Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

Шаарларда эстеликтер жамыроодо. Алардын тарыхый-архитектуралык, маданий-эстетикалык талаптарга канчалык төп келээри "Азаттыкта" талкууланды.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков жана бедезчи, сүрөтчү Настар Мамай.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: “Жакында Кыргызстанда элинен да эстеликтер көп болуп калат, шаарлар көрүстөндөр чордонуна айланып баратат” деген пикирлер үстөмдүк кылууда. Бишкек шаардык архитектуранын эстеликтерди каттоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 1917-жылдан 1995-жылга чейин Бишкек шаарында жалпы 42 айкел тургузулган экен. Ал эми акыркы он жылда тургузулган эстеликтер саны да ушунча. Жылына жок эле дегенде үчтөн эстелик ачылат экен. Алакандай Бишкек шаары үчүн чын эле эстеликтер көптүк кылбайбы?

Настар Мамай: Албетте, айкелдер шаарды басып кетти. Ал аз келгенсип, айкелдер көрүнгөн жерге тушкелди коюлууда. Бул жакшы көрүнүш эмес.

Эмне болсо эле саясатка буруп, айкел тургуза берген болбойт. Адамдын көзү өткөндө анын эстелигин тургуза берүүнүн зарылчылыгы жок. Эгер Кыргызстандын атын дүңгүрөткөн адам болсо, тирүүсүндө деле койсо болот. БЧК каналын курган, министр болгон, жол салган деп эле эстелик тургуза берген туура эмес.

Бейшенбек Абдразаков: Мен бул ойго макул эмесмин. Кыргыздардын жаралганына 5 миң жылдан ашуун убакыт болду. Ушул жыл ичинде Манас баатырдан баштап, 18-19-кылымдарга, калмактардын согушуна чейин санаганда эл-жерин коргоп, канын-жанын төккөн болгону 100 эле баатырыбыз бар. Булардын айкелин сөзсүз түрдө тургузушубуз керек. Анткени 70 жыл СССРдин карамагында болуп, ушунча жыл бизди маңкурт кылышты.

Ошол убакта атаңар ким десе, "атабыз Ленин" деп жүрдүк. Анан 70 жылдан кийин атабыз ким экенин билдик. Көрсө атабыз Манас экен. Эми бардык баатырлардын эсетелигин коюп, тарыхыбызга кайтышыбыз керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG