Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:58

Парламентте түпкү теги кыргыздар үчүн жарандык алууну жеңилдеткен мыйзам долбоору даярдалууда. Ага ылайык, жарандык алуунун шарттары бир топ жеңилдемекчи.

Бирок Тажикстандан көчүп келген кыргыздар жаңы мыйзамдан майнап чыгарына ишенишпейт. Алар жарандык ала албагандан тышкары, кыргыз бийлиги жана айрым учурда жергиликтүү коомчулук тарабынан жерүүлөргө туш болуп келатканын айтышууда.

Мекен деп келгендерге мерез мамиле

Кыргызстанга чет жерден көчүп келгендердин көбүн тажикстандык кыргыздар түзөт. Бирок бул өлкөдөн келген миңдеген этникалык кыргыздар ушул кезге чейин Кыргызстандын жарандыгын алыша элек.

Жазуучу жана журналист, Тажикстандан көчүп келген Мирзахалил Каримов бул маселени бир нече бери жылдан бери көтөрүп келатканын билдирди:

- Өзүнүн тарыхый мекенине көчүп келип, 10-15 жылдап атуулдук ала албай жүрөт. Ошондойлор азыр да бар. Мамлекет ушуга көңүл бурбаса, кайра көчүп кетем деп атышат. Өзүнүн үй-жайын, туулуп өскөн жерин калтырып, Ата мекеним деп бул жерге келсе, чек арадан канча кыйнаган учурлар болду.

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" мыйзамда этникалык кыргыздардын жарандык алуусу буга чейин эле жеңилдетилген. Бирок алардын Кыргызстандын аймагында бир жыл жашоосу жана жарандык алууда мамлекеттик жыйымдарды төлөөсү шарт болчу.

Ал эми жаңы өзгөртүүгө ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо мөөнөтү жана мамлекеттик салымдар, консулдук жыйымдарды төлөө шарттары жокко чыгарылууда.

Мыйзам азырынча биринчи окууда кабыл алынды. Жогорку Кеңештин эксперти, миграция маселелери боюнча адис Салтанат Бараканова буга чейин этникалык кыргыздарды көчүрүп келүү боюнча “Кайрылман” программасы кабыл алынып, бирок ал толук ишке ашпай жатканын айтууда.

- Мамлекет этникалык кыргыздарга мыйзамдын негизинде “Кайрылман” макамын берди. Ошол мыйзам боюнча виза алганда мамлекеттик алымдардын суммасы кыскартылды. Ал эми жардам бере албай калган жагын айтсак, көчүп келгендерге жер жана жеңилдетилген насыяларды берем деп, бирок аткара алган жок.

Тарыхый журтунда кулга айланышты

Жазуучу, журналист Мирзахалил Каримов Кыргызстан эч даярданбастан этникалык кыргыздарды көчүрүп келүүнү баштаганы жаңылыштык болгон деп эсептейт.

- Мунун баарын ойлонуштуруп, анан колго алыш керек да. Болбосо ошол жакта жашай беришсин. Азыр сурасаңыз көпчүлүгү “тарыхый мекенибиз деп келсек, бизге начар мамиле болуп жатат” деп айтат. Бул жакта кандайдыр бир мүмкүнчүлүгү болсо келсин, болбосо ошол жакта жашай бергени жакшы.

Анткен менен Кыргызстандын ЖОЖдорунда окуганы келип, атуулдук алып, бул жакта жашап калган тажикстандык кыргыздар да жок эмес. Алардын бири, журналист жана окутуучу, теги мургабдык Зулпукар Сапанов бир гана жарандык берүү менен эле маселе чечилип калбайт деп эсептейт. Ал Тажикстандан келген жүздөгөн этникалык кыргыздар ушул тапта документтин жана жумуштун жоктугунан Чүйдө мандикер болуп жүргөнүн белгиледи:

- Менин кейигеним, кыргыздарды көчүрүп келмекчибиз деп, алып келишкен. Алар бул жакка, мекенине чоң үмүт менен келишкен болчу. Бирок азыр Чүйгө келгендерге боорум ооруйт. Түрк, корейлерге кул болуп жүрөт. Кул базарлада ошол этникалык кыргыздар иштеп жатат.

Кыргызстандын жарандыгын алып, бирок кайра туулуп өскөн мекенине кетип жаткан кыргыздар да жок эмес. Тажикстандын Мургаб районунан келген Умар Турдубеков оор турмуштун айынан кайра кетүүгө камынып жаткандардын бири:

- Бир туугандарым келсе, Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, кайра өз жериме, өз элиме кетип калсамбы деген бир ой келди. Анын үстүнө ден соолугум да начар. Көзүм да жакшы көрбөйт. Кокустан бир нерсе болуп кетсем эмне болот?

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүп, башка өлкөдөгү кыргыздарды көчүрүп келүү демилгесин көтөргөн. Бирок тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарды там-таш жана жумуш менен камсыздай алган эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG