Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Ташиевге сот да "жок" деди


Камчыбек Ташиев жана Өмүрбек Бабанов
Камчыбек Ташиев жана Өмүрбек Бабанов

Райондук сот Борбордук шайлоо комиссиясынын Камчыбек Ташиевди шайлоодон алып салган чечимин мыйзамдуу деп тапты.

“Республика Ата-Журт” партиясында тизмеде 41-болуп шайлоого бараткан Камчыбек Ташиевди Борбордук шайлоо комисcиясы 28-сентябрда тизмеден чыгарган. Мындай чечимге макул болбой, партия райондук сотко кайрылып, жыйынтык "Республика Ата-Журт" күткөндөй болгон жок.

Сот чечимине нааразы болгон партиянын расмий өкүлү Елена Жылкычиеванын айтымында, алгач Ташиевди тизмеден алып салуу менен БШК мыйзамды одоно бузса, райондук сот партиянын өкүлдөрү келтирген фактыларды эске алган жок.

- БШК мыйзамды гана аттап өтпөстөн, талапкердин конституциялык укугун тебеледи. Себеби, алар партиянын пикирин укпастан күн тартибине шашылыш коюп, биз тарапка айтпай, өз алдынча чечим кабыл алышты. Бизге БШК чечим чыгарышары тууралуу билдирүү берген эмес. Биз эми соттун чечимине макул эмеспиз. Ошондуктан жогорку инстанциядагы сотко кайрылабыз.

Тасмада: Камчыбек Ташиев урду деген Абдыманап Абдыбахапов
Ташиев талапкерди сабаганбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00

"Муштумуна эмес, үгүттү бузганына карата чечим"

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Камчыбек Ташиевди 26-сентябрда атаандаш "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын кеңсесинде чуу чыгарып, үгүт материалдарды тытканы үчүн күнөөлөдү.

- Биз Ташиев башка талапкерге кол көтөрдү, кабыргасын сындырды деген маселени караган жокпуз. Аны атайын органдар иликтесин. Биз ошол күнү Ташиев үгүт иштерин жүргүзгөнгө тоскоолдук кылды жана үгүт маалында мыйзамды бузду деген эки факты менен талапкерлигин алып салдык.

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевдин пикиринде, талапкерди тизмеден алуудан мурда ага бир катар эскертүүлөр берилиши керек эле. Алсак, буга чейин “Бир Бол” партиясынын мүчөсү Нурбек Мурашевге башка партиянын өкүлүн сабады деген маалымат үчүн эскертүү берилген.

Акылбек Сариев “Республика Ата-Журттун” теңтөрагасына да алгач эскертүү жетиштүү болмок деген ойдо:

- Мыйзам боюнча БШК талапкерди каттоодон алса болот, бирок ага чейин бир нече эскертүү бериши керек да. БШК кийинки күндөрү соттон дагы жогорку орган болуп алгандай элес калтырууда. Мисалы, Жогорку Сот Карганбек Самаковду үй камагына чыгарган. Бирок БШК ага үгүткө катышууга уруксат берип койду. Эмне БШК Жогорку Соттон дагы жогору турабы деген суроо туулат.

Айрым саясат талдоочулар БШК Ташиевге карата саясий чечим кабыл алганын, бийлик шайлоо алдында атаандаш партиянын төрагасын тизмеден чийип, анын үгүтүнө тоскоолдук кылганын белгилешүүдө. Ошол эле учурда партиянын теңтөрагасынын маселелерди муштум менен чечүүнү эп көргөнү саясатчыга да, партияга да аброй алып келбейт дегендер четтен табылат.

Ташиев жарыштан чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:44 0:00

Райондук соттун чечимине нааразы болгон “Республика Ата-Журт” партиясы 1-октябрда Жогорку Сотко арыз менен кайрылганы турат. Алар Ташиевдин шайлоого катышуусуна жол ачуу үчүн өз аракеттерин токтотпосун убада кылышты.

Өз кезегинде БШК Камчыбек Ташиевге Жогорку Сот тизмеге катталууга уруксат берсе, ал чечимди аткарууга даяр экенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG