Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Борбор Азиянын соода алакасы солгун


Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда соода алакаларынын деңгээли төмөн. Буга өзгөчө чек арадагы бажы бекеттериндеги тоскоолдук себеп болууда.

Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан борборазиялык соода форумунда айрым ишкерлер билдиришти.

Мамлекеттер ортосундагы соода алакасы канчалык жогорку деңгээлде болсо, ортодогу ынтымак ошончолук бекем болорун турмуштук тажрыйба көп далилдеген. Муну өзгөчө коңшулаш мамлекеттер эсине түйүшү бышыктыгын экономисттер көп эскертип келишет.

Арийне, бүгүнкү күндө борборазиялык мамлекеттер ортосундагы соода алакасы сонун деп айтуу кыйын дешет эксперттер. Башкасын айтпаганда да Кыргызстан менен калган борборазиялык өлкөлөрдүн соода алакасы жогорку деңгээлге жете элек.

Муну форумга катышкан Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева да белгилеп, маселенин бир өңүтүн мисалга тартты.

- Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстанга келген импорт 483 миллион долларга барабар. Бул чоң эмес акча. Анын ичинде Кыргызстан менен жигердүүрөөк кызматташтыкты Казакстан жүргүзүүдө, ал соода көлөмүнүн 73 пайызын түзөт. Өзбекстан 21,5%. Ал эми Түркмөнстан жана Тажикстандын Кыргызстан менен болгон соода көлөмүнүн мүмкүнчүлүгү чоң эмес.

Тажикстандык курулушчу ишкер Фахридин Асатов жана анын өнөктөштөрү ишмердигин кеңейтип, борборазиялык мамлекеттерге чыгууну көздөшкөн. Бирок мында чек арада, бажы бекетинде маселе жаралганын айтып өттү.

- Товарларыбызды борборазиялык кошуна өлкөлөрдүн базарларына чыгарууну көздөдүк. Анан бажы жаатында көйгөй жаралды. Мисалы, бажы бааларынын жогору болгону. Бул маселе КМШ өлкөлөрүндө дале жашап келет.

Кыргызстандык ишкерлер үчүн да сыртка чыгууга тоскоолдуктар бар. Бизнес талдоочу Искендер Шаршеев аны мамлекет өзү жаратууда деп эсептейт. Анын оюнча, чек арадагы бажы бекеттериндеги коррупциянын тамырын кыркмайын тоскоолдуктар жаралганы жаралган.

- Мисалы, сиз тез бузулчу баткендик өрүктөрдү Казакстан аркылуу Орусияга алып баратасыз дейли. Казакстандан сизди бажычылар токтотот. Анан “биздин эрежелер боюнча сизди төрт-беш күн текшериш керек” деп унааңызды токтотуп койот. Бул арада өрүк чирий баштайт. Анан сиз тезирээк кылса болбойду деп чый-пыйыңыз чыгат. “Болот” дейт. Анан акча берсеңиз тезирээк болот. Бербесеңиз өрүк чирип жоголот.

Ал эми айыл чарба ишканаларын өнүктүрүү боюнча менеджер Акимбек Бектеналиев башка бир көйгөйгө токтолду. Ал Кыргызстандын айрым айыл чарба азыктарын санитардык маселелерге шылтап, кошуна өлкөлөр аймагына алып кирүүгө тыюу салып койгон дейт.

Бирок азык-түлүк экологиялык жактан таза, андан улам талап баары бир жогору болгондуктан аткезчилик жол менен болсо да сатылып жатканын айтат. Мындай көрүнүш канчага созуларын эч ким билбейт. Андыктан мамлекет өз азыктарынын тазалыгын тастыкташы шарт.

- Сүт жана эт өндүрүүчүлөр жана ошону кайра иштетип чыгарган ишканалардын өндүрүмдөрүн Казакстан менен Орусияга алып кирүүгө 2006-2007-жылдары убактылуу тыюу салынган. Бул жерде ортомчуларга аябай жакшы мүмкүнчүлүк болуп атат.

Анткени Казакстандан келип биздин каймак-май менен сырларды дүңүнөн сатып алып, Казакстанга аткезчилик жол менен алып кетишүүдө. Ал жерден өздөрүнүн маркасы менен Орусияга жөнөтүп атышат.


Ортодо бажы тармагында канчалык тосмолор болбосун борборазиялык ишмерлер бири-бири менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиришүүдө. Кийизден буюм-тайым жана жасалгаларды жасап шугулданган казакстандык ишкер Кулян Жанботоева мындай дейт:

- Экспортко чыгыш үчүн мыкты өндүрүш болушу керек. Мыкты өндүрүш болуш үчүн биргелешип иштөө зарыл. Бир-эки адамдын иштегени аз. Андыктан келечекте биргелешип иш алып барууда биз ишкерлер көп эмгек кылышыбыз абзел.

Соода форумуна Борбор Азия, Европа, АКШ, Түштүк Корея, Түркия баштаган 13 өлкөдөн 350дөн ашуун ишкер өкүлдөр катышууда. Анын негизги максаты ишкерлердин бири-бири менен таанышып, өз товарын эл аралык базарга экспорттоосуна өбөлгө болчу жагдайларды түзүү.

XS
SM
MD
LG