Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш реанимацияга жаткырылды


Жорж Буш улуусу.
Жорж Буш улуусу.

Анын алдында Бушка дем алуу жолдорун тазалоочу операция үчүн наркоз берилгени айтылууда.

Улуу Жорж Буш Хьюстон шаарындагы ооруканага дем алуусу оорлогонуна байланыштуу 14-январда жаткырылган эле. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланууда. Оорукана дарыгерлери Буштун байбичеси Барбара да ооруканага жаткырылганын маалымдашты.

92 жаштагы Жорж Буш - АКШнын мурдагы президенттеринин көзү тирүүлөрү ичинен эң улуусу.

Ал 1988-92-жылдардын аралыгында бир мөөнөт президент болгон. Ага чейин эки мөөнөт вице-президент кызматын аркалаган.

2015-жылы моюн сөөгүн сындырып алганына байланыштуу бир жума, 2014-жылы өпкөсү сезгенип, дем алуусу кыйындаганына байланыштуу эки ирет ооруканага жатып чыккан.

XS
SM
MD
LG