Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Ушул жылдан тарта мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы иштей баштайт


Кыргыз өкмөтү ушул жылдан тартып бардык турак-жайларды милдеттүү камсыздандырууга өткөрүүнү пландоодо. Буга байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы 2016-жылдын 1-январынан баштап ишке киришет.

Өкмөткө караштуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалымдашынча, камсыздандыруу үчүн жылына болжол менен айыл жериндеги үйлөр үчүн 2,5 миң сом, шаардагы турак жай үчүн 3,5 миң сом төлөнөт. Өрт чалуу, жер титирөө, суу ташкыны жана башка табийгый кырсыктар болгон учурда үй ээси зыяндын өлчөмүнө жана үйдүн баасына карап, орто эсеп менен 10 миң АКШ долларын камсыздандыруу компаниясынан ала алат.

Кыргызстанда жыйырмага жетпеген камсыздандыруу ишканасы бар, аларда ыктыярдуу түрдө турак жайын, же башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандырган адамдар саналуу. Ушул тапта турак жайды камсыздандыруу багытындагы мыйзам коңшу Казакстан жана Орусияда каралып жатса, ал эми Батыш өлкөлөрүндө бир топ жылдан бери иштеп келатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG