Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10

Кыргызстандын 30-октябрдагы президенттик шайлоосуна коңшу өлкөлөр да жакындан байкоо салышууда.

Эгер былтыркы парламенттик шайлоо алында, маселен жакынкы коңшу - Казакстандын президентин шайлоодо жеңип чыгышы мүмкүн деген саясий партиялардын лидерлерин биринен сала бирин Астанага чакырып, сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бул ачык маалымдалса, президенттик шайлоону утурлай мындай көрүнүштөр байкалбады.

Анткен менен казакстандык укук коргоочу жана активист Розлана Таукинанын пикиринде, коңшу өлкөлөрдөгү тараптар Кыргызстандын президенттик шайлоосуна өз кызыкчылыктарына негизденүү менен көз салууда:

- Президент алмашары айныксыз экенин баары билгендигин эске алганда, коңшу өлкөлөрдө чыңалуу, кылдат байкоо салуу албетте болуп жатат. Андыктан буга чейинки бийлик кабыл алган багыт өзгөрөбү же жокпу, эми бул өлкөдө кандай саясат багыттоочу болот, талапкерлердин кимиси алдыга чыгат? Ушул өңдөнгөн күмөн саноолор коңшу өлкөлөрдөгү байкоочуларда өкүм сүрүүдө.

Адатта коңшу өлкөлөрдүн бийликтери Кыргызстандын аларга салыштырмалуу көп кайталанган, кийинки кездери айырмалана баштаган шайлоолору өлкөнүн ички иши экендигин, Астана, Ташкент, Дүйшөмбү Кыргызстан калкы кимди жана кайсы саясий күчтү тандаганына карабай, Бишкек менен иштешүүгө даяр экендиктерин айтышат.

"Таасири күчтүү болот"

Бирок Кыргызстандагы эки ыңкылап, ал эми өлкөнүн былтыр нукура эмес болсо да парламенттик башкарууга багыт алышы коңшу мамлекеттердин авторитардык деп аталган бийликтерине жага бербегени белгилүү. Андыктан шайлоо анын ыктымал жыйынтыгынын башкаруу формасынын багытына тийүүчү таасирин алганда, коңшулар үчүн кай жагы маанилүү?

Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан Эл аралык кризис тобунун Борбор Азия боюнча директору Пол Куин Жаж мындай дейт:

- Казактар Кыргызстанда бир нерсени болжоп болбой турган кырдаалга такай кыжырданат, алардын ишенимсиздигин сезип турат. Эгер биз бул шайлоодон кийин парламенттик системадан күчтүү президенттик башкарууга өтүүнү кайрадан көрсөк, менимче казактарга бир аз ыңгайлуу болот. Аларга Кыргызстандагы парламенттик башкаруу идеясы анча функционалдуу эмес болсо деле жакпайт. Өзбектер саясий системадагы элементтердин биринин өзгөрүшү эле аларды Кыргызстан менен жеңил иштегенин сезгидей деңгээлге чейин ыраазы кылат деп ойлобойм. Өзбекстандын саясатында Ислам Каримовдун ой жүгүртүүсү үстөмдүк кылат. Адатта аны күн мурунтадан боолголоого болбойт. Анын адатта унчукпаган туруму коңшуларынын компетенттүүлүгүнөн жана ойлорунан терең шек саноосу.

Бул жолку президенттик шайлоо, көпчүлүк байкоочулардын баамында, Кыргызстан былтыр тандаган башкаруу формасын кай багытта өнүктүрүп, аймактын азырынча ак каргасы бойдон калар-калбасын аныктайт. Башкача айтканда, шайлоонун жыйынтыгы Кыргызстандын Борбор Азиядагы жалгыз парламенттик демократия деген макамына да таасир берет. Ал эми таасирдин оң же терс болору президенттикке ким шайланарына көз каранды.

Тажикстандык саясат таануучу Саймудин Дустовдун пикиринде, Борбор Азия аймагы үчүн Кыргызстанда бул шайлоодо парламентаризмди жактаган күчтөрдүн жеңиши пайдалуу болмок:

- Эгер парламентаризмдин жактоочулары жеңсе, бүткүл аймак үчүн пайдалуу болмок. Азиядагы эл, чыгыш калктары башкаруунун мындай парламенттик формасында жашай албайт, алар үчүн катаал кол керек деген, мурдатан орун-очок алып калган стереотиптер бар эмеспи. Андыктан, менимче, бүткүл регион үчүн парламентаризмдин жактоочулары жеңсе абдан маанилүү болмок. Бирок, менимче, эгер парламентаризмдин жактоочулары өтпөй калса деле, акыр аягында парламент, кыргыз эли Бакиев доорунда болгондорго кайтууга жол бербейт деп ойлойбуз. Ушунун өзү эле прогресс жана алдыга кадам.

Тарых унутулбайт

Түркмөнстандык активист жана укук коргоочу Тажыгүл Бегмедованын пикиринде, Кыргызстан башкаруунун кайсы формасын өнүктүрөрү президенттик шайлоонун жеңүүчүсүнөн көз каранды болот. Бирок анын ишениминде да Кыргызстанда Борбор Азиянын акыры келип авторитаризмге айланып кеткен президенттик башкаруу моделине кайтууга жол берилбейт:

- Ошол эле дарыяга кайра кирүү мүмкүн эмес, кыргыз эли мамлекетти башкарууга катыша аларын көрүп калды. Муну элдин баары аңдабаса да активдүү бөлүгү түшүнүп калды. Бул өз кезегинде аймактын башка өлкөлөрүндөгү активисттерди шыктандырган. Ушундан улам Кыргызстанда президенттик бийлик орносо да, ал мурдагыдай түрдө болбойт, буга эл жол бербейт.

Кыргызстандын шайлоосунун сырткы көрүнүштөрү: кызматтагы президенттин ага катышпагандыгы, президенттикке талапкерлер санынын көптүгү, алардын ортосунда теледебаттардын болгону Борбор Азиянын калган өлкөлөрүнүн шайлоосунан айырмаланып турат.

Розлана Таукина

Розлана Таукина

Казакстандык укук коргоочу жана активист Розлана Таукинанын пикиринде, шайлоонун бурмалоолорсуз өтүшү жана чыр-чатаксыз аякташы Борбор Азияда демократиянын турумун бекемдемек:

- Мамлекет башчысынын үчүнчү ирет алмашуусу – Борбор Азия өлкөлөрү үчүн көрсөткүч. Кыргызстан элге бийликте тургандардын айырмасын көргөздү. Анткени өлкөдө бийлик алмашуунун механизми болсо, ал бийликтин жоопкерчилиги жана ага көзөмөл болот. Бул Борбор Азияда да демократияны кантип жана кандайча уюштурууга мүмкүн экендигин күбөлөндүргөн мисал болмок.

Тажикстандык саясат таануучу Саймудин Дустовдун пикиринде, эмки маселе шайлоонун өзү кандай өтөрү жана эл аралык байкоочулар тарабынан кандай бааланарында:

- Тажикстандагы эксперттик коомчулуктун пикири Кыргызстандагы эксперттик коомчулуктукундай эле. Алардын көпчүлүгү шайлоо алдындагы өнөктүк кызыктуу, эмоционалдуу, жандуу болду, албетте чыгыш менталитети менен коштолду деп эсептешет. Биз шайлоо өтөт, анын жыйынтыгы демократиялуу деп таанылат деп үмүттөнөбүз.

Борбор Азиянын Кыргызстандын кийинки эң жакынкы мөөнөттөгү президентик шайлоо Түркмөнстанда өтөт. Бул өлкөдө шайлоо келерки жылдын февраль айына мерчемделген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG