Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Анклав азабынан арылуунун дүйнөлүк тажрыйбасы


Баткендин тажик анклавы менен чектеш айылдарында чырдын айынан элди аскерлер коштоп жүрүүгө мажбур, 23-январь, 2014

Баткендин тажик анклавы менен чектеш айылдарында чырдын айынан элди аскерлер коштоп жүрүүгө мажбур, 23-январь, 2014

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр - аймактары бири-бирине чачырап кеткен Фергана өрөөнүндөгү үч өлкөнүн ич ара көптөн берки проблемасынын акыркы гана мисалы болуп калды.

Бирок Фергана өрөөнү бул маселеде дүйнөдөгү уникалдуу аймак эмес. Дүйнөнүн башка бурчтарында ушул сыяктуу абалды баштан кечирген мамлекеттердин мисалына кайрылабыз.

Анклавдар азабы

Борбор Азиядагы чек ара жаңжалдарынын көпчүлүгү Кыргызстан-Тажикстан-Өзбекстан үчилтигине туш келет. Региондун эң жыш отурукташкан, эң исламдашкан жана эң жаңжалдуу Фергана өрөөнү Советтер союзунун тушунда дал ушул үч өлкөнүн ортосунда бөлүнгөн.

Азыр эми тарыхчылар бул үч мамлекеттин ортосунда мезгил-мезгили менен чыгып турчу чек ара жаңжалдарын учурундагы натуура пландан, кээде атайылап конфликтти сакташ үчүн жасалган бөлүштүрүүдөн (айрым адистер учурунда расмий Москва "башкаруу рычагын" сакташ үчүн ушинткен дешет - ред.) көрүшөт.
Кандай болгондо да, региондогу сегиз анклавдын көпчүлүгү азыр Кыргызстандын аймагында жайгашкан, төрт өзбек, эки тажик анклавы бар. Аймагы боюнча эң чоңу – Тажикстандын Согди облусуна караштуу Ворух анклавы.

Ворух менен ага туташ Ак-Сай кыргыз айылынын ортосунда январдын башында болгон атышуудан бери эки өлкөнүн чек арасы жабык. Мындай окуялар буга чейин Өзбекстан менен да болгон.

Чек аранын жабыктыгы, эң оболу, чектин эки жагында отурукташкан элдин күнүмдүк турмушунда социалдык кыйынчылыктарды жаратты. Бири-бирине соодага барып, кээде туугандашып тургандар ары-бери өтө албай калышты. Чек аралаш айылдарда “аскерий чабуулдарга даярдык көрүлүп жатыптыр” деген сыяктуу ушактар да таркаганы айтылууда.



“Азаттык” сүйлөшө алган эл аралык эксперттер ушул чакта эки өлкөнүн бийликтерине эки он жылдыктан бери уланып келаткан чек ара чатактарын чечиш үчүн өз сунуштарын берип жатышат. Алар муну дүйнөдөгү бир топ мисалдардын негизинде айтышты. Биз алардын экөөн тандап алдык.

Ник Мегоран - Англиядагы Нью-Касл университетинин окутуучусу, саясий география боюнча үлкөн адис катары белгилүү. Ал учурунда Фергана өрөөнүндө жашаган, кыргызча, өзбекче эркин сүйлөйт.

"Дүйнөдө анклавдардын жыш жайгашуусу боюнча үч жерди атаса болот. Биринчиси - Бангладеш менен Индиянын ортосундагы анклавдар, экинчиси - Бельгия менен Нидерландынын ортосундагы Барле поселогунда майда чачыранды анклавдар бар, үчүнчүсү болсо – Фергана өрөөнү, - дейт окумуштуу. - Эми аларды салыштыра келсек, Индия менен Бангладештин ортосундагы анклавдарда абал өтө оор. Бул согушка окшогон абал, эч кандай келишим жок. Барледе болсо жалпысынан 29дай анклав бар. Бул жерде эч кандай кыйынчылык жок. Белгияда жашагандар да, Нидерландыда жашагандар да эч кандай кыйынчылыксыз эле мектепке, жумушка, соодага ары-бери каттап жүрө беришет. Бул эки контрасттын маани-маңызы эмнеден кабар берет? Бул дегени – анклавдын маселеси эки тараптуу келишим, сүйлөшүүнү талап кылат дегенди түшүндүрөт".

Ник Мегоран айткан Бангладеш-Индия ортосундагы анлкавтарга бай аймак дүйнөдө чачыранды аймактардын саны жана алардын татаалдыгы боюнча чынында биринчи орунда турат.

Биринчи мисал

Картадан Куч-Бихар округуна көз чаптырсаңыз, бул аймакта чийин канчалык туруктуу эмес экенине таң каласыз. Бангладеште Индиянын 106 эксклавы жайгашкан, алардын үчөө экинчи, бирөө – үчүнчү деңгээлдеги анклав. Бул дегени – анклавдардын ичинде анклав, анын ичинде дагы анклав бар дегени. Индиянын аймагында Бангладешке караштуу 92 аймак орун алган, алардын 21и экинчи деңгээлдеги анклавдар.

Сохко чектеш Чарбак айылындагы кыргыз аскерлери. 23-март, 2013.

Сохко чектеш Чарбак айылындагы кыргыз аскерлери. 23-март, 2013.

Эмне үчүн мындай болуп калганы тууралуу тарыхта ар кандай версиялар айтылып жүрөт. Куч-Бихардын махараджасы же ханы учурунда Рангпурдун кожоюуну менен көп жолу карта ойногон дешет, ар оюнда алар байге катары бир айылды коюшкан имиш. Дагы бир версия боюнча, бул жердин картасын чийген мас абалындагы британ аскери колу калтырап, болгондо да айрым жерлерге сыясы чачырап, ошондон карта туура эмес чийилип калса керек деп айтылып калат.

Кандай болгондо да эки өлкөнүн ушул аймактагы анклавдарында, алардагы анклавдарда жашагандарга бул бүтпөс проблема болуп калган. Адатта, бул жактагы анклавдарда мектеп, оорукана, почта же полицияканалар жок. Алар коңшулаш ири шаарларда болушу мүмкүн, бирок аларга чыгыш үчүн башка мамлекетке өтүш керек. Өзүңдө өстүргөн күрүч, жүгөрү же башка товарыңды сатам десең, бир-эки чакырым нары жактагы чет өлкөгө барышың керек. Оорукана үчүн да адамдар башка өлкөгө каттоого мажбур. Мунун баарын элестетиш коррупциясыз кыйын.

Эки өлкө аймактын талашына чекит койгонго акыркы жылдары кайрадан аракет кыла баштаганы белгилүү. Бирок башынан эле Дели менен Дакканын мамилеси кээде өтө жакшырып, кээде кескин курчуп турат. Бангладештин чек аралаш аймактары Индиянын азык-түлүгүнө зар, өздөрү иш издеп Индияга мыйзамсыз жолдор менен өткөнгө аракет кылышат. Ортодо чек ара конфликти да болгон. Бир нече ирет бийликтер анклав алмашып, маселеге чекит коюу аракетин көрүшкөн. Бирок “душманга бир сантиметр жерибизди да бербейбиз” деген патриоттор эки жакта тең бар.

Азыр чек ара катуу корголот, жылына андан мыйзамсыз өткөнгө аракет кылган жүздөгөн адамдын өлүмү тууралуу кабарлар түшөт.

Сергей Арутюнов Орусиянын Илимдер академиясында Этнология жана антропология институтунун Кавказ бөлүмүн жетектейт. Ал кескин начар мамиледеги, кээде согуштук абалдагы өлкөлөр ортосундагы чек ара проблемалары ал жактардагы элдин турмушуна өтө оор кесепетин тийгизээрин постсоветтик Кавказдын жана Вьетнамдын мисалында түшүндүрдү.
Проблема адамдарды, улуттарды бири-биринен бөлүүдө эмес, проблема чек аралар ортосундагы кызматташтыкты камсыз кылууда. Борбор Азиядагы элдердин тарыхый бирге отурукташуу тажрыйбасын эске алганда бул региондогу анлкавдар маселесин чечүүгө европалык тажрыйба көбүрөөк туура келмек...

"Кавказда да чек ара кээде эл жыш отурукташкан аймактан өткөн мисалдар бар. Армения менен Азербайжандын ортосунан кеткен чек ара айрым жерлерде картада жана реалдуу жеринде эки башкача болуп калган, - дейт ал. - Картада, маселен, Азербайжандын жери деп көрсөтүлгөн аймак чынында Армениянын көзөмөлүндө болушу мүмкүн, же картада армян жери деп көрсөтүлгөн аймакка барбай эле коюшуң керек, анткени жерге көмүлгөн миналарга туш болушуң мүмкүн. Ортодо бир чакырымдай нейтралдуу зона минага толтурулган бойдон калган. Мен Вьетнам менен Лаостун ортосунда өз мезгилинде согуштук окуялардын чордонуна айланган Дьенбьенфу аймагында болгом. Мен ал жерден француздар кетип, согуш бүткөнүнө төрт жыл болгондо баргам. Ошондо да бир күн кечке чейин үч-төрт жолу мина жарылчу. Өгүз деген мал да, ал жер саясий чыңалуунун калдыгы экенин түшүнбөйт да. Оттоп жүрө берет, анан “бац!” – мина менен кошо атылат".

Арутюнов өзү Борбор Азиядагы чек ара маселеси тууралуу сүйлөгөндө аны катуу кайтарууга алуудан башка арга жок деп эсептегендерден жана эркин соода зонасы же нейтралдуу зона деген идеялар бул жерде иштебейт деп ойлойт.
Өзбекстандын Кыргызстандын аймагындагы Сох эксклавынын картасы.

Өзбекстандын Кыргызстандын аймагындагы Сох эксклавынын картасы.

"Мен айтайын дегеним: макул, ошондой зона түзгүлө. Натыйжада азыркыдан он эсе көп проблема жаралат. Анткени баңги аткезчилери героинди дал ушул аймак аркылуу алып өтө башташат. Ансыз деле өтүп жатышат. Андан сырткары, кимдир бирөө чек аранын бери жагында кылмыш жасап, 10 кадам ары жактагы кыштакка өтүп кетсе, аны ал жакта милицияңар кармай албашы мүмкүн, кайсыл жактын мыйзамдарынын негизинде кармаш керек деген маселелер жаралат. Күн сайын 10-20дан мындай проблемалар жаралат. Ансыз деле азыр толтура маселе бар. Бирок аларды азырынча ал жакта турган аскерлер, чек арачылар кээде биргеликте, кээде сүйлөшүп чечкенге аракет кылышат. А эгер такыр эле алар болбосо, "демилитаризацияга " барышса, ага кошумча чек ара болбосо, эмне болуп кетээрин элестетиш кыйын. Азыр Ооганстандан Тажикстанга, кийин Кыргызстан аркылуу Орусияга, Европага баңгизат ташылып жатканына дал ошол чек аранын бекем эместиги себеп болуп жатпайбы. Тикенектүү зым керек, керек болсо, ток өткөрүш керек ошол зым аркылуу. Эгер ал жактан аскерлерди кетиребиз дешсе, анда такыр эле башаламандык жаралат. Аймакты айланып жүргөн ар бир төртүнчү киши тигил же бул исламчыл бир радикал топтун өкүлү болушу ыктымал. Анын бешенесинде кайсыл ислам бандасына мүчө экени жазылып коюлмак беле? Катардагы эл аны кайдан билсин? Аны таанып-биле тургандар иштебесе, ансыз деле ал жактагы бар проблемалар кийин массалык көрүнүшкө айланат", - дейт Сергей Арутюнов, Орусиянын Илимдер академиясында Этнология жана антропология институтунун Кавказ бөлүмүнүн башчысы.

Экинчи мисал

Бангладеш менен Индиянын чек арасындагы абалга Европадагы мисалды салыштыруу чынында оңой эмес. Анткени Голландия менен Бельгиянын ортосундагы майда анклавдардын жыштыгы эле болбосо, андагы жашоону береги мисалдагыга такыр окшоштура албайсың.
Ак-Сай өңдүү калкы аз кыргыз айылдарындагы эл чындап айтканда, жанындагы тажик кыштактарында калктын саны өсүп баратканынан эмес, аймакта аскерлердин көптүгүнөн кооптонушат...

Баарле – Бельгия менен Голландиянын ортосунда калган анклавдарга жыш толгон шаарча. Анда эки жактын 30дай анклавы бар. 1998-жылы мамлекеттик чек ара боюнча расмий комиссия чекти чийип чыккан. Азыр эми айрым учурларда адамдын батиринин бир бөлмөсү Бельгияда, ал эми ашкана же ажатканасы Голландияда болуп калган учурлар бар.

Бирок чектеш эки өлкөнүн ортосунда калган аймактагы эл мындай кыйналабы? Жок.

Бул шаарчаны электр энергиясы менен маселен, Бельгиянын компаниясы камсыздайт. Баарледе эки өлкөнүн тең почтасы иштейт, бирок эки мамлекеттин шаарчадагы тургундары бири-бирине телефон аркылуу чет өлкөгө чалгандай эмес, ички номурга чалгандай чыга алышат. Полициянын имараты Голландиянын аймагында, бирок ал жерде эки өлкөнүн тең полициячылары бирге иштешет.

Чынында, Баарле – бул жалпы дүйнөлүк практикада анклавдар маселесин кантип чечсе болоорун айгинилеген эң эле мыкты мисал.

"Улуттарды бөлүү"

Москвадагы Жалпы тарых институтунда Балкан, Кавказ жана Борбор Азия боюнча изилдөөлөр борборунун директору Артем Улуньян жогоруда келтирилген эки мисалдын ичинен Фергана өрөөнү үчүн европалык мисал эң эле туура келмек деп билет.

"Проблема адамдарды, улуттарды бири-биринен бөлүүдө эмес, проблема чек аралар ортосундагы кызматташтыкты камсыз кылууда турат, - деди эксперт. - Сиз Европанын мисалын айтып өттүңүз, алар дал ушуга көңүл бурушат. Андан сырткары, Индия менен Бангладештин өтө опурталдуу мисалы бар. Алар башка негизди карманышат. Көрүп жатасызбы? Эки башка жыйынтык, бирок идеясы бир. Ал эми Борбор Азиядагы элдердин тарыхый бирге отурукташуу тажрыйбасын, дагы башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бул региондогу анлкавдар маселесин чечүүгө европалык тажрыйба көбүрөөк туура келмек деп айтаар элем. Болгондо бул такыр эле романтикалуу вариант деп айтпас элем. Адатта, эксперттер региондун реалдуу турмушуна такыр туура келбеген идеяларды айта беришет. Бирок Фергана өрөөнүнө келгенде ал иштейт, анткени кылымдардан бери Борбор Азия бир эле тыгыз мамиледеги аймак болуп келген".

Фергана өрөөнүн, андагы өзгөчө кыргыз-тажик чек аралаш аймактарын жакшы билген, учурунда ал жакта жашаган социалдык антрополог, Манчестер университетинин окутуучусу Мадлин Ривз да кыргыз-тажик чек аралаш айылдарында чек араны зым-тор менен бөлүп өтүү туура эмес болмок деп ойлойт.
Өзбекстандын ичиндеги Кыргызстандын Барак эксклавынын тургундары.

Өзбекстандын ичиндеги Кыргызстандын Барак эксклавынын тургундары.

"Аймактагы тургундардан “үйүбүздү, өзүбүздү, жерибизди сактап калуунун, чек арадан адамдар мыйзамсыз өтүшүнүн алдын алуунун эң эле жакшы жолу дубал тургузуу же зым тор өткөрүү” деген сөздөрдү мен да уккам. Бирок дүйнөнүн башка жерлериндеги - маселен, АКШ менен Месиканын ортосундагы чек арадагы - мисалды алып карасак, буга чейин тыгыз мамиледе болгон элдер ортосунда өтө кескин, өтө катуу корголгон чек пайда болуп калышы, андагы элдин дагы да көбүрөөк жабыркашына алып келет. Себеби алар күнүмдүк турмуш-тиричилигин жылдырыш үчүн баары бир чекти ашып өткөнгө аракет кылышат, ага мажбур. Анан эгерде сиз алардан: “Макул, бирок чек конкреттүү кайсыл жерден өтүшү керек деп ойлойсуз? Каерден дубал курулушу керек?”, - деп сурасаңыз, алар тосмо курууну деле айтышпаганын, ортодо дубал пайда болуп калышын деле каалабай турганын, жөн гана өз үйлөрүндө тынчтыкта жашоону самашаарын айтышат. Маселен, Ак-Сай өңдүү калкы аз кыргыз айылдарындагы эл, чындап айтканда, жанындагы тажик кыштактарында калктын саны өсүп баратканынан эмес, аймакта аскерлердин көптүгүнөн кооптонушат. Алар жөнөкөй эле базарга барыш үчүн да чек ара постунан, бажы бекетинен өтүшү керек. Алар тынымсыз аскерлердин көзөмөлүн сезип турушат. Ушунун айынан дубал кургусу келет.

Муну менен Ривз айым көптөн бери айтылып келаткан “демилитаризация” же куралсыздандыруу, аскерсиздендирүү идеясы тууралуу кайрадан эске салып, Фергана өрөөнү ага барыш керектигин кайталады.

""Демилитаризация" десе эле аймактан аскерлерди толук чыгарып кетүү дегенди түшүнбөш керек. Коопсуздукка, тартипке көз салган аскерлер, милиция кала бериши мүмкүн. Бирок демилитаризациянын маани-маңызы, максаты – алардын катардагы элдин күнүмдүк турмушундагы маанисин, функциясын азайтуу. Алар улам эле элди көрүнгөн жерде токтото бербеши керек. Исфара өрөөнүндө жашаган калк менен сүйлөшө келгенде алар үчүн аймактагы аскерлер көбүнчө коопсуздукту кепилдеген күч эмес, тетирисинче, коркунуч жараткан күчтөй, коррупциялашкан топтой туюлаарын аңдайсың. Күнүмдүк жашоодо болуп жүргөн майда-чүйдө чыр-чатактарга аймактын эли аскерлер аралашканынан коркушат, анткени анда кан төгүлүшү мүмкүн. Аймактын эли өзү эле көп маселени айыл аксакалдары аркылуу чечип көнгөн", - деди британиялык эксперт Мадлин Ривз.

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан ортосундагы бул аймакта чек аралаш жерлерде аскерлердин санын азайтуу маселеси азырынча көп талкууланбаган, популярдуу эмес идея бойдон турат. Бирок дүйнөдө анклавдар проблема катары эсептелбей калган аймактардын тажрыйбасын үйрөнүүгө балким, мезгил жеткендир?
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG