Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:53

Кыргызстан канадалык “Центерра голд” компаниясы менен 2009-жылдагы макулдашууну бир тараптуу бузушу чоң кыйынчылыктарга алып келет.

Бул тууралуу “Кыргызалтын” мамлекеттик ишкана башкармалыгынын башчысынын орун басары Кылычбек Шакиев билдирди. Мына ошондуктан ал “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөр үчүн кыргыз тарап стратегиялык негизги үч вариантты тандап алганын айтты.

Бирок оппозиция өкүлдөрү өкмөттүн бул аракетин сынга алып, аталган варианттарды кезектеги алдамчылык катары мүнөздөшүүдө.

Үмүт арттырган үч вариант

Өкмөттүн алдында түзүлгөн кеңешме топтун катчылыгын жетектеген “Кыргызалтын” ишканасынын башчысынын орун басары Кылычбек Шакиров “Центерра голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөр август айында баштала турганын билдирди. Учурда Кыргызстан тараптын кызыкчылыгын коргогон DLA Piper жана Рricewaterhouse Coopers компаниялары сүйлөшүүлөр үчүн 13 вариантты сунуштап, анын ичинен үчөө тандалып алынган.

Кылычбек Шакиров “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөрдө мына ошол үч варианттын бирине токтолуу маселеси турганын белгиледи:

- Биринчиси - Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшү 33 пайыз боюнча кала берет. Бирок биз башка бир акционерлер менен биригип, компанияда үстөмчүлдүк саясат жүргүзүүгө өтөбүз. Бул деген башка майда акционерлердин акцияларын сатып алып, негизги үлүтү 51 пайызга же биротоло жүзгө чыгаруу керек деген сөз. Бирок бул үчүн чоң каражат керек. Экинчиси - “Центеррадан” чыгып, Кыргызстанда катталып, жергиликтүү мыйзамдар боюнча көзөмөлдөнө турган биргелешкен ишкана түзөбүз. Муну “Центерра” сунуштады. Үчүнчүсү деле ушуга окшош. Болгону “Центеррада” кандайдыр бир үлүштү калтыруу менен биргелешкен ишкана түзүү.

Бирок айрым оппозиция өкүлдөрү өкмөттүн алдындагы кеңешме тобу жактырып жаткан үч варианттын бири да Кыргызстандын кызыкчылыгын толук канааттандырбайт деген ойдо. “Ата Журт” партиясынын теңтөрагаларынын бири Садыр Жапаров анын себептерин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Бул үч вариант тең көз боёмочулук. Мына ушундай жол менен аталган компания өзүнүн үстөмдүгүн сактап калгысы келип жатат. Башкача болсо, эмнеге жүз пайыз үлүшү менен эле Кыргызстан өзүнчө ишкана түзө албайт? Ага канадалык тарап гана эмес, биздин ичибиздеги айрым көмүскө акционерлер менен алардын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган жетекчилер кызыкдар эмес. Ошон үчүн ушундай баш айландыра турган схеманы ойлоп таап, элдин тамырын тартып көрүп жатышат. “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүгө жетекчилик кыла турган Жоомарт Оторбаев “Центеррада” кызыкчылыгы болгон таякеси маркум Кемелбек Нанаевдин атын ачыкка чыгарышына ишенесизби?

Бирок бул маселе боюнча өкмөттүн атынан “Центерра голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүү жүргүзүү боюнча жумушчу топтун башчысы – вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жарга такаган жаңы жүйөлөр

Ошол эле кезде өкмөттүн алдындагы кеңешме топтун катчылыгын жетектеген Кылычбек Шакиров “Центерра голд” 2009-жылы бекитилген макулдашууну бузууга барбай турганын айтты. Анткени Шакиевдин айтымында, конституциялык мыйзам менен бекитилген ал макулдашуу бир тараптуу бузулса, “Центерранын” акцияларын сатып алган акционерлердин кызыкчылыгына доо кетип, алар кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитражга сүйрөшү мүмкүн:

- Мына ошол макулдашуудан кийин компаниянын акциялары бир топ ири акционерлерге сатылган. Алар болсо 2009-жылдан 2012-жылга чейин 850 миллион доллар инвестиция киргизген. Анан биз макулдашууну бир тараптуу буза турган болсок, алардын кызыкчылыгы эмне болот? Албетте алар сотко бербейт деген кепилдик жок. Ошондуктан “Центерра” жетекчилиги “Кыргызстан милдеттеме алган келишимдин шарттарын аткарыш керек, ал өзгөрбөйт” деп жатат.

Кумтөрдүн иштетилишине каршы акция, 24-апрель, 2013-жыл

Кумтөрдүн иштетилишине каршы акция, 24-апрель, 2013-жыл

“Центерра голддун” жаңы акционерлери 2009-жылдан ушул күнгө чейин “Кумтөргө” 850 миллион доллар инвестиция салган деген маалымат аталган компаниянын кезектеги көз боёмочулугу деп мүнөздөдү мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров:

- Мен андай көлөмдө инвестиция салынганын биринчи жолу угуп жатам. Бирок компания дүйнөдө алтындын баасы кымбаттагандан улам 2013-жылга чейин үч жыл катары менен жакшы киреше таап, 2011-жылы ошол кирешенин ири бөлүгүн Кумтөрдү андан ары изилдөөгө жана технологияны жаңыртууга жумшай турганы боюнча маалымат чыккан. Андан башка акционерлер тарабынан инвестиция киргени боюнча мурда-кийин маалымат болгон эмес.

Буга чейин өкмөт “Кумтөр” боюнча бир жыйынтыкка келген чечим 10-сентябрга чейин кабыл алынып, коомчулуктун сынына коюла турганын убада кылган. Ага чейин парламент чегерген үч айлык мөөнөттөн жыйынтык чыккан эмес. "Бул жолу да Кумтөр алтын кен долбоору боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын калыбына келтирүү жагы чечилбей калса, анда өткөндөгү Жети-Өгүздөгүдөй каршылык акциялары өлкө боюнча кулач жаят" деп билдирди оппозиция өкүлү Садыр Жапаров.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG