Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

Кыргызстанда жыл өткөн сайын автоунаалардын саны көбөйүп, шаар гана эмес, айылдарда да тыгындар пайда боло баштады. Бирок миңдеген машиненин чыныгы ээлеринин так саны белгисиз.

Машине ээлеринин так санын аныктоону Ички иштер министрлиги ишке ашырышы керек. “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштаса, көпчүлүктү бейпайга салчу көрүнөө иш башталганы турат. Анткени автоунааны бирөөдөн ишеним кат негизинде сатып алган айдоочу жол эрежесин бузса анын айыппулун автоунаанын мурдагы ээси төлөш керек, мыйзам шартына ылайык машиненин мурунку ээси техникалык паспорттун негизинде унаасын кайтарып ала алат.

“Азаттыктын” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусу Кыргызстандагы автоунаа ээлеринин укуктары менен милдеттерин аныктоого арналды.

Талкууга Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары Усейин Касмалиев жана Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматынын административдик чара көрүү бөлүмүнүн ага инспектору Талант Сыдыков катышты.

“Азаттык”: Талант мырза, Ички иштер министрлиги 24-февралда Кара-Балта - Бишкек жолунун Сокулук районундагы аймагына видео көзөмөл камера орнотуп, жолдо жүрүү эрежесин бузган айдоочуларды тескей баштады. Ошондон бери канча протокол түзүлүп, канча сомго айып пул салынды?

Талант Сыдыков: 24-февралдан бери 20 миңге жакын токтом чыгарылып, 16 миң протокол машине ээлеринин үйлөрүнө жеткирилди. Болжол менен 4 миллион сомго жакын айып пул салынды. Бирок акчасы толук түшө элек.

Ишеним кат менен сатылган машинанын мурунку чыныгы ээсин табуу көйгөй маселе болуп атат, ишеним кат менен автоунаа колдон-колго өтүп кеткен учур абдан көп экен.

“Азаттык”: Усейин мырза, эгер Кыргызстан боюнча “Коопсуз шаар” деген долбоор толук ишке кирсе, автоунаа ээлерин бейпайга салган жагдай түзүлөт, себеби машинелердин көбү ишеним кат менен сатылгандыктан айыппул төлөөгө мурунку ээси мажбур болот деген кооптонуу бар. Купуя сыр болбосо Кыргызстанда расмий катталган канча машина бар жана алардын кожоюндары ким экендиги такпы?

Усейин Касмалиев: Кыргызстандагы жалпы машиненин саны 1 миллиондон ашык деп айтылып келет. Ошонун жарымынан көбү машинесин сатып жатканда жеңилине карап, нотариуска барып эле ишеним кат менен өткөрүп берип коюшкан. Мунун тескери жагы көп. Мисалы, азыр эле айтылгандай жол эрежеси бузулганда салынган айыппулду төлөөгө машинанын техникалык паспортунда жазылган, бирок машинасын эбак эле саткан адам төлөөгө милдеттүү. Андан тышкары кыймылдуу мүлкү үчүн салык төлөөгө мажбур. Ал эми сатып алган адамга да кесепети бар, анткени ишеним кат берген адам каалаган учурда машинасын кайра алып койгонго укугу бар.

“Азаттык”: Талант мырза, видеокамера орнотулгандан бери ушул бир эле Бишкек - Кара-Балта жолунда 3 миң автомашинанын ээсине 300 миң сомдон ашык айыппул салынды, бирок анын 70 миң сому гана казынага түштү деген маалымат бар. Буга ишеним кат менен айдап жүргөндөрдүн көптүгү себеп деп жатышат. Анын чындыгы барбы? Эмне үчүн төлөбөй жатышат?

Талант Сыдыков: Бүгүнкү күнгө чейин 260 адам 200 миң сомго чейин айыппул төлөштү. Чын эле ишеним кат менен сатылган машинанын мурунку чыныгы ээсин табуу көйгөй маселе болуп атат, ишеним кат менен автоунаа колдон-колго өтүп кеткен учур абдан көп экен.

Угармандын суроосу: Менин атым Гүлмира, Бишкектен чалып жатам. Мен акыркы беш жылда беш машинаны ишеним кат менен саткам. Эми ошонун баарына айыппул салынса мен төлөймбү?

Усейин Касмалиев: Ишеним кат менен сатып алып, жол эрежесин бузууда салынган айыппулду сиз төлөөгө милдеттүү болосуз. Сиз Административдик кодекстин 553-беренесинин негизинде сотко берип, машинаны сатканыңызды далилдеп туруп сот аркылуу айыппулду машинаны ишеним кат менен сатып алган адамга оодарып коюуга укугуңуз бар.

“Азаттык”: Усейин мырза, видеокамерага жолдо жүрүү эрежесин бузган айдоочуну токтотпой, күбөлүгү алынбай эле, анын көзүнчө протокол түзүлбөй туруп эле айыппул салынып, аны кабарлаган “бактылуу кат” машинанын техникалык паспортунда жазылган дарек боюнча жиберилет турбайбы? Ал дарек боюнча машине ээси да, ишеним кат менен айдап жүргөн киши да жок болуп чыгып жатыптыр. Мындай көрүнүштү мындан ары кантип жөнгө салганы жатасыздар?

Усейин Касмалиев: Мамлекеттик каттоо кызматынын буйругу менен мекемелер аралык комиссия түзүлүп, бирдүктүү программа даярдалып жатат. Ал боюнча эки долбоор бар. Анын бири Орусиядан алынып келинген, экинчисин өзүбүздүн адистер даярдашты. Аларды кийинки айда Бишкектин аймагында текшерип көрөбүз, эгер жакшы натыйжа берсе, бүткүл өлкө боюнча ишке киргизебиз. Анда бирдиктүү программа менен Ички иштер министрлиги, Салык, Бажы кызматтары, Каржы полициясы, сот органдары же айдоочу өзү программага кирип айдоочунун күбөлүгү мындай же тигиндей мыйзам бузуу үчүн алынды деген маалымат коюлса, ал бардыгына маалым болуп, азыркыдай кагаз жүзүндө жүрүп жаткан машакат азаят.

Азыр жаңы жобо киргизип жатабыз, ал боюнча беш жыл бою салык төлөбөй жүргөн кожоюнду Салык кызматы сотко берип, өкүмүн алып келип берсе, машинаны каттоодон чыгарып салганы жатабыз.

“Азаттык”: Усейин мырза, Салык кодексине ылайык, кыймылдуу мүлкү бар бардык адамдар салык төлөшү керек. Ээси аныкталбай жаткандан кийин, демек көп машиналар үчүн салык төлөнбөй жүргөн турбайбы? Бул багытта Салык кызматы менен кандай кызматташасыңар?

Усейин Касмалиев: Ай сайын биз жаңыртылган базадагы маалыматтарды Салык кызматына берип турабыз. Азыр жаңы жобо киргизип жатабыз, ал боюнча беш жыл бою салык төлөбөй жүргөн кожоюнду Салык кызматы сотко берип, өкүмүн алып келип берсе, машинаны каттоодон чыгарып салганы жатабыз.

“Азаттык”: Талант мырза, эгер айыппул салынган машинанын ээси табылбаса, талап боюнча 30 күндүн ичинде айыппул төлөнбөсө кандай чара көрүлөт? Үстөк пайыз кошулабы?

Талант Сыдыков: Административдик кодекстин 46-беренесине ылайык айыппул салынган күндөн баштап 30 күндүн ичинде төлөнүшү керек. Эгер төлөнбөсө айыппул менен кошо күн сайын кошулган 10 пайыздык үстөк пулду төлөөгө мажбур болот. Мөөнөт бир жылдан ашып кетсе айдоо күбөлүгүнөн сот аркылуу ажыратылат же административдик камак салынат. Айыппулдун көлөмү 1000 сом болсо туумдун көлөмү 3000 сомдон ашпайт, бирок 5 жыл ичинде айыппул талап кылына берет.

Угармандын пикири: Машина сатып алууда ишеним кат берилбей эле документтештирилсе жакшы болот эле. Ал үчүн сатып алуу төлөмү азайтылышы керек.

Усейин Касмалиев: Азыркы кризистик абалды эске алуу менен ушул жылдын февралынан тарта төлөм эки-үч эсе азайтылды. Нотариуска 1500 сом төлөп ишеним кат алганча азыр дароо алып-сатуу келишимин алып, расмий каттоодон өткөргөн жакшы.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG