Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:11

"Арай көз чарай" талкуусунун кезектеги чыгарылышы энелердин саламаттыгына арналды. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда эмчек рагына жыл сайын 600 аял кабылат, бул илдеттен жылына 200 аял өмүр менен кош айтышат.

Эмчек рагы деген кандай коркунучтуу илдет экенинен кабарыңыз барбы? Сиз акыркы жолу качан текшерилдиңиз эле, дегеле кыргыз зайыптар ден соолугуна өз маалында кам көрөбү? Маммология деген терминди кыздар билеби?

Талкууга Кыргызстандагы Улуттук онкология борборунун маммология борборунун адис дарыгери Бапан Абдразаков жана “Эргене” коомдук фондунун төрайымы Таалайгүл Сабырбекова катышты.





“Азаттык”: Бапан мырза, ушул тармакта иштегениңизге 35 жыл толуптур. Акыркы убактарда Кыргызстанда эмчек рагы менен ооруган, андан өмүр менен кош айтышкан аялдардын көбөйүшүнө негизинен эмне себеп болуп атат?

Бапан Абдразаков: Акыркы жылдары эмчектин рак оорусу абдан көбөйүп кетти. Алардын себептеринин бири - илгеркидей текшерүү жок болуп калды, көпчүлүк аялдардын өзүнүн ден соолугуна кайдыгер мамилеси. Ошондуктан Кыргызстанда жашаган аялдар жашына, төрөгөнбү, төрөгөн эмеспи ошого карабай бир айда бир жолу өзүн-өзү текшерип туруусу керек, жарым жылда үй-бүлөлүк дарыгерлерге барып текшерилип турушу керек.

“Азаттык”: Совет убагында биздин энелерибиз талаада иштеп, малдын артынан жүрүп, ошол учурда деле маммологго барып көрүндүм дегенин өтө чанда укпасак, көбүнчө укпайт элек. Ошол убакта ачыкка чыкпаган үчүн билинчү эмеспи?

Бапан Абдразаков: Мындан 20 жыл мурда бул оору анча деле көп кездешчү эмес. Маммологдор жок болчу, алар 15-20 жылдан бери пайда болду. Ага чейин деле ооруп жүрсө керек. Бирок каттоого алуу, текшерилүү начар болсо керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Ушул ооруга кабылуунун себептери кандай?

Таалайгүл Сабырбекова: Рактын пайда болуусуна көп факторлор таасир этет. Семирип кетүү, аз кыймылдоо, гормоналдык бузулуу шарт түзөт. Андан сырткары, жашаган жерибизде тамекинин түтүнү, же абанын бузулуусу түздөн-түз рактын пайда болушуна таасир кылат. Бирок аны алдын алса болот.

Биздин элге, айрыкча аялдарыбызга маалымат жетпейт. Мурда мүмкүн азыраак ооручу, бирок ал учурда бизде текшерүү бөлмөлөр болчу. Ар бир адам бейтапканага оорусу менен кайрылса, ошол текшерүү бөлмөдөн бир сыйра өтчү эле. Азыр эрте аныктоо программалар жок.

“Азаттык”: Ушул оорудан текшерилүү үчүн аялдар эмне кылыш керек? Кайда барыш керек?

Бапан Абдразаков: Эмчектин рак оорусу сырткы локализация болгондон кийин анын анча деле кыйынчылыгы жок. Ошондуктан аялдар өздөрү текшерилип турса жакшы болот эле. Ага 5-10 мүнөттү коротсо анча деле кыйын эмес. Убактысы болгондо күзгүнүн астында туруп, сол колу менен оң эмчегин сыйпалап көрсө, оң колу менен сол колун көтөрүп эмчегин сыйпаласа, эгерде шишиктер болсо дароо эле колго урунат. Эгер ошондой болуп кала турган болсо, чалкасынан жатып, ошондой эле жасаш керек. Анан үрпүн сыгып көрсө кандай суюктук чыгат, аны караш керек.

Биздеги онколог, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылса, алар бизге жөнөтөт. Дарыгерлер бизде күндө кабыл алышат. Келсин, бизде дарылаганга бардык мүмкүнчүлүк бар, текшерип, диагнозду койобуз.

“Азаттык”: Санариптик типтеги маммографтардын баасы өтө эле кымбат экен, жок дегенде 280 миң доллар турат деп айтылды. Бизге канчалык деңгээлде эл аралык уюмдар жардам берип жатышат, же жардам бере алышат?

Бапан Абдразаков: Биз жардамды азырынча көрө элекпиз. Бирок биздин директор аракет кылып жатат. Ал качан болоору белгисиз.

“Азаттык”: Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча үчүнчү-төртүнчү стадияга өтүп кеткенде гана кайрылган аялдар өтө көп болуп жаткан экен. Ошонун ичинде ушул оору 49-59 жаштарда тынчын алат деп айтылууда. Ага чейинки жаш куракта, 18 жаштан баштап эле өздөрүн текшертип турушу керекпи?

Бапан Абдразаков: Сөзсүз түрдө текшерилип туруш керек. Өтүшүп кеткен стадияларда 46 пайыз болуптур. Илгери биз жашы өткөндөрдүкү көп болот деп айтчубуз. Бирок азыр оору жашарып атат. 18-25 жаштагыларда да рак кездешип атат. Мурда белгилери башкача болчу, азыр болсо белгилери башкача болуп калды.

“Азаттык”: Аялдар өздөрүнүн ден соолугу,балдарынын келечеги үчүн кам көрүп, канча жаштан баштап көрүнүп турушу керек?

Таалайгүл Сабырбекова: Ар бир аялдын ден соолугу, сулулуугу өзүнүн колунда. Биринчиден, өзүн-өзү туура алып жүрүүсү керек, дене тарбия менен машыгып, туура тамактануу керек. Эгер биз 5 маал тамак ичсек, анын төртөө жалаң жашылча-жемиш болуш керек.

Ар бир аялдын өзүнүн гана ден соолугу эмес, анын үй-бүлөсүнүн саламаттыгы да колунда. Ракты алдын алыш үчүн өзүн коргой турган факторлор бар. Бул - балалуу болуу, баланы алты айга чейин эмизүү керек.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG