Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

26-августта Ысык-Көлдө Борбор Азия мамлекеттеринин жана Ооганстандын чек ара кызматынын башчыларынын 3 күндүк жолугушуусу башталды.

Жолугушууда 2014-жылы биргелешкен аскердик күчтөр чыккан кезде Ооганстандагы кырдаал кай тарапка оойт деген маселе талкууланып, чек ара аймактарындагы абал жана өз ара маалымат алмашуу тууралуу сөз болууда.

“Ысык-Көл демилгеси” деп аталган жыйынга Кыргызстандан тышкары Казакстандын, Түркмөнстандын, ошондой эле Ооганстандын чек ара кызматынын башчылары катышууда. Чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матенов бул жолку жолугушуунун темасы Ооганстан болгонуна токтолду.

- 2014-жылы НАТОнун коалициялык күчтөрү Ооганстандан чыгарылып кеткенден кийин бизге кандай коркунучтар болушу мүмкүн? Жолугушуу алар боюнча чек ара кызматтары алдын ала кандай чараларды көрүшү керек деген маселелерди талкуулоо максатын көздөйт. Анткени ар бир мамлекеттин коопсуздугу чек ара коопсуздугунан башталат.

Борбор Азия мамлекеттеринин чек ара кызматтарынын башчылары “Ысык-Көл демилгесинин” алкагында биринчи жолу 2011-жылы жолугушкан. Ал эми бул сапар жолугушууга Өзбекстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын башчылары келген жок. Өзбекстан эгемендик майрамын белгилөөгө даярданып жатканын жүйө келтирсе, Тажикстан тарап да бир катар маанилүү саясий иш-чаралардан улам келе албасын айткан. Кыргызстандын өзүнүн чечилбеген чек ара маселеси көбүнчө ушул эки мамлекет менен байланыштуу. Алар: такталбаган чек аралар, чек ара аймактарындагы мыйзамсыз миграция.

Коопсуздук, тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытовдун айтымында, “Ысык-Көл демилгесине” келген Ооганстандын Чек ара кызматынын башчысы кырдаал боюнча өз сунуштарын ортого салган.

- Кадр маселеси өтө курч турганын, ошондуктан кадр даярдоодо жардам берүүнү, айрым техникалык муктаждыктар бар болгонун, аларга да КМШ мамлекеттери көңүл бурса жакшы болмоктугун айтты. Мындан тышкары террористтер, мыйзамсыз куралдуу топтордун чабуулдары көбөйүп жатат. Ушул жаатта да биргелешип иштеп, өз ара маалымат алмашып иштесек деген сунушун айтты.

2014-жылы Ооганстандан биргелешкен антитеррордук куралдуу күчтөр чыгарылып кетет. Ошондон кийин бул өлкөдө, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттеринде кырдаал кандай болот деген маселе бир катар өлкөлөрдү тынчсыздандырууда.

Чек ара аскерлеринин мурдагы төрага орун басары Кубанычбек Сарыбаев Ооганстанда талиптер бийликке келип калган күндө деле алар аймактагы эмес, өлкөнүн ичиндеги саясат менен алектенет деген пикирде. Бирок ал бул жерде “ал-Каида” кооптуу экендигине токтолду.

- “Талибанды” “ал-Каидадан” бөлүшсө туура болмок. Анткени “Талибандын” өзүнүн идеологиясын карай турган болсок, алардын Ооганстандан сырткары чыгуу ниеттери жок. Ооганстандан сырткары жерлерде “ал-Каида” иш жүргүзүп жатат. Эгер талиптерди “ал-Каидадан” ажыратууга мүмкүн болсо, анда алар Ооганстандын ички саясаты жана жумуштары менен гана алек болушмак.

“Ысык-Көл демилгеси” үч күнгө созулуп, 28-августта аяктамакчы. Ага Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлү Прадип Шарма жана Евробиримдик, БУУ тарабынан каржыланган Борбор Азиядагы чек араларды башкарууга көмөктөшүү - BOMCA программасынын өкүлдөрү да катышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG