Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:59

Экономика жана өнөр жай министрлиги казинолорду иштетүүгө кайрадан уруксат берүүнү сунуштоодо.

Бул боюнча мыйзам долбоор коомчулуктун талкуусуна коюлду. Мыйзам өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Кыргызстанда жаштар арасында кумарга берилип кетүү көбөйүп жатканы негизделип, 2012-жылдан тарта кумарканалардын ишине тыюу салынган. “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

“Азаттык”: Коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорго ылайык, кумарканаларды белгилүү бир аймактарга ачуу сунушталган. Алардын ичинде кумарканалар Ысык-Көл, Чүй жана өлкөнүн түштүгүндө болору айтылууда. Ошондой эле ал оюн жайлар чет өлкөлүк жарандар үчүн гана ачык болуп, кыргызстандыктар киргизилбей турганы айтылууда. Негизи эле кумарканаларды кайра ачууга эмне зарылдык болууда?

Алмаз Сазбаков: Биз талкууга чыгарып жаткан мыйзам долбоор боюнча оюн жайлары үчүн атайын аймактар түзүлөт. Алар калк көп жашаган жерлерде ачылбайт. Атайын жайлар аэропорттордун жанында болуп, четтен келгендер андан чыкпай ойноп кете берет.

Биздин жарандар ага кирбесин деп мыйзам долбооруна дароо эле жазып койдук. Ага кызматкерлер, официанттар, күзөтчүлөр гана кире алат. Бирок алардын ойногонго мүмкүнчүлүгү жок.

Бүгүн мыйзам талкууга чыкса эле эртең ачыла калат деген туура эмес. 2012-жылы кумарканалар жабылгандан бери биз бир нече факторлорду көрдүк. Алардын канчасы жабылды деген менен көмүскө иштеп келатышат. Бул каражат казынадан четке кетип жатат дегенди билдирет. Ошондуктан биз муну мыйзамдаштырып, бюджетти толтурушубуз керек.

Биз жаңы долбоорду чыгарардан мурда бир топ изилдөөлөрдү жүргүзүп, бизнес ассоциациялар, жергиликтүү жарандар менен бирге талкууларды өткөрдүк. Бул абдан кыйын маселе. Азыр жергиликтүү тургандар да ойнойт деген тобокелчиликтер бар. Бирок ал жерде чоң көзөмөл болот. Кыргызстандыктар ойноп жатканы билинип калса, казинонун өзүнө чоң айып салынат.

2012-жылы кумарканалар жабылганда бир жыл ичинде 500 млн. сом каражат бюджетке түшпөй калган. Азыркы биздин анализ боюнча кеминде 1,5 млрд. сом болуш керек. Эгер андан кем болсо ачпай эле коюш керек.

“Азаттык”: Кумарканалар жабылганына 4 жылга чукулдады. Бирок бир жылдан кийин эле айрым депутаттар аны кайра ачуу демилгесин көтөрүп чыгышкан. Бакыт мырза, сиздер алып чыккан мыйзам шашылыш кабыл алынып калганбы?

Бакыт Жетигенов: Бул мыйзам сунушталганда абдан көп талкуулар болгон. Бюджетке түшпөй калган каражат 500 млн. сом ошондо эле айтылган, эске алынган. Бирок ошондо деле бул каражатты, андан он эсе көп булактарды башка жактан тапса болору белгиленген, мисалдар айтылган.

Бул мыйзам долбоорду Экономика министрлигинин сунуштап жатканы - өкмөттүн алсыздыгын билдирип жатат. Арам акчадан, кумарканадан сырткары акча таба турган башка нерсеге ою жетпей, жол калбай калдыбы деп ойлоп жатам. Башка булактарды караштырса болмок. Азыр көмүскө казинолор иштеп жатат дебей өкмөт иштеш керек болчу. Алардын баарын жабыш керек эле. Өкмөттүн ошол тармакта иштеп жаткандарды өздөрү калкалап жатса бул кандай болот? Анда сойкулукту, маңзат колдонууну да мыйзамдаштырсын.

Азыр мурдагыдай азгырык жок, көп жаштар көчөдөн көрүп азгырылбайт. Бул да оору, мурдатан ойноп, көнгөндөр жашынып, көмүскө иштегендерди таап жатат.

Р:S. Кыргызстанда кумарканаларга 2012-жылдын январынан тарта тыюу салынган. Бирок ошол мезгилден бери эле бир катар казинолордун көмүскө иштеп жатканы аныкталган. Айрымдар букмекердик контора деген аталышты жамынып, кумар оюндары дагы деле жашыруун ойнотулуп жатканын айтылып, 2013-жылы президент Алмазбек Атамбаев букмекердик кеңселердин жана тотализатор бюролордун ишине тыюу салган мыйзамга кол койгон.

Мыйзам кабыл алынып, расмий тыюу салынганга чейин Кыргызстанда 500 чамалуу букмекердик кеңсе, 25тей казино бар экени айтылган. Азыркы мыйзам боюнча көмүскө казино жана оюн автоматтарын иштеткендер 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG