Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:57

Кыргызстан Кытай менен чек арасындагы отряддарды кыскартып, мындан ары Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасын кайтарууну күчөтмөй болду. Бирок Чек ара кызматынын бул чечими Нарын жана Ысык-Көлдөгү Кытай менен чек аралаш аймактарда нааразылык жаратты.

Чек ара кызматынын жетекчилиги болсо кыргыз-кытай чек арасы тынч экенин, эки өлкө ортосунда делимитация, демаркация иштери толук аяктагынын белгилеп, кооптонууга негиз жоктугун айтууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов Нарын жана Ысык-Көлдөгү чек ара отряддарынын кыскарышына эки негизди жүйө кармоодо. Мамытов кыргыз-кытай чек арасында абал тынч экенин, эки өлкө ортосунда аныктап-тактоо иштери толук аяктаганын айтып, экинчиден, ал жактагы кыскартуунун эсебинен түштүктөгү чек араларды кайтаруу күчөтүлөрүн эскертүүдө:

- Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арабызда абал жакшы эмес. Делимитация, демаркация иштери аягына чыга элек. Келишимдерге кол коюла элек. Такталбаган жерлерибиз да көп. Түштүк тарапта абалыбыз бир аз оор. Ал жакка жетишпеген үчүн Нарын жана Ысык-Көлдөгү чек ара отрядын кыскарттык.

Анткен менен Чек ара кызматынын бул чечимине Нарында Кытай менен чектеш аймакта жашаган айылдыктар нааразылыгын билдиришүүдө. Өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлү Канатбек Муратбеков Чек ара кызматы отряддарды эмне үчүн кыскартып жатканын элге түшүндүрбөгөндүктөн азыр аймакта түрдүү кептер тараганын айтат:

- Элге болгонун болгондой түшүндүрүш керек болчу. Азыр бизге телефон чалып, чек ара бекеттерин сатып жатыпсыңар, сатып алсак болобу деп кайрылгандар да бар. Андай эмес деп түшүндүрө албай жатабыз. Түрдүү кептер тарады. Экинчиден, келечекте чек арада эмне болоорун биз азыр айталбайбыз. Бизде баары жакшы, кооптонууга негиз жок дегенден алысмын. Чек араны күчөтүп карасак болмок деген ойдомун.

Муратбеков кээ бир учурларда чек арадан кыргыз тарапка мал издеп, адашып өтүп кеткен кытайлар да кезигээрин чабандардан угабыз дейт. Анын пикиринде чек арачылардын жумушу аз болгону менен элге караан болмок:

- Ачыгын айтканда азыр кытайлар биздин өлкөнүн да, өздөрүнүн да чек арасын кайтарып жаткандай сезилет. Биз эми мамлекет болгондон кийин чек араны таштап салган болбойт, алар жок дегенде караан болуп, элибиз чек арачыларбыз бар деген ой менен жашамак.

Кытай чек арасына жакын Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын жашоочусу Бактыбай Курмантаев айыл тургундары чек ара отряддарынын кыскарышына анчалык деле көңүл бурушкан жок, анткени чек арачылардын бар-жогун деле анча сезбейбиз дейт. "Бирок кез-кезде чек арадан мал издеп, адашкан, же мал уурдаган окуялар болуп турат" дейт Курмантаев:

- Кайсы чек ара бекеттери кыскараарын деле билбейбиз, менимче Аксай тараптагы Кызыл-Булак бекетин калтырып койсо болот. Коргон-Таш бекетин кыскартса болот деп ойлойм, анткени ал чек арадан деле алыс жайгашып турат. Бирок чек арачылар болбосо мал уурдагандар, адашкандар көбөйүшү мүмкүн.

Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов кыргыз-кытай чек арасы такталып бүткөн үчүн кооптонууга негиз жоктугун айтууда:

- Кытай Эл Республикасы менен чек арабыз тынч. Эки өлкө өз ара жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында чек араны кайтаруу боюнча келишимдерге кол койгонбуз, делимитация, демаркация иштери толук аяктаган. "Кытайлар чек араны бузуп бери кирет экен, биздин аймакка мал жайышат экен, кен байлыктарыбызды көтөрүп кетишет, базар курат" деген маалыматтар туура эмес.

Мамытовдун айтымында, Нарындын Кытай менен чектешкен айылдарында жашаган тургундарга маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн бүгүн анын орун басары аймакка жөнөп кетти. Кыргыз-кытай чек арасынын жалпы узундугу 1080 чакырым. Эки өлкө чек араларын тактап, мамылар орнотулган.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG