кытайдын жылма экспансиясы зыянын тийгизет дейт экономист.

- Биз келген кытайдын баарын эле инвестор деп, кучак жайып тосуп алганга көнүп калдык. Ошондой эле инвесторлор Кыргызстанга келгенде өздөрү менен кошо биздин жумушчулар аткара албай турган кесиптин ээлеринен 10 пайыз гана алып келиши керек. Бирок булардын мыйзамсыз келгендери да көп болуп жатпайбы.

Түркмөн Дүйшөбаев буга чейин кытай инвесторлору негиздеген “Алтын кен” компаниясынын жетекчилигинде иштеген. Ал кытай жарандары квота алып, бирок аны максаттуу пайдаланбай жана салык төлөбөй жүргөнү үчүн мамлекеттик органдар өздөрү да күнөөлүү деп эсептейт.

- Эгер, эң башынан, “бысмылда” дегенде эле мыйзамды туура түшүндүрүп берсе, алар аткарышмак. Кептин баары Кытай тарапта эмес, квота берип, киргизип алып, каалаганын кылганга жол берип койгон Кыргызстан өзү күнөөлүү. Баарын өз учурунда көзөмөлгө алып турса, кытайлар тараптан эч кандай деле зыян болбойт.

Кыргызстанда кытай жарандарынын так саны белгисиз. Айрым маалыматтарда, он миңдеген кытай бар экени айтылып жүрөт. Буга чейин кытай инвесторлору жана жумушчулары менен жергиликтүү тургундар ортосунда бир катар жаңжалдар да катталган.

Учурда салык төлөбөгөн ишкерлердин айынан канча салык түшпөй калганы эсептелүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG