Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:39

Беларус, Казакстан жана Орусиядан сырткары Евразия экономикалык биримдигине кирчү эң башка талапкерлер катары Кыргызстан менен Тажикстан аталууда.

Бул биримдик Кыргызстандын экономикалык абалын оңой алабы? Евразия биримдигине Кыргызстандын мүчө болушуна ким көбүрөөк кызыкдар – Орусиябы же Кыргызстанбы?

18-ноябрда Беларус, Казакстан жана Орусиянын президенттери Александр Лукашенко, Нурсултан Назарбаев жана Дмитрий Медведев Москвада Евразиялык экономикалык интеграция боюнча Декларацияга кол коюшту. Аталган Декларациянын максаты - 2015-жылы Евразиялык экономикалык биримдикти түзүү.

Бул жолугушууда үч лидерге Евразиялык экономикалык комиссия боюнча келишим да тапшырылды. Дал ушул комиссия бүт интеграциялык жараяндарды көзөмөлдөйт. Аны жетектөөгө Орусиянын учурдагы өнөр жай жана соода министри Виктор Христенконун талапкерлиги көрсөтүлдү.

Виктор Христенконун айтымында, Евразия экономикалык биримдиги башка өлкөлөр үчүн ачык жана эң башкы талапкерлер - Кыргызстан жана Тажикстан.

- Евразия биримдигине кирүү бул өзүнчө бир жараян, ал үчүн талапкер өлкөлөрдүн экономикасын бир калыпка келтирүү зарыл. Алардын мыйзамдары жана нормативдик базалары үч өлкөдөгүдөй болушу зарыл.

Кыргызстан быйыл октябрь айында Орусия, Казакстан жана Беларус 2009-жылы түзгөн Бажы биримдигине кошулуу тууралуу чечим кабыл алган.
Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Алмазбек Атамбаев чет өлкөлүк басылмалардын ичинен алгачкы ирээт Орусиянын "Известия" гезитине маек куруп, анда Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин дагы бир жолу тастыктады.

Евразия биримдиги тууралуу идеяны Орусиянын премьер-министри Владимир Путин ушул жылдын октябрь айында “Известия” гезитинде жазып чыккан.

Бажы биримдигинен Дүйнөлүк соода уюмуна

Социалдык кыймылдар жана ааламдашуу институтунун (ИГСО) экономикалык изилдөөлөр борборунун башчысы Василий Колташов Кыргызстан менен Тажикстандын мүчөлүгүн колдойт.

- Бул эки өлкөнү Евразия биримдигине мүчө кылуу демилгесинин келечеги бар. Бул биримдик Бажы биримдигинин идеясынын уландысы болуп эсептелет жана анын максаты Евразия аймагында экономикалык бирдиктүүлүктү түзүү.

Бирок Василий Колташовдун ою боюнча, бул демилгенин ишке ашышы күмөн.

- Бул Орусияга байланыштуу. Евразия биримдигинин демилгечиси Орусия, бирок азыр анын экономикалык саясаты карама-каршылыктарга толо, себеби Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна тезирээк мүчө болуу ниети Евразиядагы интеграциянын бейнесин өзгөртүп, ал натыйжа бербей калышы ыктымал.

Кыргызстандык жеке ишкер Азамат Аттокуров Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү ниетин эске алып, Кыргызстан убакытты создуктурушу керек деген пикирде.

- Эгер Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна кирсе, анда Бажы биримдигинин мааниси жоголот. Ошондуктан Кыргызстан убакытты болушунча созуп, Бажы биримдигиндеги өлкөлөрдүн Дүйнөлүк соода уюмуна киришин колдошу керек.

Экономикалык серепчилердин баамында, Евразия биримдиги эң биринчи кезекте Орусия үчүн ыңгайлуу.

- Албетте Орусия басым жасап атат, бирок Орусияга да Борбор Азия өлкөлөрүнө да жакынкы коңшулары менен биригүүдөн башка жол жок. Кытай менен андай интеграция мүмкүн эмес, себеби Борбор Азия өлкөлөрү Кытайдын экономикалык жактан артта калган аймактары менен чектеш.

Василий Колташов өз оюн “эгер Евразиялык биримдик идеясы иш жүзүндө аткарылбаса, чет жакадагы экономикалардын деңгээли ошол эле бойдон калат” деп жыйынтыктайт.

Орусиядагы “Коомдук пикир” корунун сурамжылоосуна ылайык, орусиялыктардын 43 пайызы Евразия биримдиги өлкө экономикасына пайда алып келет деп эсептейт. Кыргызстан менен Тажикстандын мүчө болушун 43 пайыз орусиялык колдойт, ал эми алардын 34 пайызы каршы.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG