Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:05

Кыргызстандын биринчи президенти Кумтөр алтын кен долбооруна байланыштуу өзүнө карата коюлуп жаткан дооматтарды саясий оюн деп эсептейт. Бул тууралуу Аскар Акаев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

“Азаттык”: Аскар мырза, Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия жакында “Кумтөр долбоорун” ишке ашырууда мамлекеттик кызыкчылыкка зыян келген деген тыянак чыгарды. Мыйзам бузууга барган тиешелүү жетекчилерге укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага сунуштады. Аты аталган он чакты кишинин башында сиздин атыңыз жүрөт. Корутунду менен өзүңүз деле таанышып чыксаңыз керек, сиз мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келген деп айта аласызбы?

Аскар Акаев: Мен президент болуп турган кезде, 2005-жылга чейин “Кумтөр” долбоорунда эч кандай мамлекеттин, калктын кызыкчылыгына каршы иш болгон эмес. Муну так айта алам: “Кумтөр” республиканын кызыкчылыгына багытталган.

“Азаттык”: Ошондой болсо да 2000-жылкы шайлоодон кийинки парламенттик жыйындардын биринде, 2001-жыл болушу керек, “Кумтөрдүн жарыгы бар, ысыгы жок” деп, алданып калганыңызды белгилегендей болдуңуз эле. Сиз менен интервью уюштураардын алдында да ошол учурду жыйынга катышкан кесиптештер менен чогуу эстедик. Эгер чын эле пайдасы аз болуп, катачылык кетирген болсоңуздар, ошону сезип туруп, эмне үчүн 2003-жылкы макулдашууну кайра түзүүгө жол бердиңиз? Муну азыр эми мамлекеттик комиссия да, коомчулук да мамлекеттин кызыкчылыгы сатылып кетти деп белгилеп атышпайбы.

Аскар Акаев: Бардык пайда, киреше дүйнөлүк биржадагы баа менен белгиленет. Бүткүл дүйнө рынок экономикасы менен жашайт. Алтынбы, буудайбы, мунайбы – баарынын пайдасы баадан көз каранды.

2003-жылга чейин алтындын баасы дүйнөлүк рынокто 400 доллардан ашкан жок. 1998-2002-жылдары 260 долларга түшүп кеткен. Ошол жылдары баа арзан болгондуктан, Кыргызстан да, "Камеко" да Кумтөр долбоорунан чоң пайда көрө алган жок. "Камеко" Кумтөрдү жаап кетебиз, киреше жок алтындан деген. Бирок алтындын баасы көтөрүлөт деген үмүт менен иштеп калышты. Пайда дегенде ошону айтып атабыз. Акыркы он жылда ал төрт эсе өстү.

2003-жылдан баа өсө баштады. Экинчи келишимдин арты менен биринчи жолу 2004-жылы бюджетке 1,5 млрд. сом салык түштү. "Центерра" аркылуу Кыргызстан жөнөкөй акцияларынын аз эле бөлүгүн сатып, биринчи жолу шериктеш мамлекеттер ичинде Социалдык фонд уюштурганбыз. Ошол фонддо 86 миллион доллар бар болчу. Сегиз жылда үч революциялык бийлик алмашты. Бирок ошол фонддун дайыны жок: элдин кызыкчылыгына пайдаланылдыбы же революциялык лидерлер бөлүп алыштыбы өз кызыкчылыгына? Мына ушуну далилдеш керек.

Мен дагы бир нерсени айтайын: ошол келишимдин долбоорун Кыргызалтын мекемеси иштеп чыгып, өкмөттө ийне-жибине чейин талкууланып, андан кийин мамлекеттик комиссия түзүлдү. Андагы өкмөттүн мүчөлөрү, депутаттар ошол Кыргызстандын үлүшү туурабы, калыс бөлүндүбү, же көбү "Камекого" өтүп кеттиби деп карап, парламентте талкууланып, анан гана ишке ашкан. Бир киши, же бир уюм кабыл алган эмес.

"Парламенттин элегинен өткөн"

“Азаттык”: Ошол эле мезгилде Кыргызалтындын мурдагы жетекчиси Дастан Сарыгулов 2003-жылкы макулдашуу Жогорку Кеңештин, эксперттердин толук кароосунан өткөн эмес, коррупциялык аракеттер болгону айкын деп билдирүүдө.

Аскар Акаев: Дастан Сарыгулов бул жерде курулай калп айтып атат. Атайын мамлекеттик комиссияда ошол кездеги депутат Акылбек Жапаров да болгон, эсимде, башка депутаттар да иштеп, Канадага чейин барып келишкен. Комиссиянын жыйынтыгын парламент бекиткен. Ал эмес, көз карандысыз эл аралык эксперттер да тартылган. Ал документтердин бардыгы өкмөттө бар да. Ошондуктан бул жерде Сарыгулов жеке кызыкчылыгын бийик коюп сүйлөп атат.

1990-жыл, 27-октябрь

1990-жыл, 27-октябрь

“Азаттык”: Ошол эле мезгилде Темир Сариев башында турган мамлекеттик комиссия да 2003-жылкы келишим эң эле пайдасыз болгон деген тыянак чыгарып жатат. "Кумтөр" компаниясындагы 67 пайыз акцияны 33 пайызга алмаштыруу аркылуу Кыргызстан “Кумтөр” долбоорун иштетүү укуктарынан ажырап калган деп айтып атат...

Аскар Акаев: Комиссия бир беткей тыянак чыгарып, элге толук маалымат бербей атат. Ошол "Центерра" түзүлгөндө "Камеко" ишканасы Кумтөрдөгү үлүшү менен эле эмес, Монголиядагы, АКШдагы алтын кендердеги үлүштөрү менен кирген. Анан үлүштөрү "Центеррада" көбүрөөк болот да.

Эл аралык биржалардын өз мыйзамдары болот. Майда-чүйдө компанияларды эл аралык биржада эки чайнап, бир жутуп коюшат. Ошон үчүн ири гана оюнчулар кирип, киреше таба алат. Анын баары эсептелип, такталган. Мамлекеттик комиссиянын да чечими бар. Ал кезде комиссиянын төрагасы Темир Сариев да депутат болчу. Ал да добушун берип, колдогон.

“Азаттык”: Сиз Америкадагы, Монголиядагы алтын кендеринин үлүштөрү да кирген деп атасыз. Мамкомиссиясы болсо ал жерде “Кумтөрдө” баары бир негизги үлүш болгон, ал кичирейтилген, ал эми Боро/Гацуур сыяктуулардын үлүштөрү көбөйтүлгөн, бул жерде да жеке кызыкчылыктар болгон деп тыянак чыгарып атат.

Аскар Акаев: Бул эмоция гана. Эмне үчүн ошол кезде депутаттар каршы чыкпай, колдоп беришти? Ал кездеги эки парламент тең бүгүнкү парламентке караганда кыйла легитимдүү парламент болгон. Ал кездеги эки келишим тең ошол парламенттин элегинен өткөн. Айлап талкуулашкан. Ал бүдөмүк чечилген маселе эмес.

"Сарыгулов өзү чечим чыгарган"

“Азаттык”: Аскар мырза, албетте, сиз президент болчусуз. Бирок бул документке өкмөт башчы Николай Танаев менен Кыргызалтындын ошол кездеги башчысы Камчыбек Кудайбергенов кол койгон. Сиздин ошол жооптуу кызматкерлерге ишенимиңиз канчалык эле?

Аскар Акаев: Ошол мезгилдери Турсунбек Чынгышевге, Дастан Сарыгуловго, 2003-жылдан кийин Николай Танаев менен Камчыбек Кудайбергеновго ишенбегенге эч кандай негиз болгон эмес. Себеби ар бири кесипкөй адамдар болушкан. Туура, эки келишимде тең кемчиликтер болгон. Себеби Кыргызстан андай чоң келишимдерди биринчи даярдап, дүйнөлүк компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп...

Кумтөр алтын кени

Кумтөр алтын кени

“Азаттык”: Мына, он жыл өттү, талаш-тартыштар чыгып атат, ошол 2003-жылкы келишимди бузбай, ошол мурдагы 1993-жылкы бойдон калтырсак кандай болот эле деген ой келбейби сизге? Азыр эми ар кыл көз караштар айтылып атат. Ошол эле Дастан Сарыгулов, эгер 93-жылкы келишим бузулбай калганда 3-4 млрд. доллар алмак, ошондон кол жууп калды деп атат. Сиз башкача жол менен кетсек болмок экен деп ойлонбойсузбу?

Аскар Акаев: Карындашым, дүйнөдө бир гана жол бар: өлкөгө, элге пайда алып келүү үчүн дүйнөлүк рынокко чыгуу керек. Сурап көрүңүзчү, сырьену же байлыкты сатып, кирешесин алуунун биржадан башка жол барбы? Андай жол жок. Ошон үчүн "Центерраны" уюштуруу боюнча "Камеконун" сунушуна республика макул болгон. Ошол экинчи келишимден кийин республика пайдасын көрө баштады деп айтып атпаймынбы.

Дастан Сарыгулов иштеген жылдарда бир цент да пайда түшкөн жок. Биржага чыкпаса, алтындан эл, мамлекет кантип пайда көрөт? Ошонун негизинде жанагы 86 миллион долларлык Социалдык фонд түзүлгөн. Бакиевдин да, кийинки революциялык бийликтин убагында да ал жөнүндө сөз жок.

Ал эми Дастан Сарыгулов айткан миллиарддар жөнүндө биринчи сөз болгон жери жок. 2005-жылы 24-марттагы төңкөрүштөн кийин эле Бакиев премьер-министр Данияр Үсөновду башына коюп, башкы прокурор Азимбек Бекназаровду кошуп, чоң комиссия түзбөдү беле. Эсиңиздерде бардыр, ошол Акаевдер алып кеткен миллиарддардын баарын таап келип, кыргызстандыктарды байытып, жыргатабыз деген. Эсиңиздерден чыга элек болсо, Үсөнов менен Бекназаров эл аралык изкубар Либерманды жарым миллион долларга жалдабады беле. Кийин Конгантиев баш прокурор болуп турганда "Либерман Акаевдин бир да цент байлыгын тапкан жок" деп айтпадыбы. Ошондон кийин да ушу миллиарддарды алып кетиптир дегенге ишенгендерге мен таң калам. Мунун бардыгы – каралоо.

Сарыгуловдуку болсо мага түшүнүктүү. Сарыгуловдун чоң катасы – биринчи келишимге өкмөт менен макулдашпай, өзүнчө чечим чыгарып, "Камекого" салыктардан көп жеңилдиктерди берип койгон. Мына, ошол өзүнүн колу коюлган документи бар. Комиссия эмне үчүн аны айтып, көргөзбөйт? Ошону ачып чыккандан кийин Сарыгуловду кызматтан бошотконбуз. Мына он жылдан бери мени жамандап келатат.

"Кыргызстан эл аралык сотто ута албайт"

“Азаттык”: Сиз өзүңүз байлыкты козгоп калдыңыз, Аскар мырза, сиздин байлыктарыңыз жөнүндө жоромолдор көп айтылып келатат. Ошолордун бир-экөө тууралуу өз оозуңуздан жооп уккум келип жатат. Биринчиси - сизди Түркияда, Кемер деген жерде салабаттуу отель курдурган дешет. Чынбы?

Аскар Акаев: Жок. Менин эч кандай эч жерде үйүм, мейманканам да жок. Айткан адамдар далилин көргөзүш керек. Эгер Акаевдин үйү болсо, барып конфискация жасашсын. Акаевдин байлыгын, Кыргызстандан да, Түркиядан да, Америкадан да издешти.

“Азаттык”: Женевада Майрам айым Акаева менен кыргыз журналисттеринин бири интервью алды. Уксаңыз керек.

Аскар Акаев: Уккан жокмун.

“Азаттык”: Ошондон улам ошол эле жоромолдорго байланыштуу экинчи суроо...

Аскар Акаев: Менин улуу кызым Бермет Акаева 90-жылдары мен президент болуп турганда он жыл ошол жерде эл аралык уюмдарда иштеген. Майрам Акаева Женевага байлыгына барып жаткан жок. Кызына, небересине барып атат. Неберени көрүш керек, кызын колдош керек. Эң негизги байлык - бала-бакыра. Биздин негизги байлыгыбыз – төрт балабыз, төрт неберебиз.

“Азаттык”: Негизги тема боюнча акыркы суроо: Мамлекеттик комиссиянын сунуштарынын негизинде эми Башкы прокуратура териштирип, тергөөчү барса сурак берүүгө даярсызбы?

Аскар Акаев: Билесиздер, мындан сегиз жыл мурда, Бакиевдин убагында эле Башкы прокуратура ондогон кылмыш ишин козгогон. Майрам Акаеваны айтып кеттиңиз, ошол ар бир райондо ачкан балдардын билим борборуна байланыштуу кылмыш ишин ачып, бардыгы негизсиз экен деп кийин жапкан. Кумтөр боюнча да, чек ара боюнча да кылмыш ишин козгошкон. Ал кезде изилденбеген маселе калган эмес.

Бул деле эч кандай негизи жок саясий иш. Бүгүн республикада саясий абал татаал. Аны көрүп турам. Экономика болсо сегиз жылда кыйроодон чыккан жок. Элдин турмушу төмөндөп кетти. Мындайда Акаев акыркы киши болуп чыга келет. Ошондуктан элдин көңүлүн буруу максатында гана саясий оюндар деп эсептейм.

“Азаттык”: Кыргыз өкмөтү менен Канада ишканасынын ортосундагы маселе кокус эл аралык сотко чейин жетип калса, анын тыянагы кандай болушу мүмкүн?

Аскар Акаев: Кыргызстандыктар деле жакшы турмушка татыктуу элбиз да. Андай маселелердин бардыгы дипломатиялык жол менен чечилет. Эгер сотко чыкса, Кыргызстан эл аралык сотто эч качан ута албайт. Ошондуктан алар менен сыпайы, дипломатиялык жол менен сүйлөшүп, чечиш керек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG