Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Исаков: Казинолорду Баткенге көчүрүш керек


Кумаркана, оюн-зоок автоматтарын Баткенге көчөрүү демилгеси көтөрүлүүдө. Буга байланыштуу мыйзам коомчулуктун талкуусуна коюлганы жатат. Мыйзам долбоордун демилгечиси Исмаил Исаков "Азаттыкка" маек курду.

- Кумарканалар боюнча буга чейин да көп сөз болду, митингдер өттү. Сиз мыйзамды чукул талкууга коюшуңузга ушулар себеп болду окшойт? Сиз демилге көтөрүп аткан мыйзамдын артыкчылыгы эмнеде?

- Албетте бул абдан оор маселе. Бул жалгыз эле элдин чуусунун негизинде же ошондон кийин көтөрүлүп жаткан жок. Алар мага да кайрылышкан.

Биринчиден, аларды колдой турганымды билдирип, кат жолдогом. Негизги максат - жарандардын укуктарын камсыз кылышыбыз керек.

Экинчиден, кылмыштуулукту азайтуу. Үчүнчүдөн, бул өзүнчө чоң бизнес болуп өркүндөгөндөн кийин биз бир тараптуу чечимди кабыл алышыбыз керек. Америкадай бир регионду өнүктүрүү керек. Невада штатындагы Лас-Вегас талаа болгон.

Мен жазган мыйзамда "толугу менен жабыш керек" деп айтылбайт. Негизи төрт түрү бар: казино, оюн автоматтары, тотализатор жана букмекердик кеңсе. Ошонун ичинен казино менен оюн автоматтарды толугу менен шаардан, кылмыш көп катталган район борборлорунан алып чыгып, Баткен облусуна көчүрүү керек деп сунуштап атам. Баткендин борборуна эмес, анын бир районун тандаш керек. Ал жерде Лас-Вегастай кылып толугу менен инфраструктурасын оңдош керек. Мисалы, мейманкана, оюн залдары.

Баткен Өзбекстан, Тажикстан менен чектешет. Ал жактан да келгенге толук шарт түзөт. Ошол аймак өнүгүп кетмек. Бирок тотализатор менен букмекердик кеңсени калтырып атабыз. Анткени тотализатордун катышуучулары кайсы бир окуя боюнча атайын кассага акча салып, ким утса, ким далилдеп берсе акчасын кайтарып алат. Ал эми букмекердик кеңсе ат чабыштай эле. Мисалы, аттардын кимиси алдыга келсе, ошол утат.

- Баткенге көчүрүү демилгесин айтып атасыз. Жергиликтүү тургундардын пикири кандай, алардын да макулдугу болуш керек да. Бул мыйзамда көрсөтүлөбү?

- Бүткүл дүйнөдө ушундай практика бар. Орусияны алып көрсөк төрт аймакта коюшкан. Алтай, Приморск, Краснодар жана Калининград облусунда. Казакстанда Капчыгайда жана Акмоло облусунда.

Биз эл жыш жайгашкан жайга көчүрбөй, эл аз жерге алып барып, ошол жерди өнүктүрүшүбүз керек. Акчалуу адамдар барып-келе беришет, жумуш орду пайда болот. Мамлекеттик казынага да акча түшөт. Аймакты өнүктүрүү үчүн ошондой жолдорго барышыбыз керек. Муну баары бир тыя албайбыз, тыйган учурда да көмүскө иштегендер көбөйө берет.

- Чындыгында бул боюнча түрдүү пикирлер айтылып атат. Мурдагы бийлик башындагылардын балдары кумарканаларды көзөмөлдөйт, өздөрүнүн үлүшүн алып турат деп айтылчу эле. Анда миллиондогон акча айланат, маңзаттар ушул жерде соодалашат деген кептер да бар. Азыр булар кимдин көзөмөлүндө экени сизге маалымбы?

- Эл арасында айтылган сөздөрдүн кээ бири чын. Албетте жөнөкөй адамдар аны көзөмөлгө ала албайт. Аны акчасы көптөр, маанилүү жерде отургандар алышат. Ансыз деле депутаттардын казинолору бар деп айтылып жатат. Мен чындыгында кайсы депутаттыкы экенин билбейм.

Мен бул оюнга эч качан кызыккан эмесмин, атайын иликтеген эмесмин. Маселе чыгып аткандан кийин ошону иликтей баштадык. Аны да ким экендигин тактайбыз. Бирок айткан сөздүн жөнү бар, жөнөкөй адамдар казинолорго кожоюн болуп, көзөмөлдөй албайт. Бул жерде чоң чиновник же акчалуу адамдардын балдары, туугандары көзөмөлгө алганы чындык.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG