Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Борбор Азия орусиялык гезиттерде


Соңку апта (23-27-май) ичи борбор азиялык өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстандагы окуялар тууралуу көбүрөөк жазылды.

26-майда “Интерфакс” маалымат агенттигинде “Жашоо бир нукка түшүп калды” деген аталыштагы Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаевдин маеги жарыяланды.

Макаланын автору Атамбаевге коррупция менен күрөшүү, экономикалык программалар, бюджеттик таңкыстык тууралуу суроолорду узаткан. “Президенттик шайлоого катышасызбы?” деген суроого Атамбаев “азырынча белгисиз” деп жооп кайтарган.

26-майда “Независимая газетада” “Чириген мамлекеттик башкаруу” деген макала чыкты. Анда кыргызстандык мамлекеттик кызматкерлер бюджетти толугу менен өзүнө коротуп жаткандыгы айтылат.

Дүйнөлүк банк жакында мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу тууралуу иликтөөсүн жарыялаган эле. Ага ылайык, Кыргызстан тизменин акырында турат. Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны 60 миңге жетет жана алардын айлыгы мамлекеттик бюджеттин эң көп бөлүгүн түзөт.

Ошол эле убакта жакында Кыргызстанда жергиликтүү өзүн өзү башкарууга канча акча кетээри тууралуу маалыматтар жарык көргөн.

Кыргызстандын Каржы министрлиги кабарлагандай, 2010-жылдын апрель айында мамлекеттик кызматкерлер 5,2 миллиард сом коротушкан. Ушул көрсөткүч сакталса, жылдын аягына чейин мамлекеттин бюджети толугу менен желип бүтөт. Ошондо жыл ичи мамлекеттик башкарууга 63 миллиард сарпталат, ал эми бюджеттин киреше бөлүгү 68 миллиард сомду гана түзөт.

“Акча эмнеге коротулуп жатат? Себеби мамлекетик кызматкерлер натыйжалуу иштебей жатышабы?” деп кызыгат “Независимая газета”.

25-майда “Новые Известия” гезитинде “Качкындар кооптонушу керек” макала жарык көрдү.

Днепропетровск шаарында ушул апта КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтары жабык эшик артында жолугушту.

Журналисттерге белгилүү болгондой, жолугушууда Орусия жана Украинада жүргөн качкындардын тагдыры талкууга алынган.

Орусия качкындары жергиликтүү бийликтерге мыйзам бузуулар менен берип келет. Айрыкча 2005-жылкы Өзбекстандын Анжиян шаарынан келген качкындардын абалы оор бойдон калууда.

25-май, “Московские новости”. Аркадий Дубнов “Апам берген 20 миллион” деген макала жазып чыкты. Анда мурдагы генпрокурор Кубатбек Байболов жана биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабановдун тегерегиндеги ызы-чуу окуялар талданат.

Макалада айтылган дагы бир маалымат – Бабановдун бир нече жыл мурун офшордук транш аркылуу 20 миллион доллар алышы. Бул жаңжал президенттик шайлоого аттанам деп турган Атамбаевге сокку, деп жазат Дубнов.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG