Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

Жарандык коом КСДПны шайлоодон четтетүүнү талап кылууда


Бишкек шаарындагы үгүт жарнама
Бишкек шаарындагы үгүт жарнама

Жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстан социал-демократтар партиясын (КСДП) шайлоодон четтетүү талабы менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Алар аталган партия үгүт чакырыктарына президентти аралаштырып жатканын мыйзам бузуу катары эсептешет.

“Президентибиз Алмазбек Атамбаев КСДПнын негиздөөчүсү болгону менен мамлекет башчылыкка киришкен соң партиядан чыккан. Анын атын үгүт чакырыктарына колдонуу Баш мыйзамды бузат. Президент мамлекеттин биримдиги үчүн бейтарап көз карашта болушу керек”, деп жазылат бүгүн жолдонгон арызда. Ага 21 адам кол койгонун демилгечилердин бири Бурул Усманалиева "Азаттыкка" билдирди.

КСДПнын “Президентти колдойлу!” деген жарнамалары 28-сентябрдан тарта илине баштаган. Партиянын Бишкектеги штабынан мамлекет башчы КСДПны менин партиям деп ачык эле айтып жүргөндүктөн муну үгүткө колдонуп жатышканын билдиришти. Бул маселеге чара көрүүнү суранып “Азаттык” партиясы да БШКга кайрылган. Азырынча БШК буга комментарий бере элек.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 14 партия ат салышууда. (SE)

XS
SM
MD
LG