Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Быйылкы туристтик сезон үмүттү актаар бекен?


Кыргызстанда туризм сезону расмий ачылды. Буга байланыштуу 11-майда Ысык-Көлдө адаттагыдай эле эл аралык жарманке өттү.

Кыргыз бийликтери четтен келген конокторго жагымдуу шарт түзүлөрүн убада кылышууда. Адистердин пикиринде, туризм тармагын өстүрүп-өнүктүрүүдө мамлекеттин аракеттери жетишсиз болуп жатат.

Туризм департаментинин башчысы Бакыт Кененбаев Ысык-Көлдө жарманкеден кийин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, аталган тармакты өнүктүрүү боюнча бир топ долбоор даярдалганын билдирди. Бирок анын алкагында так кандай иштер аткарыларын айтуу азырынча эрте экенин кошумчалады:

- Биздин пландарыбыз аябай көп. Биздин департамент эми эле иштей баштады. Биз пландарыбызды тыкыр иликтеп-талдап чыкмайынча алдын ала жарыялап салгыбыз келбейт. Курулай сөз менен “муну кылабыз, аны кылабыз” дегим келбейт. Көп убада берип коюп, андан кийин аларды аткарбай койгондой болбойлу. Бизде бир топ долбоорлор бар. Жакынкы убакта биз ал долбоорлорду премьер-министрге көрсөтөбүз. Эгер ал жактырса, биз аларды ишке ашыра баштайбыз. Анан ишибизди сиздер баалайсыздар.

Өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык, туризм тармагы Маданият министрлигине кошулган. Убагында буга бир топ каршы пикирлер айтылган. Туризмди өнүктүрүү боюнча мындан мурун деле бир топ долбоор жазылып, пландар иштелип чыккан.

“Кыргызконсепт” компаниясынын башчысы, экс-министр Эмил Үмөталиев өкмөттүн ишинен натыйжа көрүнбөй жатканын белгиледи:

- Өнүккөн өлкөдөн келе турган конокторго виза чектөөсүн алып сала элекпиз. Экинчиден, аэропорттордогу бажы, чек ара кызматкерлери мисирейип, илгеркидей душманды тоскондой, чек арадан тыңчылар кирип-чыгып аткансып орой мамилени көп жасайт. Анан ар бир 20-50 чакырымда МАИ кызматкерлери турса, бул – тоталитардуу, авторитардуу мамлекеттин өз жарандарына ишенбестигин, же болбосо күчкө салып тартипти кармап турган мамлекеттин белгисин далилдейт. Аны менен бирге биздин имиджибиз булганыч дааратканалардан бошоно албай жатат.

Эмил Үмөталиев атаандаштык шартында Кыргызстан ачыктыгы менен туристтерди тарта алаарына токтолду:

- Биз мактанабыз. Мактана тургандай деле шартыбыз бар. Бирок дүйнө жүзүндө бизден жаман эмес, бизден кооздугу кем эмес жерлер толтура. Ошондуктан Кыргызстандын атаандаштык шарты бул - ачыктык. Кайчылаш жолдордун эң ортосунда тургандан кийин баары тең өтүп баратканда бизге кайрыла кетип, бизге токтоп, биздин маданиятыбызга да кызыгып, ушул жерден пайда алып кеткенине мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. Бизди кыйгачтап өтүп кетпей, бизге токтоп, бизге келип конуп, бизден башка жакка кетүүсүнө шарт түзүшүбүз керек.

Туристтик тармакта иштеген Калыйнур Сатаров Кыргызстанды четте даңазалоо иштери солгун экенин айтып берди:

- Кыргызстанга караганда Өзбекстандын туризм базары 30 эсе чоң. Туризмден түшкөн каражат жагынан да, келип жаткан туристтердин саны жагынан да чоң. Мисалы, мен француздар менен көп иштейм. Франциянын телеканалдарында Өзбекстан тууралуу рекламалык роликтер көп көрсөтүлөт. Орто Азияны көбү билишпейт. Анан албетте Кыргызстанды эмес, Өзбекстанды биринчи угат. Мейли бул жакта туристтерге жагымдуу шарт түзсө түзсүн, бирок аны эл билбесе кантип келет?

Калыйнур Сатаров четтеги Кыргызстандын элчиликтери да өлкөнү таанытуу иштерин начар жүргүзөт деп эсептейт:

- Чет өлкөдөгү биздин элчиликтерди жөн эле кармап отура бербей, ошолор кичине көбүрөөк мадания иштерди жүргүзгөнгө аракет кылса жакшы болмок. Мисалы, дүйнө жүзүнө таанымал Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына тартылган көптөгөн тасмаларды кыргыз кино жумасы деп өткөрүп турушса жакшы болмок. Келген кишилердин көбүнөн биз анкета түзүп, кантип Кыргызстан тууралуу угуп калдың деп сурайбыз. Жарым-жартылайы интернеттен эле таап, же мурун бул жакта болгон жоро-жолдошторунан, тааныштарынын, туугандарынан угуп келгенин айтышат. Кээ бирлери "ушундай кино көрүп, кызыгып келип калдык" дешет. Ушул жакка көбүрөөк маани берилсе жакшы болмок.

Кыргыз бийликтери быйыл сезон маалында 3 миллиондон ашык турист келет деп күтүп жатат. Былтыр сырттан өлкөнү көрүп эс алууга келгендердин саны ушунча болгон жана казынага 195 миллион сомдон ашык каражат түшкөн. Андан мурунку жылдары коогалуу окуялардын улам туристтик сезон үзгүлтүккө учураган болчу.

XS
SM
MD
LG