Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:08

Түштүк Америкадагы кендерди улутташтыруу жараяны Кыргызстанга кандай сабак боло алат. Латын Америкасындагы кендер боюнча адис Марио Фантини Кеспедес менен маек.

Кыргызстанда Кумтөр алтын кени саясий талкуунун негизги темасы бойдон кала берүүдө. Кээ бир саясатчылар айткандай, улутташтыруу – бул улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана жергиликтүү элдин турмушун оңдоонун бирден бир жолу.

Мисалга алсак, Түштүк Американын бир катар өлкөлөрүндө улутташтыруу толкуну болуп өткөн. Бирок ал жараяндын жыйынтыгы жергиликтүүлөр үчүн дайым эле пайдалуу же олжолуу болгон эмес. Ал өлкөлөрдүн бири – 10 жарым миллион калкы бар Боливия. Азыркы тапта тоо-кыркаларында жайгашкан мамлекеттин жалпы дүң өнүмү 27.5 миллиард доллар. Кендерге бай Боливияны 2006-жылдан бери Эво Моралес башкарып келет.

Марио Фантини Кеспедес – Венадагы Хайек институтунун ардактуу башкы катчысы, финансы маселелери боюнча журналист. Ал Боливияда беш жыл бою кен жана мунай-газ тармактарын чагылдырып, Дүйнөлүк банктын Ла-Пастагы кеңешчиси болгон. Түштүк Америка боюнча адис чөлкөмдөгү улутташтыруунун кесепеттери жөнүндө "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Кээ бир өкмөт өкүлдөрү айткандай, кайсы бир мамлекет улутташтыруу аркылуу гана жаратылыш кенине толук кандуу кожоюн боло алабы?

Кумтөр алтын кени

Кумтөр алтын кени


- Улутташтыруу үчүн күрөш – бул жөн гана өлкөнүн табигый кендерге "мыйзамдуу ээлик" кылуу аракети гана эмес. Бул алда канча олуттуу суроо: Өлкөнүн экономикасына чоң киреше алып келген өндүрүшкө стратегиялык көзөмөлдү ким жүргүзүшү керек? Кирешелүү тармакты өнүктүрүүгө ким көз салып турушу керек?

- Өкмөт кенди улутташтыргандан кийин аны толугу менен иштете алабы?

- Өкмөт, мисалы, банк, камсыздандыруу же кен иштетүү тармактарында өзгөчө компетенттүүлүгү бар деп ойлоого себеп жок. Саясий бюрократия өндүрүш, логистика, маркетинг жана инвестиция боюнча эң туура чечим кабыл ала алабы? Менин оюмча, жок.

- Буга кандай мисалдар бар?

- Эгерде XX кылымдагы улутташтыруулардын тарыхын карасаңыздар, жараянга катышкан режимдердин ырааттуулугу тынчсыздандыруу жаратат. Мисалы: Адольф Гитлердин Германиясы, Бенито Муссолининин Италиясы, Хендрик Фервурддун Түштүк Африкасы, Виктор Пас Эстенссоронун Боливиясы жана Альенде Сальвадордун Чилиси. Элдин жыргалчылыгы үчүн жана улуттук кен тармагын тышкы күчтөрдөн коргоо деген шылтоолор менен ал өкмөттөр экономикалык укуктарды тебелеп, эркиндикти чектеген.

- Түштүк Америкадагы улутташтыруу тажрыбайлары кандай болду?

- Аргентина, Боливия, Чили, Венесуэла жана башка өлкөлөр түркүн тармактарды улутташтырууда чоң тажрыйбалары бар. Боливияда улутташтыруу толкунун президент Виктор Пас Эстенссоронун өкмөтү 1952-жылкы Улуттук революциядан кийин баштаган. Ал алгач үч ири калай кендерин улутташтырган, андан соң өкмөт кен казуу тармагынын монополистине айланган. Албетте, мунун баары чоң ката болгон. Өкмөттүк ишкана акырындап кирешеси азайып, натыйжасы жоюлуп, акыры банкротко учураган.

- Сиз айткан окуя 1952-жылы болгон. Жакынкы тарыхтан мисалдар барбы?

- Эво Моралестин өкмөтү дагы өткөн тарыхтын натуура саясатына кайтты. Президент Моралес 2006-жылы бийликке келгенден кийин мунай, газ, электр энергетика, телеком жана цемент тармактарындагы 20 чакты компанияны экспроприациялаган. Ал мурдагы каталардан эч нерсе үйрөнгөн жок сымал.

Бишкек Ла-Пасттын мурдагы каталарынан үйрөнсө болот.

Бишкек Ла-Пасттын мурдагы каталарынан үйрөнсө болот.


- Көбүнесе, өкмөттөр жергиликтүү калктын турмушун оңдоо үчүн улутташтырууга барып жатабыз деп айтып келишет. Боливияда ошондой болдубу?

- Көп учурда өкмөттөр элдин жыргалчылыгы үчүн деген жүйөө менен улутташтыруу жараянын баштайт. Бирок бул толугу менен чындыкка жатпайт. Мисалы, 2012-жылы Боливиянын Потоси аймагындагы Мальку Хота күмүш кенин Канаданын South American Silver Corporationдан экспроприациялоо маалында аймакка ээлик кылган жергиликтүү түпкүлүктүү 46 уруунун 43 уруусу компанияга өз ишин улантууга макулдук берген. Башкача айтканда, жергиликтүү эл чет элдик компания кенди иштетүүнү улантсын деген ойдо болгон.

- Кыргызстан Түштүк Американын тажрыйбасынан эмнелерди үйрөнө алат?

- Перулук Нобель сыйлыгынын лауреаты Марио Варгас Льосанын Аргентинада 2012-жылы популисттик өкмөт улутташтырууну баштаганда айткан сөзүн эскерте кетейин. "Дал ушундай ой жүгүртүү Латын Америкасын кедей жана артта калган чөлкөм кылып өнүктүрбөй ар тараптан тушап турат." Менин оюмча, башка өлкөлөр дагы ушул чөлкөмдүн кейиштүү тажрыйбасы жөнүндө ойлоп койсо ашыктык кылбас.

Боливиянын президенти Эвол Моралес.

Боливиянын президенти Эвол Моралес.


- Түштүк Американын тажрыйбасын эске алуу менен, Кыргызстан эмнени эсине алышы керек деп ойлойсуз?


- Бул бир тараптуу жеңишке алып келе турган оюн деп ойлоо чоң катачылык. Кендерди иштетүү – бул кайсы бир ичи тар, же сараң эл аралык компаниялар, же чет элдик инвесторлор кедей жергиликтүү калктан байлыкты тартып алып жатат дегенди туюнтпайт. Чындыгында бардык тараптар пайда гана табат: компаниялар жаңы технологияларды алып келет, жергиликтүү элге жумуш орун түзөт жана аймактын инфраструктурасына инвестиция салат. Эң негизгиси пайданы бөлүшүү келишими, пайданын канчасы өлкөдө калаары жана салык маселеси туура чечилиши керек. Мындай кызматташуудан эки жак тең утат.


  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG